Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:56

Өзбекстанда абанын табы 43 градуска чейин көтөрүлүүдө


Ургенч шаары.
Ургенч шаары.

Өзбекстанда күн катуу ысып, рекорддук чектен аша баштады. "Узгидромет" ишканасы 1-июнда кабарлагандай, соңку күндөрү Бухара облусунда абанын температурасы 43 градуска чейин көтөрүлдү. Бул аймакта акыркы жолу 1967-жылы 40 градустан ашкан ысык болгон.

Ургенч шаарында деле ушундай эле аба ырайы катталды. Бул жерде мындай ысык 1933-жылы катталган.

Күндүн ысышы Өзбекстандын башка аймактарында да байкалууда. Күндүн табына байкоо салган адистердин божомолунда, мындай аба ырайы апта соңуна чейин сакталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG