Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:47

Ала качуу: иштебеген берене, кыйылган өмүрлөр


Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.

«Азаттык» жана «Клооптун» журналисттери ачык булактардагы расмий маалыматтарды анализдеп, «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси (175-берене) дээрлик иштебейт деген жыйынтыкка келишти.

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекова никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалган.

Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өмүрүнө кол салган. Өлүм менен аяктаган ала качуу өлкөдө үч жыл мурун да орун алган - анда 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын өмүрү кыйылган.

Айзаданын өлүмү коомчулукта нааразылык жараткан. Бийликке сын айтылып жаткан маалда баш прокурор Курманкул Зулушев кыздарды никеге турууга мажбурлоо үчүн уурдоо жазасы катаалдашарын билдирген.

«Азаттык» жана «Клооптун» журналисттери ачык булактардагы расмий маалыматтарды анализдеп, «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси (175-берене) дээрлик иштебейт деген жыйынтыкка келишти.

Иштер сотко дээрлик жетпейт

Буга чейин кыргыз бийлиги кыз-келиндерди уурдагандарга жазаны эки ирет күчөткөн. 2013-жылы жаза катаалдашкан. Эгерде ага чейин кылмышкер үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн болсо, реформадан кийин жети жылга кесилиши мүмкүн эле. 2019-жылы аталган берене боюнча кылмышкерди 10 жылга чейин камоо каралган.

Муну менен уурдоо азаят деп күтүлгөн. Иш жүзүндө андай болгон жок, уурдоо фактыларды мурдагыдай эле санда катталып, сотко жеткен иштердин саны эки эсе азайды.

Инфографика

Кылмыш «өзгөчө оор» деп саналат жана кылмыш ишин жабырлануучунун тосмо арызы менен эле кыскартууга болбойт. Бирок бул иш жүзүндө иштебейт. Жазык кодексинин 175-беренеси менен 2019-жылы катталган 233 иштин 6%, 2020-жылы катталган 210 иштин 5% гана сотко жеткен.

Жактоочу Наргиза Абдумуминова тергөөчүлөр адам уурдоону (ала качууну) кылмыш эмес, салт деп эсептешкендиктен иштер кыскарып жатат деген пикирде. Анын айтымында, тергөө маалында алар жабырлануучунун көрсөтмөсүн өзгөртүүгө шарт түзүп, ишти башка «өзгөчө оор эмес» берене менен каттап коюшат.

«Кыздар өздөрү уурдоо болгон жок деп калп айтканга аргасыз болушат. Аларга айыпталуучунун жакындары гана эмес, өзүнүн ата-энеси, туугандары да басым кылат», — дейт «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова.

Ар бир бешинчи киши гана абак жазасына тартылат

2016-жылдан 2020-жылга чейин сотко жеткен 43 ишти изилдеп чыгып, алардын ичинен тогуз айыпталуучу гана абак жазасына тартылганын аныктадык. Алар жарым жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылган.

Бир гана Марс Бөдөшев 20 жылга камалган. Бөдөшев 2018-жылы 19 жашар Бурулай Турдалы кызынын артынан түшүп, эки ирет уурдаган. Кыз милициянын имаратында өлтүргөн.

Эмнеге адам уурдагандар аз камалат?

Жактоочу Наргиза Абдумуминованын айтуусунда, көп учурда уурдалган кыздар сот отурумунда да көрсөтмөсүн өзгөртүп, айыпталуучуларга карата «доом жок» деген көрсөтмө берип коюшат.

Муну Кыргызстандагы кыздарга жана аялдарга карата соттук практика боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы да тастыктайт. Изилдөөчүлөр ала качуу боюнча иштердин көпчүлүгү жабырлануучу тагылган айыпты колдоодон баш тарткандыктан кыскартып кеткенин белгилешет.

Уурдалганына карабастан сотто айып тагуудан баш тарткан кыздар:

Пикир: Жазаны күчөтүү коррупцияга жол ачат

«Жазаны күчөтүү жардам берет деп ойлобойм. Эгер кызга башка зомбулук көрсөтүлбөй ала качуу менен гана чектелсе, 7,5 жылдык жаза жетет. Эгер бул жазаны 10 жылга күчөтөм десе коррупцияга эле жол ачылат. Эгер азыр болбогон акча менен мындай иштерди сүйлөшүп бүтүрүшсө, катаалдаштыргандан кийин “ставкасы” эле чоңоёт. Башка өзгөрүү болбойт. Кыздарды уурдоо азайсын десек, тергөө органдары өз функцияларын мыйзам чегинде аткарышы керек. Ал эми прокуратура органдары ар бир ишти текшерип, бузууларды аныктап чыгышы керек», - дейт ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын үй-бүлөсүн коргогон адвокат Наргиза Абдумуминова.

Ал прокуратура тергөөнү көзөмөлдөп турушу керек деп эсептейт, бирок Кыргызстанда иш жүзүндө мындай болбой жатканын айтты.

«Прокуратура материал келгенден кийин толугу менен башынан аягына чейин окуп чыгып, сураштырып-сүрүштүрүп, кемчиликтерин толуктатыш керек. Ошондо мыйзамсыз кыскартылып кеткен иштердин жок дегенде жарымынын жүзү ачылмак», - дейт адвокат.

Авторлору: Айбике Адилет кызы, Дастан Үмөтбай уулу, Элвира Султанмурат кызы

Дата-редактор: Чолпон Узакбаева

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү.

Программанын ментору — Андрей Дорожный.

Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз эле «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG