Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Жыл башынан бери жол кырсыгынан 17 бала каза болуп, 500дөн ашыгы жараат алды


Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.

Ушул жылдын башынан бери Кыргызстанда балдар катышкан 512 жол кырсыгы катталып, андан 17 бала каза болду, 500дөн ашыгы ар кандай жараат алган.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдады.

Жол кыймылын тескөө башкармалыгы акыркы учурда балдар автоунаада жүргүнчү катары келе жатып жабыркаган учурлар көбөйгөнүн коңгуроо кагууда.

“Ата-энелердин кайдыгерлигинен жана балдарды ташууда айдоочулардын атайын эрежелерди сактабагандыгынан улам балдар каза болгон жана оор жараат алган учурлар катталууда. Жолдо ылдамдыкты ашырып айдап, балдарды ташууда коопсуздук курун же болбосо атайын жабдууларды колдонушпайт. Ата-энелер жол тилкелерин балдарын жетелеп алып туура эмес, коопсуз жерлерден өтөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жол кыймылын тескөө башкармалыгы жарандардын кайдыгерлигинен жаш өмүрлөр кыйылып жатканын белгилейт.

ИИМ жол кырсыгы тууралуу 2021-жылдын алгачкы үч айынын статистикасын чыгара элек. Расмий маалыматка ылайык, былтыр өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 киши мерт болгон. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 8% чейин төмөн болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG