Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:24

Алысты жакындаткан адамдык


Баткен облусунун Самаркандек айыл өкмөтүндө кыргыз-тажик ымаласын чыңдоого багытталган "Достук" фестивалы. Аркан тартыш оюну. 2017-жыл. Архивдик сүрөт.

2006-жылдын кеч күзү. Туулган айылым Депшаарда бир жыл мурда ачкан башталгыч мектепти жетектөөнү кесиптешим Рустам агайга өткөрүп берген соң, «кыш бекерчиликте иштеп келейин» деп Дүйшөмбү шаарына жөнөп калдым. Бирок көңүлдүн түпкүрүндө билимимди дагы да тереңдетсем, компьютерди өздөштүрсөм, тажик тилин дурустап үйрөнсөм деген изги тилегим бар эле. Бул сырымды эч кимге ачык айтканым жок. Айылдын психологиясы башка. "Бишкекте беш жыл окуп келип эмнени кыйраттың? Эми кайда бармак элең?" дегендер да чыгат.

Тажикстан. Дүйшөмбү шаарындагы базарлардын бири.
Тажикстан. Дүйшөмбү шаарындагы базарлардын бири.

Дүйшөмбүнү он төрт жылдан бери көрө элек болчумун. Кыйла эле өзгөрүп кетиптир. Кара-Тегиндин картөшкөсү сатылчу, жергеталдыктардын кары-жашына белгилүү болгон айтылуу «3еленый базар» таанылгыстай өзгөрүптүр. Союз кезинде «экинчи нан» аталган картөшкөсү Жерге-Талдын тажик-кыргызын шаарга таанытып, «Жашыл базарды» көркүнө чыгарса, бул базар дыйкандардын багын ачар эле.

Ал мезгилде азыркыдай алып сатарлар жокко эсе, ар ким алган түшүмүн өзү сатчу. Бүгүнкүдөй жыйырма-отуз тонналап картөшкө албаса да, алты-жети киши он беш-жыйырма каптан бир унаага чогуу жүктөп барып сатып келишчү. Көрсө, ал кезде ынтымакчылык да, береке да бар экен. Адамдар барга да, жокко да топук кылышчу. Эми баары өзгөрдү…

Жарандык согуштан кийинки борбордун мага жакканы – бейпилдиги болду. Мейли түндө жүрөсүңбү, мейли күндүз жүрөсүңбү – сени менен эч кимдин иши жок. Милициясы дагы сыпайы. Бир да жолу мага орой сүйлөгөн же жөнү жок текшерген милиционерди көрбөдүм. (Дүйшөмбүдө азыр кандай болуп калганын билбейм, бирок чет жакаларда укук коргоо органдарынан запкы жеп арыздангандар тууралуу көп эле угуп жүрөм.) Ал эми шаардын булганычтыгы жакпады. Атүгүл канализациянын чуңкурларына да таштанды толтуруп салышкандарын көрдүм. Биз сыяктуу эле эгемендик алгандан кийин элеттиктер түп көтөрө шаарга агылып, а шаардыктар аларды тазалыкка, тартипке үйрөтө албай убара тартып жаткан маал экен. Айрыкча президент Эмомали Рахмон туулуп-өскөн Көлөп (Куляб) облусунан борборго көчүп келгендер көп тура.

Ондогон жылдар бозгунда жүрүп, тынчтык орногондо мекенине келген кайсы бир акындан (жаңылбасам, учурунда АКШга качкан Бозор Собир болсо керек): «Борбор кандай өзгөрүптүр?» - деп сурашканда, ал: «Дүйшөмбү мурда чакан Париж болчу, а азыр чоң Көлөпкө айланыптыр», – деп жооп берген экен. Албетте, ал кездеги Дүйшөмбү менен азыркы Дүйшөмбүнү салыштырууга болбойт. Учурдагы Дүйшөмбү – Борбор Азиядагы эң кооз жана таза шаарлардын бири.

Мен шаарга барганы барып алып, колумдан же устачылык келбей, же тажикчени жарытылуу билбей, бир топ кыйналдым. Дагы жакшы жергеталдык кыргыз балдар окучу – батирде ошолор менен чогуу жашадым. Менден мурдараак барган, мени менен бирге иштемекчи болгон эки шеригим буга чейин анча-мынча курулушта иштеген экен, бирөөлөргө кошулуп жумушка чыгып кетишти. А мен же жумуштан жок, же башкадан жок – чоң шаарда арасатта калдым. Ошондо менин башыма бир ой келди. Мен мектепте болгону бир жыл иштесем да, тарых, география сыяктуу сабактардан окуткан кыргыз мугалимдердин көпчүлүгү тажик тилинде жазылган китептерди жакшы түшүнбөй, катуу кыйналганын билчүмүн. Аталган китептер "жакын арада кыргызчага которулат экен, каражат бөлүнүптүр" деген сөздү кулагым чалган эле. Ошол ой башыма келгенде менде зор үмүт пайда болду. Тажикчени менден дурусураак билген бир студентти ээрчитип алып, Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигин издеп жөнөдүк. Эшигинен төрүнө чейин килем төшөп салышыптыр. Министрдин да аты-жөнү Рахмонов, өзү да президенттин жердеши экендигин уккан элем. Биз коридордо жүргөн бир кишиге кайрылып, келген максатыбызды түшүндүрдүк. Ал бизди атайын окуу китептери менен алектене турган башка мекемеге жөнөттү. Ал жерди да тез эле таптык. Кызыгы, ал мекеменин башчысы да президенттин жердеши болуп чыкты.

– Деректир Даңгарадан (Эмомали Рахмондун туулган жери – А.К.), – деди бизди башчынын кабинетине ээрчитип барган кызматкер, купуя сырды айтып жаткандай акырын шыбырап.

Деректир да, башкалар да бизди жылуу-жумшак кабыл алышты. Деректирдин орун басарынын кабинетинде турган кыргызча китептерди көрүп кадимкидей кубандым.

– Максатыңыз жакшы экен, – деди ал жылуу ырай менен. – Ооба, биз окуу китептерин кыргызчага которууну пландап жатабыз. Буга атайын каражат бөлүнгөн. Тарых, география китептеринен алып которо берсеңиз болот.

Мен ошол эле күнү академик Ахрор Мухтаровдун 8-класстар үчүн жазылган тарых китебин которууга бел байладым. Бирок катуу киришкеним менен, бир абзац да которо албай койдум. Менин ишенгеним тажикче окуган студент балдар эле. Көрсө, алар да фарсы тилин жарытылуу билбейт экен. Ошондо чындап башым катты. Кудай жалгап, эсиме мындан бир-эки жыл мурда биздин айылга барып, картошка, сабиз эгип, бир сезон дыйканчылык кылып келген гисарлык Азимжан аке түштү. Азимжан акенин кесиби экономист болсо да, адабият, маданияттан кабары бар, абдан окумал киши эле. Экөөбүздү жакындаштырган да ошол нерсе болду.

Мурда өзүнөн уккан дарек боюнча, дароо Азимжан акенин айылын издеп таптым. (Ал кезде чөнтөк телефон да жок). Шаардын эле чет жакасында турат экен. Ал-жай сурашкандан кийин, келген жайымды айттым. Ал киши мага жардам берүүгө чын ыкластан макул болду.

Эми ойлоп көрсөм, ойдо жок жерден конок болуп, Азимжан акени кыйла эле түйшүккө салган экенмин. Бирок өзүнүн да, аялынын да кабак-кашынан бир да жолу мени жактырбаганын байкабадым. Тескерисинче, колунда бар тамак-ашын берип, жан-алдары калбай сыйлашты.

Азимжан акенин айылы борборго жакын болсо да, Жерге-Талдагыдай жарык дайым берилбейт экен. Таңкы беште жанып, сегизден өтүп-өтпөй өчүп калат. Кечкисин да эки-үч саат берет. Азимжан аке күндүз үй тиричилиги менен алек болгондуктан, китепти таң эрте жана кечинде, свет өчкөнгө чейин котормокчу болдук.

Кыш түшүп, күн суук боло баштаган. Азимжан аке мени жайгаштырган бөлмөдө меш жок экен. Чыгымы көп болот деп, буу менен жылый турган мешин иштетпей коюптур.

Үшүтүп албайын деди көрүнөт, жапыс үстөлдүн астына электр жылыткычын коюп, үстүнө чоң одеяло жаап, дароо сандал сыяктуу бир нерсе жасап жиберди.

Илгери айылдарда карыган кемпир-чалдардын сандалы болор эле. Ал кезде азыркыдай жыгач ж.б. пол жок болгондуктан, үйдөгү кайсы бир бөлмөнүн ортосуна атайын сандал жасап, анын астынан эки карыш жерди бир аз оюп, ага кызарып турган чокту салып, сандалдын үстүнө чоң жууркан жаап, суук күндөрү үй-бүлө мүчөлөрү тегеректеп отурар эле. Эми ойлоп көрсөм, ден соолукка пайдалуу бул сандалдардын тарбиялык да мааниси чоң болгон экен. Алар ынтымак-ырашкерчиликтин да очогу болгон тура. А азыр ар бирибиз бирден бөлмөнү ээлеп, кечке телефон чукулап, кээде бири-бирибиз менен ишибиз да болбой калат.

Ошентип, Азимжан аке экөөбүз котормону баштадык. Күндө свет жанар замат, саар беште турабыз. Бети-колду жууп келип, котормого отурабыз. Университтетти артыкчылык менен бүтүргөнүн айтпаганда да, он үч жылдан бери Орусияга барып-келип жүргөн Азимжан акенин саал акценти эле болбосо, орусчаны мыкты билет экен. Тажикче сүйлөмдөрдү шар орусчага оодарат. Мен болсом дароо кыргызчалап дептерге түшүргөнгө аракет кылам. Экөөбүз үч саат бою баш көтөрбөй иштейбиз. Ал эми свет өчөр замат тамак келет. Эртең менен көбүнчөсү сүт кошулган куурма атала ичебиз. Өпкө ооруга шыпаа деп, куурма аталаны раматылык энем да көп жасачу. Негизи тажик аялдар аталанын бөлөк түрүн да абдан даамдуу жасайт. Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн кошуна өлкөдө жашап өткөн айтылуу этнограф Тайтөрө Батыркулов ава да бул жөнүндө «Тажиктин аталасы» деген эссесинде тамшанып жазганы бар.

Биздин айылда жүргөндө Азимжан аке мага түз, чынчыл эле эмес, ашкере жоош-момун адамдай да көрүнчү. Бирок үйүндө темирдей тартип бар экен. Кыздары да, аялы да алдынан кыя өтпөйт тура. Дегеле тажик туугандарда үй-бүлөдөгү эркектин, айрыкча атанын таасири, орду өзгөчө. Көбүнчө атанын айтканы айткан, дегени деген болот. Бул ага досумдун үйүндө жарым айдай жашап, кыздарынын атасына (үч кыз, бир уулу бар) каяша кылганды мындай кой, катуураак үн чыгарып сүйлөгөнүн укпадым. Алардын адеп-ыйбаасына, сылыктыгына тан койдум. Эгер мен отурган бөлмөгө күндө беш жолу киришсе, беш жолу салам айтып киришчү. А эшиктен келе жатсаң дароо четке чыгып, сага жол бергенге шашышат. Бул жагынан алганда биздин кыздардын алардан үйрөнө турган нерселери көп экен.

Азимжан акенин көмөгү менен котормонун негизги бөлүгүн он беш күндө бүттүм. Ал кишинин тиши өтпөгөн эски фарсы тилиндеги (арап сөздөрү басымдуулук кылган) тексттерди атайын адиске котортууга туура келди. Соң, батирге балдардын жанына барып, дагы беш-он күндө текстти бир сыйра баштан аяк иштеп чыктым да, эмгегимди тапшырып калем акы алмакка баягы мекемеге бардым. Тамашанын баары ошондо башталды.

Мен аларга даяр болгон кол жазманы көрсөтсөм:

– Биз каражатты районуңарга жибергенбиз, эмгек акыңызды ошол жактан барып алсаңыз болот, кол жазманы да ошолорго бересиз, – дешти.

Ал эми райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысынан «каражат бир-эки китепти которуп чыгаруу үчүн гана бөлүнүптүр. Ал акчаны биз өз максатына жумшадык» деген сөздү укканда не дээримди билбей сенейип отуруп калдым. Баёо жаным, ишти баштаардан мурда келишим түзүү керектиги оюма да келбептир. Ошентип, аз да болсо кыргыз мугалимдерге пайдам тийсин деген ниетте аткарган ишимдин акыбети кайтпай, Азимжан аке экөөбүздүн эмгегибиз талаага кетти. Эң жаманы, кийин ал кол жазманы жоготуп ийгеним болду. Бирок мен азыр ага өкүнбөйм, анткени мен Азимжан акенин үйүндө он беш күн жашап, меймандостуктун, адамгерчиликтин чыныгы үлгүсүн көрдүм. А адам баласы үчүн мындан өткөн кымбат нерсе жок.

Аким Кожоев, жазуучу

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG