Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Коомдук ишмерлер Орхан Инанды тууралуу бийликке кайрылды


Жоголгон Орхан Инанды.
Жоголгон Орхан Инанды.

Кыргызстанда Роза Айтматова, Ишенгүл Болжурова, Тынчтыкбек Чоротегин баштаган коомдук ишмерлер, окумуштуу-илимпоздор жана укук коргоочулар Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу бийликке кайрылуу жолдошту. Анда дайын-дареги билинбей жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсүн чукул арада табууга чакырышты.

Атуулдук көзөмөл комитети "Кыргызстандын аймагында анын ар бир жараны мамлекеттин коргоосунда болушу керектигин" эскертти.

"Орхан Инанды Кыргызстандын атуулдугун алгандан кийин көз карандысыз, укуктук, демократиялык мамлекет катары анын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл. Кокус мындай болбосо Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кесипкөй эместиги, алсыздыгы далилденип, түрк бийлигине жакпаган тараптарды жок кылууга көмөк көрсөттү деген шек туудурат", - деп жазылган билдирүүдө.

Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, "Ататүрк-Алатоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG