Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Текебаев: Кумтөр ишинде бийликтин аракетин колдойм


Өмүрбек Текебаев. 2021-жыл.
Өмүрбек Текебаев. 2021-жыл.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Кумтөр иши" улуттук ар-намыс маселеси экенин айтты. Ал мындай пикирин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирди.

"Кумтөрдө" акча гана эмес, кеп улуттук ар-намыс, кадыр-барк жөнүндө болуп жатат. Жеке компания келип алып кыргыз мамлекетин, президентин, өкмөтүн 20 жыл жетеледи. Мындан кийин дагы жетелеп жүрө береби же бир күнү токтот деп айта алабызбы? Бүгүнкү бийликтин мага жакпаган жери көп, бирок Кумтөргө байланыштуу чечкиндүү кадамга барып, улутташтырууга карай багыт алганын колдойм жана коргойм".

Кыргызстан "Кумтөр Голд" компаниясын убактылуу өзү иштете баштады. Башкаруунун мындай формасы үч айга созулуп, зарыл болсо дагы үч айга узартылат.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын андагы үлүшү 26% түзөт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG