Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп Жыпариса Рысбекова дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жыпариса Рысбекова дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын жаңы Конституциясына ылайык, президенттин аппаратына караштуу Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы пайда болгон. Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койгон.

Коронавирус пандемиясынын кесепетинен Кыргызстанда адам укугу жаатындагы абал начарлады. Укук коргоочулар өзгөчө балдардын, аялдардын жана жабык жайлардагы адамдардын укугу көбүрөөк тебеленгенин белгилешет.

ИИМдин маалыматына караганда, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 9025 факты катталып, анын 10% гана сотко өткөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG