Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Таласта Өмүрбек Бабановдун тарапташтары митингге чыкты


Талас шаары.
Талас шаары.

Талас облустук администрациянын имаратынын алдына экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун ондогон тарапташтары 1-июндун кечинде нааразылык акциясына чыгышты.

Алардын бири Адилет Токторбаев "Азаттыкка" билдиргендей, акцияга чыккандар тергөөнүн акыйкат жүргүзүлүшүн талап кылышты.

"Биз өлкө башчысына жана тийиштүү органдарга кайрылуу жолдогонго мажбур болуп жатабыз. Эмнеге "Кумтөр" кенинен мамлекетке 16 миң гектарды кайрып берген адам кармалышы керек? Бул деген адилетсиздик, акыйкатсыздык. Саясий мотив менен камалбашы керек, тергөө калыс өтүшүн талап кылып кайрылуу жолдодук. Эртең Бишкекке барар-барбасыбыз чечилет".

31-майда Өмүрбек Бабанов "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча кармалган.

Ушул эле күнү кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

Дагы бир экс-премьер-министр Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыккан. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG