Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Москвада кыргызстандык эки секелек өрттө набыт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада кыргызстандык мигрант үй-бүлөнүн 4 жана 5 жаштагы эки кызы өрттө каза болду. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Усубакунова алардын сөөгүн мекенине жөнөтүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Окуя 22-майда болгон. "Азаттык" кыздары набыт болгон Кеңешбек Калмурзаевдин бир тууганы Уулкыз Калмурзаева менен байланышты. Ал сиңдери таенесинин карамагында болгонун, балдар үйдө жалгыз калган учурда өрт чыкканын билдирди. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз.

Алар Сузактын Жалгыз-Жаңгак деген айылдын тургундары. Кыргызстандагы туугандары окуядан кабардар.

Сөөктөр азырынча Москвадагы оорукананын өлүкканасында. Аларды мекенине жеткирүү үчүн жакындары элден жардам сураган. Москвадагы кыргызстандык мигранттардын уюмдары акча чогултууда.

Жардам берүү үчүн Уулкыз Калмурзаева эсебине (Сбербанк) каражат которсо болот: 4279 3806 7565 2913.

Байланыш телефону: +79309751711.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө каза болгон мекендештердин сөөгү мамлекеттин эсебинен өлкөгө алып келинери тууралуу 25-майда расмий билдирүү тараткан.

XS
SM
MD
LG