Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Бишкек тажикстандык учакты артка кайтарды


"Манас" аэропорту. Бишкек.
"Манас" аэропорту. Бишкек.

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 177 жаран кайра артка жөнөтүлдү. Алар менен чогуу келген тогуз чет элдик адам өлкөгө киргизилип, тажик жарандары өткөрүлгөн жок.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова бул чара кыргыз-тажик чек арасынын убактылуу жабылганына байланыштуу экенин айтты.

25-майда түнкүсүн Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясы менен Кыргызстанга учуп келген жүргүнчүлөр киргизилбей жатканын тажик басылмалары жазышкан.

Кыргызстан 24-майдан тарта коңшулаш Тажикстан менен чек арасын убактылуу "толук" жапканы белгилүү болгон.

Бирок буга чейин тажикстандыктар Кыргызстандагы аэропорттор аркылуу дээрлик күн сайын Орусиянын түрдүү аймактарына учуп турушкан.

Бишкектеги аэропорт аркылуу учкан учак.
Бишкектеги аэропорт аркылуу учкан учак.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, кайсы бир убакытка чейин болушуна, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" киргизилген.

"Бүгүнкү күндө биз үчүн чек ара маселеси – эң маанилүү маселелердин бири. Бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда. Биз аны сөзсүз түрдө чечебиз. Көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Чек ара маселесин чечүү үчүн күч-аракеттер жумшалууда. Делимитация жана демаркация иштери аркылуу биз чек араны чыңдоо максатын койдук. Ал үчүн зарыл иштер аткарылып жатат. Бул жаатта жергиликтүү тургундардын ролу чоң. Ошондуктан элди сабырдуулукка чакырам”, - деген Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.

Жабылган чек арадан дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эки өлкөнүн расмий органдарынан уруксат алган адамдар, эки өлкөнүн мекенине кайтып бараткан жарандары гана тоскоолдуксуз өтө алары маалымдалган.

Ага ылайык, Баткен облусундагы төрт чек ара бекети, Чоң-Алай районундагы бир чек ара бекети жабылган.

“Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду-автожол”, “Кайрагач-автожол”, “Кызыл-Бел-автожол”, “Бордөбө-автожол” жана “Карамык-автожол” бекеттерине убактылуу чектөө киргизилген. Ага ылайык, аталган чек ара бекеттеринен адамдар, транспорт каражаттары, жүк өткөрүлбөйт”, - деп билдирген Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева.

Тажикстандын расмий органдары кыргыз бийлигинин чек арадагы кыймылды чектөө жаатындагы соңку чечими тууралуу пикирлерин билдире элек.

Бишкектеги тажик консулу Абубакр Шодиев "Озоди" радиосуна маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылганын, бирок кыргыз бийлиги «Сомон Эйр» артка кайтышы керектигин айтканын билдирген.

28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG