Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Инандыны тапкандарга сый акы жарыяланды


"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандардын Жогорку Кеңештин астындагы митинги. 03.06.2021
"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандардын Жогорку Кеңештин астындагы митинги. 03.06.2021

Дайынсыз жоголгон "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны тапкандарга бүтүрүүчүлөрдүн атынан бир милион доллар сый акы берилет.

Бул тууралуу 4-июнда өкмөт үйүнүн алдында өтүп жаткан митинг учурунда аталган окуу жайынын бүтүрүүчүсү Нурсултан Майназаров билдирди.

Төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны табууну талап кылгандар 4-июнда дагы өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.

Инандыны табууну талап кылгандар 1-2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында митинг өткөргөн. Алар 3-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулган.

Түрк мугалиминин тарапташтары кыргыз бийлигин Инандыны табууга жетиштүү аракет көрбөй жатат деп айыптап, күн сайын нааразылык акцияларга чыгып жатышат.

Буг чейин тар чөйрөдө гана белгилүү болгон Орхан Инандынын жоголушу талкуу жаратты. 31-майдан бери дайын-дареги чыкпай жаткан түрк мугалимин ИИМдин ыкчам тобу издеп, аларга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жардамга келгени менен азырынча жыйынтык жок.

Орхан Инанды Кыргызстандабы же чет өлкөгө чыгарылып кетиши мүмкүнбү, кандай илинчектер бар алдын-ала маалымат бериле элек. Буга нааразы болгон мугалимдин тарапташ-санаалаштары 3-июнда да митингге чыгып, Жогорку Кеңештин алдына барышты.

Акцияга катышкан “Сапат” билим берүү мекемесинин директорунун орун басары Амирбек Султанмуратов издөөдөн майнап чыкпай жатканына кейиди.

“Окуяга үч күн болду. Бул маселенин ушунча убакыт кечиккени бизди тынчсыздандырат. Биз укук коргоо органдарынан ишти тезирээк карап, жыйынтык чыгарып, оң жагына чечип берүүнү талап кылап жатабыз. Бул иш аябай эле кечикти. Биз бир да мамлекеттик органдардан тиешелүү жоопторду ала албай турабыз”.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандардын Жогорку Кеңештин астындагы митинги. 03.06.2021
"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандардын Жогорку Кеңештин астындагы митинги. 03.06.2021

Милиция Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоого байланыштуу бардык аракет көрүлүп жатканын билдирүү менен чектелди. Окуя ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экени айтылган.

Орхан Инанды жоголгон күндүн эртеси, 1-июнда эле президент Садыр Жапаров да көңүл буруп издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган. "Сапат" лицейинин бүтүрүүчүсү Темирбек Ажыкуловдун пикиринде, Инандынын издөөдө бүдөмүк жагдайлар көп.

“Эч кандай маалымат жок, түшүнүксүз эле нерселер болуп жатат. “Орхан Инанды ушул жерде болушу мүмкүн” деген божомол да жок. Албетте, бул укук коргоо органдарынын ички иши болушу мүмкүн. Биздин талап - издөө иштерин күчөтсө деген эле ой. Бишкекте “Коопсуз шаар” деген долбоор иштейт. Ошону колдонушпайбы. Орхан Инандынын табылышына кичине болсо да үмүт барбы, ушул суроого да жооп жок”.

Орхан Инандынын табылышын талап кылгандар үч күндөн бери Бишкекте митингге чыгып жатат. Алар алгач Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдына нааразылык акциясын уюштуруп жаткандан кийин алар Министрлер кабинетитинин имаратынын жанына чогулушкан. Алар 3-июнда парламентке келишти. Митингге катышкандардын бири эл аралык “Ала-Тоо” университетинин мугалими Алтынай Сейдалиева:

“Кыргызстанда ар ким өзүнүн ишин мыкты билсе. Мына, журналисттер өз ишиңерди аткарып жатасыңар. Мен мугалиммин, бала окутушум керек. Мен бүгүн митингге чыкпашым керек эле. Мамлекеттик органдар, укук коргоо кызматкерлери бизди ушул акыбалдан чыгарыш керек. Эгерде ушундай иш болбогондо биз “ак үй, көк үйдүн” алдына чогулбайт элек”.

Орхан Инандыга байланыштуу маселе Жогорку Кеңештин 3-июндагы жыйынында көтөрүлдү. Бир катар депутаттар аны издөө иштери тууралуу укук коргоо органдарынан маалымат талап кылышты.

Түрк мугалиминин жакындары менен тарапташтары “Орхан Инандыны түрк атайын кызматтары Түркияга алып чыгып кетиши мүмкүн, же Кыргызстанда акча талап кылуу үчүн кармалып турушу ыктымал” деген эки жоромолду айтышат. Мындай божомолдор тууралуу расмий органдар да, же түрк элчилиги да үн ката элек.

Орхан Инандыны колдоп митингге чыккандар менен Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, анын ичинде Шайлообек Атазов жолугуп талаптарын укту.

“Сапаттын" жетекчиси 28 жылдан бери Кыргызстандын билим берүү тармагын көтөрүп келатат. Ал 20 жылдан ашык биздин мамлекетте эмгектенди жана эң негизгиси Кыргызстандын жараны. Бул инсандын үч күндөн бери табылбай жатканы биздин мамлекетке эл аралык деңгээлде кадыр-барк алып келбейт. Ошондуктан укук коргоо органдарынан Орхан Инанды эсен-аман таап беришин сурайбыз”.

Митингчилер менен жолуккан Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Самат Исманов, Нурбек Тотонов. (солдон оңго карай)
Митингчилер менен жолуккан Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Самат Исманов, Нурбек Тотонов. (солдон оңго карай)

"Сапат" билим берүү мекемеси Инандынын дайын-дареги тууралуу маалымат бергендерге акчалай сый акы берерин жарыялады. Мекеме ал адамдын аты-жөнүн ачыкка чыгарбоого кепилдик берди.

Ал тушта криминалдык милиция өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып Инандыны табууга жардамдашууну убада кылып, ири суммадагы акчаны алдап алган адамды кармады. Ага ылайык, 2-июнда шектүү 50 миң доллар жана "Subaru Impreza" автоунаасын алып, дайынсыз кеткен. Бишкек милициясы “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, мурда соттолгон адамды колго түшүрдү.

Орхан Инандынын аялы Рейхан Инанды да Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, күйөөсүн табууну суранып президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал жолдошунун коопсуздугу тууралуу кооптонуп турганын айтты.

Рейхан Инанды.
Рейхан Инанды.

“Буга чейин Орхан Инанды мырзага жан сакчы алуу тууралуу сунуш берилген. Бирок бул анын жүрөгүнө жакын эмес эле. Анткени ал Кыргызстанда өзүн ээн-эркин, коопсуз сезчү. Мен Орхан Инанды мырзанын иш күнүн жакшы билем. Ал күндүз окуу жайларга барып кечкисин достору менен жолукчу. Жанына жан сакчы алып жүрүүгө анчалык деле зарылчылык болгон эмес. Болгону жардамчысы жан сакчы катары да кызмат кылчу. Бирок ал күндүз гана жанында болчу”.

Теги түркиялык Орхан Инанды Кыргызстанда “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Бирок ошол эле кезде Түркиянын да жарандыгынан чыккан эмес. Жубайынын сөзүнө караганда, мекенине акыркы алты жылдан бери бара элек. Төрт баласы бар.

Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук Бишкекте табылган. Милицияга арызды уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген. Ал Түркияда иштердүүлүгүнө тыюу салынган “Сапат” билим берүү мекемесинин Кыргызстандагы президенти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG