Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:29

Мамасалиева: Баткенде башкалкасыз калгандар арасында нааразылык бар


Гүлгакы Мамасалиева.

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуя учурунда талкаланган үйлөрдү, социалдык объекттерди калыбына келтирүү иштерине мониторинг жүргүзгөн топтун мүчөсү, «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Сиздер Баткендеги калыбына келтирүү иштерине мониторинг жүргүзүп келдиңиздер. Айтсаңыз, азыр курулуш иштери кайсы деңгээлде жүрүп жатат?

Гүлгаакы Мамасалиева: Үйлөрдүн калдыктарынын баарын тазалап, пайдубалдарды толугу менен салып бүтүштү. Эми Түркиядан келе турган сип-панелдерди күтүп жатышат, аларды ушул аптадан тартып орното башташат. Бул курала турган үйлөр экен. Курап, кайра чечип, кийин башка жерге орнотсо да болот экен.

"Азаттык": Сиздер кайсы айылдарда болдуңуздар?

Гүлгаакы Мамасалиева: Турак жайы жабыркаган айылдардын баарында эле болдук. Баткен, Лейлек райондорунун айылдарында. Күйүп кеткен үйлөрдүн көпчүлүгү Лейлек районунун Максат айылында – 83 үй. Ошол жакта болдук. Баткен районундагы Достук, Таш-Тумшук айылдарына бардык.

"Азаттык": Курулуштун сапаты кандай болуп жатыптыр, себеби эл нааразы деген пикирлер айтылууда?

Гүлгаакы Мамасалиева: Элдин нааразы болгону – капиталдык курулуш жүрбөгөнү. Себеби, бышкан кыштан, таштан салынган, шамалга жана селге туруштук бере алган үйлөргө көнүп калганбыз да. “Ошондой үйлөр болсо, биз өзүбүздү корголгондой сезет элек” деп жатышат. Азыркы салынып жаткан үйлөрдү “финн үйү” деп коет, жеңил конструкциядагы сип-панелден курала турган үйлөр. Мурдагы үйү анча бекем эмес салынган, аянты азыраак болгон тургундарга бул үйлөр жагып жатат. Ал эми мурдагы үйү кыштан салынган, эки кабат болгон, чарчы метри көбүрөөк үйлөрдүн ээлери уттурганын айтып жатышат. Баары эле нааразы деп айта албайбыз, бирок көпчүлүк ошондой нааразычылыгын билдирүүдө. “Бир үйдү салып бүтүшсүн, көрөлү. Ошого жараша жыйынтык чыгаралы” дегендер да бар. Арасында “Бизге жертөлөсү бар үйлөр керек эле” дегендер чыгат. Себеби, “финн үйүндө” жертөлө каралбайт экен, пайдубалы төмөн, 25 эле сантиметр. Тургундар жана коомдук уюмдар талап кылып жатып, селге туруштук бериш үчүн деп пайдубалдын бийиктигин жарым метрге чейин көтөрттүк. Жердин кыртышына жараша дагы көтөрөрүн айтышты. Бул үйлөр өрткө туруштук бере албайт экен. Кемчилиги ошол. “Жеңил, шамал болсо учуруп кетпейби, өрт чыкса күйүп кетпейби?” деген суроолор болуп жатат. Ал эми жылуулук боюнча кыштан салынган үйдөй эле жылуу болот экен. Мындан тышкары коммуникация боюнча суроолор бар. Буларга заманбап үйлөр салынарын, ваннасы, ажаатканасы ичинде болорун айтышкан, бирок канализация жок болсо аларды кандайча улаштырышат, чоң суроо. Сип-панел дегендерди туурасына, узунуна жараша алып келип курап коюшат экен. Бир үй эки жумада эле куруларын айтышты. Түркиянын өзүнүн долбоорлоочу адистери келип курашат. Биздин жергиликтүү компания пайдубал салуу менен гана алектенүүдө.

"Азаттык": Салына турган үйлөр канча бөлмөлүү болгону жатат?

Гүлгаакы Мамасалиева: Төрт бөлмөлүү. Аянты 123 чарчы метр болот экен.

"Азаттык": Үйлөр Лейлекте да, Баткен районунда да талкаланды эле. Баткен районунда да курулуш башталыптырбы?

Гүлгаакы Мамасалиева: Баткен районунда бир апта кечигүү бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Лейлек районундагы тазалоо иштерин толук бүткөндөн кийин Баткен районуна өткөн. Бул райондо окуяда жакындары каза болгон үй-бүлөлөр үчүн үйлөрдү жергиликтүү компаниялар салып жатышат. Алар бышкан кыштан салышат окшойт. 36 үйдү 3-6 айда куруп бүтөрүн айтышты. Ал эми сип-панелдерге бийлик кызыгып жаткан себеби, “Күн ысык болот, жаан жаайт, андан көрө үйлөрдү эки айда бүтүрүп, киргизип коелу” деген окшойт. Бирок жергиликтүү тургундар “Үч-төрт ай болсо деле чыдайт элек. Бизге андан көрө кепилденген, коопсуз үйлөрдү тургузуп беришсе болмок” деген ойлорду айтышууда.

"Азаттык": Бийлик үйлөрдү эки айдын ичинде куруп бүтүрөрүн убада кылды эле. Ошол мөөнөттө бүтө алчудайбы?

Гүлгаакы Мамасалиева: Эки айда үлгүрбөйт го. Үч айга барат.

"Азаттык": Үйлөрдүн курулушунан тышкары элде дагы кандай көйгөйлөр бар экен?

Гүлгаакы Мамасалиева: Гуманитардык жардам барса кээ бирлери укса, кээ бирлери укпай калат экен. Маалымат өз убагында жетпегени алардын арасында коркуу сезимин, стресс жаратууда. Биз бийлик өкүлдөрүнө өзүнчө маалымат порталын ачып,басма сөз кызмат жалаң эле чек арадагы абал эмес, калыбына келтирүү жараяндары боюнча да күнүгө байма-бай маалымат берип турса жакшы болорун айттык. Анткени, азыр телевизор да жок. Эл маалыматты “Ватсап” аркылуу эле алып жатыптыр. Мүдөөсүн булар айыл башчыга айтышат экен. Айыл башчы эстесе эстейт, эстебесе жеткирбейт. Ошондой кыйынчылыктар бар. Психо-социалдык жардам да керек. Мындан тышкары, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кандайдыр бир жеңилдик болобу-жокпу, ошону сурап, “Биздин балдар ЖРТга жакшы даярдана албай калышты, Билим берүү жана илим министрлиги Лейлек жана Баткен райондорунун бүтүрүүчүлөрүнө балл жагынан колдоо көрсөтсө” деп жатышат.

"Азаттык": Эл азыр кайда жашап жатат? Алар убактылуу жайгаштырылган чатырларда шарт барбы?

Гүлгаакы Мамасалиева: Лейлек тараптагылар ӨКМ тараткан, ал эми Баткен районундагылар "Кызыл Ай" коому берген чатырларда жашап жатышат. "Кызыл Ай" коомунун үйлөрү жакшынакай. Ар бир үй-бүлөгө үйдөн тышкары эмерек кое турган чатыр коюп берген. Алар шамалга, ысыкка жана суука туруштук бере алат. Баткен районунда ар бир үй-бүлөгө берилсе, Лейлекте биригип бир чатырда же кыргыз үйдө жашашат экен. Мисалы, бир айылда 18 үй-бүлө эки чатырга жайгаштырылган. Мындай шартта санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жүргүзгөн иши начар болууда. Коронавируска каршы эмдөөдөн биринчи кезекте ошол тургундарды өткөрүш керек эле, бирок бирөө да вакцина ала элек. Дагы бир көйгөй – ажааткананын жоктугу. Орто-Боз айылында, мисалы, адамдар ар ыңгайлуу жерге эле барууга аргасыз болууда. Лейлек районунун Максат айылында өз короосундагы анча-мынча ажааткана сакталып калган болсо ошол жакка барып жатышат, сакталып калбаган болсо аларда да санитардык муктаждык аябай чоң.

"Азаттык": Элдин үйүнөн тышкары бир канча социалдык объектилер талкаланды эле. Алардын да курулушу башталдыбы?

Гүлгаакы Мамасалиева: Азыр алардын канчасы талкаланганын атайын чыгымды аныктоочу комиссия эсептеп жатат. Жарандык коом өкүлдөрү ал комиссиянын курамына кирбей калган. Ошондуктан чыгымдын көлөмү тууралуу айтуу бизге кыйыныраак болууда.Социалдык объекттердин канчасы ураганы белгилүү, бирок аларды калыбына келтирүү үчүн канча акча сарпталганын айтуу кыйын. Мисалы, Каржы министрлигиндеги эсепке 85 миллион сом топтолгону айтылууда, бирок ошол каражат эмнеге сарпталды же сарпталганы жатканы тууралуу маалымат жок. Үйлөрдү курууга 200 миллион сом сарпталганы айтылды. Бирок ал боюнча да маалымат жок. Себеби, сип-панелдер бизге Түркиядан жардам иретинде келди. Биздин байкашыбызча, азыр турак жай курууга бир да тыйын кете элек. Кытайдан да жардам келери айтылган. Мамлекеттен каралган акча, элден чогулган жардам, ошолор боюнча ачык маалымат жок. Ал ачык жарыяланса суроо берүүгө шарт түзүлөт эле. Азырынча андай шарт жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG