Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Мигранттардын сөөк жөнөтүү түйшүгү жеңилдеди


Иллюстрациялык сүрөт

Чет өлкөдө каза болгон мигранттардын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө кетчү каражат дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө бериле баштады. Мурда бул акча Кыргызстанда гана төлөнчү. 

Мигранттын сөөгүн жеткирүүдө убараны азайткан бул иш февраль айындагы президенттин жарлыгы жана май айында кабыл алынган өкмөттүн токтомунун негизинде жүрө баштады.

Шамшар Чотонов
Шамшар Чотонов

Москвадагы «Аксы биримдиги» коомунун башчысы Шамшар Чотонов өткөн жумада эки- үч күн ичинде Москвадан Жалал-Абадга эки сөөк жөнөтүшкөнүн, бирине маркумдун туугандарынын ишеним каты менен элчиликтен жөлөкпул алышканын айтты:

"26-майда 20 жаштагы жердешибиз каза болгон. Биз 28-майда элчиликке арыз менен кайрылдык. Ага чейин маркумдун Бишкектеги ата-энесинен ишеним кат алганбыз. Кечке маал акчаны которуп беришти. Бул чечим жакшы. Бирок эшектин тушоосун чечип туруп, аркандап койгондой болот экен. Мисалы, бардык чыгымдарды жаап, маалымдамаларды алып келгенден кийин гана элчилик акча берет экен".

Чотоновдун айтымында, экинчи маркумдун ата-энеси Кыргызстандын алыскы аймагында жашагандыктан, ишеним кат алуу оорчулук жараткан. Мындан улам сөөк жөнөтүү үчүн кайра эле Москвадагы кыргыз диаспорасы акча чогултуп берген.

Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенге жеткирүү үчүн 2018-жылдан бери 50 миң сомдон жардам бөлүп келген. Мындай жөлөкпул адамдын каза болгонун тастыктаган расмий маалымдама, паспорт жана тууганчылыгын аныктаган документ менен берилчү. Бирок мигранттын жакындары бул жардамды Кыргызстандын аймагында гана алышчу.

Надырбек Сооронбаев
Надырбек Сооронбаев

Москвадагы «Талас» коомунун төрагасы Надырбек Сооронбаев кыргыз бийлигинин «Жүк-200» боюнча жаңы чечими чет жактагы мигранттарга жеңилдик берип, сөөк жөнөтүү түйшүгүн азайтат деген үмүттө.

"Мурда жөлөкпул Кыргызстанда берилгени үчүн сөөк узатуу ишине эч пайдасы тийген эмес. Кээ бир айылдык, райондук коомдор кичинекей болуп, каражаты жетпей, жердештерден улам акча топтоп, аябай эле кыйналышчу. Биз буга чейин президенттерге, депутаттарга кайрылып, жөлөкпулду жеринен берүүнү, анын өлчөмүн көбөйтүүнү суранып келгенбиз. Садыр Жапаров Москвада мекендештер менен жыйын өткөргөндө бул маселени өзүм көтөрүп чыккам. Көп жылдан бери чечилбей келген маселени тез арада чечип беришти. Жөлөкпулдун өлчөмүн да көбөйтүштү. Мурда 50 миң сом берилсе, рублга алмаштырганда 35 миң болуп калчу. Эми Москвага 70 миң рубль каралыптыр. Орусияда мигранттардын саны көбөйүп, кырсыктагандар, ар кандай себеп менен каза болгондор көбөйүп, сөөк жөнөтүү чоң көйгөйгө айланган. Күндө сөөк жөнөткөн күндөр да болот. Бул жакка «иштейбиз, үй-бүлө багабыз» деп келген мекендештерди эле кыйнап, акча топтоп келгенбиз".

Назгүл Жусубакунова
Назгүл Жусубакунова

Орусиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова «жүк-200» боюнча арыздарды кабыл алууга атайын комиссия түзүлүп, жөлөкпул чыгымдарга жараша 70 миң рублдан жогорку чегерилип жатканын билдирди.

"Элчиликте атайын комиссия түзүлгөн. Түшкөн арыздарды комиссия ыкчам жыйын өткөрүп, карап чыгат. Бардык керектүү документтер жайында болсо, жөлөкпул чегерүү боюнча чечим кабыл алышат. Өкмөттүк токтом күчүнө киргенден бери эки арыз түшүп, эки учурда тең жөлөкпул берилди. Жөлөкпулдун өлчөмү аймактарга жараша 70 миңден өйдө болот. Белгилей кетчү нерсе, биздин жарандар Орусиянын он аймагында иштеген дипломатиялык өкүлчүлүк-консулдуктарга кайрылып, жардам алса болот".

Элчиликтин маалыматы боюнча дипломатиялык мекеме аркыуу 2020-жылы Орусиядан Кыргызстанга 285 «Жүк-200» жөнөтүлгөн. Ал эми быйыл беш айда мекенге ар кандай себептерден улам каза болгон 60 жарандын сөөгү жөнөтүлгөн.

Ушу тапта Жогорку Кеңеште чет өлкөгө чыгып жаткан кыргыз жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоору каралып жатат.

Долбоордун автору - Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакпаев жылына чет жакта каза болгон 300дөй жарандын сөөгү келерин, буга мамлекеттик бюджеттен 15 миллион сом сарпталарын, жыл сайын чыгымдар көбөйүп жатканын жүйө келтирген. Мындан улам ал 18 жашка толгон бардык кыргыз жарандарын чет өлкөгө чыгар алдында өз өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү түрдө камсыздандырууну сунуштаган.

Депутаттын айтымында, камсыздандыруу келишими бир жылдан беш жылга чейин түзүлөт жана жарандардан төлөм өлчөмү бир жылга 400 сомдун тегерегинде киргизилип, чет жакта каза болгон же кырсыктаган учурда кенемте 100-250 миң сомдон кем эмес берилет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG