Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Миграция кесепети - кор болгон балдар


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ата-энеси иш издеп кеткен мигранттардын балдары зордук-зомбулукка кабылып, ур-токмоктон көз жумган учурлар токтобой келет.

Эки жума мурда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда токмоктон каза болгон үч жаштагы баланын энесинин дайыны чыга элек.

15-майда бала ооруканага эстен танган абалда жеткирилип, эки-үч сааттан кийин чарчап калган. Текшерүүлөрдө наристенин баш сөөгү жабыркап, денесине кан уюп калганы аныкталган. Баланы апасы тууганына калтырып, Орусияга ишке кеткени кабарланган.

Жети-Өгүз райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева баланын энеси алигиче табылбай жатканын билдирди.

"Үч жашар баланы алысыраак эле туугандары Сокулуктан алып келди, реанимацияга түшкөндө чарчап калды. Баланы баккан келин тергөөдө баланын өз энеси Орусияга кеткенин айткан. Эми ал Кыргызстанда эле жүргөнү аныкталып жатат. Тергөөчүлөр жүргөн жерин аныкташканын айтып жатат. Азырынча ал аялдын жоопкерчилиги, башка балдары жана алар каякта жүргөнү боюнча так маалымат жок. Баары такталганда тиешелүү чараларды көрөбүз. Булар баланы Сокулуктан жакында эле алып келгендиктен, биз үймө-үй кыдырганда бала каттоого алынбай калган. Өздөрү да баланы айыл өкмөткө алып барып каттоодон өткөргөн эмес, саламаттыгына көзөмөл салуу үчүн ооруканага да алып барышкан эмес".

Наристени токмоктоду деген шек менен баланы эки айдан бери багып жаткан 33 жаштагы келин кармалып, эки айга камалган. Айрым маалыматтар боюнча ал баланын энесине кудача же алыс тууган болгон.

Ата-энеси тууган-туушкан, жек-жааттын камкордугуна таштап кеткен мигранттардын балдары психикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылып, ур-токмоктон мерт кеткен учурлар четтен чыгат.

Былтыр январда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ур-токмоктон он бир айлык ымыркай көз жумган. Апасы баланы туугандарына таштап, Түркияда миграцияда жүргөн.

Ушул эле айда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда атасы туугандарына таштап, Орусияга ишке кеткен үч жаштагы наристе ур-токмокко кабылып, жарыкчылык менен кош айтышкан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде аймактарда аялуу топко айланган мигранттардын балдарын камкордукка алуу аракеттери күчөтүлүп жатканын айтышты.

Быйыл үч айда Кыргызстанда ата-энеси ички жана тышкы эмгек миграциясында жүргөн 83 миң 197 бала каттоого алынган. 1,5 миңден ашуун бала бул күндө жашоо шарты оор, кооптуу жана аялуу абалда күн көрүүдө.

“Турмуштук абалы оор үй-бүлөдөгү балдар тууралуу маалыматтар ар жактан түшөт. Министрликтин ишеним телефону бар, ал жактан кабарлашат. Мындан тышкары, жер-жерлерде социалдык кызматкерлер үймө-үй кыдырып, кароосуз калган же камкордукка муктаж балдарды каттоого алат. 2021-жылдын биринчи кварталында 1457 бала ушундай оор шартка кабылганы аныкталып, аларга жардам берүү боюнча пландар иштелип жатат. Жыл башынан бери 83 миңден ашуун мигранттын баласы каттоого алынган. Алардын 67 миңден ашууну тышка чыгып кеткен мигранттардын, калгандары ички мигранттардын балдары”, - деди министрликтин адиси Кымбат Кадыралиева.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, учурда Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык 18 жашка чейинки бала бар. ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, ар бир төртүнчү бала жетишпеген турмушта жашап, бала чагынан оор жумуштарды жасоого аргасыз. 14 жашка чейинки балдардын 70 пайызы зомбулуктун ар кайсы түрүнөн жапа чегип келет. Эки жыл мурда ЮНИСЕФ балдар фондунун иликтөөсүндө өлкөдө 280 миңдей бала ата-эненин көзөмөлү жок, камкордуктан тышкары өсүп жатканы айтылган.

Москвадагы коомдук ишмер Аниса Жээнбекова мигранттар балдарын мекенге чоочундарга таштап кетүүгө аргасыз болуп жатканын белгиледи.

"Кыргызстанда жүргөнүмө он күн болду. Колунда барларды эске албаганда, элдин көбү алып-сатуу менен жан сактап жатат. Өндүрүш, жумуш орундары жок. Жогорку билимдүү, кесиби барлардын айлыгы өтө төмөн. Эң жөнөкөй муктаждыктарды жаба албайт. Анан адамдар бир гана Орусияга эмес, башка өлкөлөргө да баарына кайыл болуп, чыгып кетүүдө. Миграцияга жаңы чыгып жаткандар абалдарын эмне кылат? «Айына 100 доллар салып турам» деп убада кылып, балдарын чоочун бирөөлөргө эле таштап кетип жаткандарды көрдүм. Баланы буюм көрүп жатышат. Коомдо балага болгон мамиле, мамлекеттик камкордук өзгөрмөйүнчө, бул абал оңолбойт".

Кыргыз өкмөтүнүн расмий маалыматтарына ылайык, чет өлкөлөрдө 1 миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек миграциясында. Алардын басымдуусу Орусияда жүрөт.

Калктын аялуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү фондунун жетекчиси Зейнеп Эшмуратова өлкөдө балдарга зомбулукту социалдык кызматкерлерди күчтөндүрүү жана жергиликтүү бийликке жоопкерчилик жүктөө менен токтотууга мүмкүн деген ишенимде.

“Пандемия маалында мигранттардын балдары менен иштегенбиз. Ошол кезде он беш суицид аракети болгон, үч өспүрүм өз жанын кыйган. Ондон ашык зомбулук катталган. Мунун баары мигранттардын балдарына тиешелүү. Кыргызстанда бул көйгөйлөрдү алдын алуунун механизмдери иштелип чыккан эмес. Балдар менен иштеген мамлекеттик органдарды күчтөндүрүү керек. Социалдык кызматкерлердин макамын жогорулатып, ыйгарым укуктарын кеңейтүү абзел. Балдарга зомбулукту алдын алуу үчүн жер-жерлердеги бийликке жоопкерчилик жүктөлүшү керек. Мисалы, айыл өкмөттөрү ошол аймактагы балдарды карап, пландуу иш жүргүзгөнү оң. Мындай системалуу иш болбосо, биз бир жыйынтыкка жете албайбыз”, - деген Эшмуратова мындай кадамдар тиешелүү мыйзам, жол-жоболор менен бекитилишин белгилейт.

Жогору Кеңеште 2015-жылы кабыл алынган Балдар кодексинин жаңы долбоору биринчи окуудан өткөн. Анда ата-энелердин жоопкерчилиги, баланы социалдык коргоонун механизмдери, жардамга муктаж балдарды аныктап, карап туруу жолдору күчөтүлгөн.

Ошондой эле балдарын туугандарга же тааныштарга калтырып, сыртка миграцияга чыгып бараткан ата-энелерден баланы убактылуу кароого бир тарапка расмий ишеним кат толтурууга милдеттендирүү жобосу киргизилген. Үч жашка чейин балдарды чоочун адамдарга таштоого тыюу салынып, тиешелүү административдик чаралар каралган.

27-майда Жогору Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин өкүлү Алмаз Абытов Балдар кодексинин жаңы долбоорун кабыл алып, аны ишке ашырууга каражаттын тартыштыгын негиз кылып, муну токтото турууну сунуштаган. Буга депутаттар нааразылык билдирип, документти кабыл алууну талап кылган.

Москва: Өрттөн мигранттын эки кызынын өмүрү кыйылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:34 0:00

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG