Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:17

“Жомок китептен түшкөн пайдага мультфильм тартам”


Марлен Матназаров.

23 жаштагы Марлен Матназаров  балдар үчүн “Бай бала” деп аталган жомок китеп чыгарды. Анда жети жомок камтылып, 1000 нускада басылган.  Учурда балдар кандай жомокторго кызыгат? Жомок китептер гаджет дүйнөсүнөн алыстата алабы?

Матназаровдун “Бай бала” аттуу жомок китеби жеткинчектерди адамды сыйлоого, ынтымак менен достукта жашоого үндөйт. Китептеги жети жомоктун көпчүлүгүн автор өз фантазиясына жараша жазып чыкса, калганын эл ичинен уккан уламыштарды байытып, көркөмдөгөн. Марлен китеп тууралуу буларга токтолду:

“Мени таенем тарбиялап чоңойткон. Ал киши өзү уккан эски уламыштарды көп айтып берер эле. Мисалы, китептеги “Ташка айланып калган Карынбай” деген чыгарма Өзгөндүн Төөчү деген жеринде айтылып жүргөн уламыш. Мен андагы каармандардын окуяларын көркөмдөп, өз идеяларымды кошуп отуруп, жомокко айландырдым. Андан сырткары китептеги алты жомок турмуштагы окуяларды чагылдырып турат. Алардын кээ бирлери өзүмдүн башымдан өткөргөн окуялардан алынган”.

Марлендин "Бай бала" аттуу жомок китеби.
Марлендин "Бай бала" аттуу жомок китеби.

Жомоктордун ичинде “Сыйкырдуу жер жаңгак” аттуу чыгарма балдарды китеп окууга, билим алууга үндөйт. Азыркы муундун жеткинчектери гаджет дүйнөсүндө эс тартып жаткандыктан, аларды китепке тартуу кыйын экени белгилүү. Автор китеп чыгарарда эмнеге басым жасаары тууралуу да ой бөлүштү:

“Азыр чынында жаштарды китепке тартуу өтө кыйын. Анткени, смартфондогу оюндар алар үчүн китептеги окуяга караганда кызыктуу болушу мүмкүн. Ошондуктан мен мүмкүн болушунча китептин ички түзүлүшүнө, сүрөттөрүнө да жакшылап маани бердим. Алгач андагы тартылган сүрөттөр балдарды өзүнө тарта алса, жомок китеп да өзүнүн баалуулугун арттыра алат. Ал эми жомоктордун маанисине келсек, жеткинчектерди китепке тартуу үчүн айрым жомоктордо заманбап техникалар дагы аралашкан”.

Марлендин алгачкы китеби.
Марлендин алгачкы китеби.

Марлен мындан эки жыл мурда “Койчумандан 12 баян” аттуу жомок китеп чыгарып, ал анлгис тилине которулган. Бирок ал кыргыз коомчулугунда сатыкка коюлбастан, агартуучулук гана багытты көздөгөн. Кийин китептин электрондук вариантын Америкадагы дүйнөлүк “Амазон” интернет дүкөнүнө 1 доллардан жайгаштырып, сата баштаган. Ал эми “Бай бала китебин” автор коммерциялык багытта чыгарган экен:

“Мен китептен түшкөн каражатты коротпостон сактап коёюн деп жүрөм. Кийинчерээк, акча жакшылап чогулгандан кийин балдар үчүн муьтфильм тартууну көздөп жатам. Мультфильмди максаты жок тартпастан, кыргыздын баалуулугун даңазалаган окуяларды камтыгым келет. Анткени, баарыбыз билгендей, бул багыттагы мультфильмдер азырынча бизде жокко эсе. Мен азыр ушул ой-пландарымдын үстүндө кызуу иштеп жүрөм”.

Марлен учурда USAIDдин “Окуу керемет” долбоору менен биргеликте кыргыз мектептериндеги 1-4-класстардын окуучулары үчүн аңгеме-жомокторду жазып келет. Долбоордун негизинде анын 10 котормо жана төрт автордук электрондук китеби жарык көрдү. Ал башталгыч класстын окуучуларынын кызыгуусун анализдеп, ошого жараша жомоктун идеясын байытууну үйрөнгөнүн кошумчалады.

“SOS” коомдук фондунун балдар психологу Нуриза Батырбекова Z муундун өкүлдөрү маалыматты бат кабылдай турган артыкчылыкка ээ экенин, ошол эле маалда бул муунду техникадан бөлүп кароо мүмкүн эмес экенин белгиледи. Бирок аларга китеп дүйнөсү менен техниканы айкалыштырып жомок окутса болот деп эсептейт:

“Балдар маалыматты абдан бат кабылдайт. Керек болсо булардын кабылдоо талабы сегиз секунд сайын жаңы маалыматты билип турууну каалайт. Ошондой эле Z муундун балдары техниканын тилин жакшы билишет. Ошол эле кезде китеп менен да дос боло алышат. Мисалы, гаджетке байланган китептер бар. Жаңы муунду ошолор менен кызыктырсак болот. Булар сегиз жашка чейин уккан маалыматын кино сымал кабылдайт. Андыктан, мотивация, багыт берип, кызыктырып көрсөтүп, бай маалымат менен окутуу керек. Бул балдар сезимтал болгондуктан, чоң адам менен сүйлөшкөндөй пикир алышып, алардын кадыр-баркын кетирбөө керек. Ошондой эле булардын өз оюн дагы уга билишибиз маанилүү”.

Белгилүү балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев балдар адабияты өз нугунда баратканын баян кылды. А бирок мурункудай адабий сын, талкуулар болбогондуктан, жазуучулар өз казанында өзү кайнап, арасынан мыкты таланттар билинбей, унутта калып баратат деген ойдо:

“Бүгүнкү күндө улуттук балдар адабияты кандай абалда? Мурункулар кандай иштөөдө, жаңы авторлор кандай эмгектерди адабиятка берип жатышат? Албетте, азыр деле балдар адабияты жакшы нукта баратат деп ойлойм. Аксакал жазуучулардан Каныбек Жунушев жакында “Күн дүйнө” аттуу жыйнагын чыгарды, ошондой эле Токтосун Самудиновдун балдарга арналган китептери жарык көрүүдө. Орто муундагы акын-жазуучулардан Ысмайыл Кадыров, Аман Кармышаковдор түшүмдүү иштеп жатса, Исабек Токтогулов уламыштарды ырга айлантууда. Ал эми айымдардан Миргүл Наралиева, Батма Абдухамидова сыяктуу авторлор бар. Андан кийинки жаш муундан өз казанында кайнап жүргөн авторлор да көптүр. Бирок мурункудай жазуучулардын башы бириккен талкуулар болбой, ар ким өз китебин чыгарып-сатып, биз көбүн билбей калып жатабыз”.

“Бай бала” жомок китебинин автору Марлен Матназаров 1998-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айылында туулган. Учурда Борбор Азиядагы Америка Университетинде юриспруденция тармагынын магистратурасында 1-курста окуйт.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG