Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Москва: мигранттардын мушташы териштирилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Москвадагы кыргыз элчилиги калайман мушташка канча кыргыз жараны катышканын тактоодо. Ал эми Тажикстандын элчилиги урушка тажик жарандары катышпаганын билдирди. 

Москвада кыргыз-тажик жарандары мушташканын 19-майда орус басылмалары кабарлашкан. Ал маалыматтарга караганда уруш 18-майда кечинде Москванын түштүк-батышындагы кафелердин биринде болгон.

Мушташка эки өлкөнүн 15 чакты жараны катышып, ооруканага алты адам түшкөнү кабарланган. Полиция териштирүү ишин жүргүзүү үчүн тогуз адамды кармап кеткен. Алардын экөө миграциялык мыйзамды бузганы үчүн административдик, жетөө майда бейбаштык менен жазага тартылган.

«Калайман мушташ кафеде жеке келишпестиктерден чыккан, турмуш-тиричилик маселесине байланыштуу болгон» деп билдирди күч органдарындагы булактар.

Ал эми кыргыз диаспорасындагы маалыматтар боюнча уруш Москванын Вернадский көчөсүндө тажик улутундагылар иштеткен «Райхан» деп аталган кафеде болгон. Шейшембиде кечке маал ал жайга кыргыз балдар барып, кафеде иштеген кыргызстандык кыз-келиндерден бул жерден кетүүнү талап кылышкан. Мындан улам чыр чыгып, полиция кызматкерлери чакырылган.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги консулдук кызматкерлер окуядан кийин полиция бөлүмүнө чукул барышканын, урушка тажик жарандары катышпаганын билдирди.

Назгүл Жусубакунова
Назгүл Жусубакунова

Ал эми Москвадагы кыргыз элчилигинде окуянын чоо-жайы териштирилип, айрым учурлар такталгандан кийин расмий маалымат берилери айтылды.

«Албетте, элчиликтин юристтери барып жатат. Улут аралык уруш-талаш эмес, күнүмдүк эле нерседен чыккан окуя. Айрым маалыматтарды тактагандан кийин расмий кабарлайбыз»,-деди элчиликтин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова.

Кафедеги уруштан кийин административдик жазага тартылгандардын канчасы кыргыз жараны экени, ошондой эле ооруканага түшкөндөрдүн абалы тууралуу маалымат бериле элек.

Апрелдин соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Москвадагы кыргыз диаспора башчылары Орусиядагы кыргызстандыктарды сабырдуулукка, тажикстандык мигранттар менен чыр-чатактан алыс болууга чакырышкан. Ошондой эле уруш-талаштын алдын алуу үчүн тажикстандыктар топтолгон же алар иштеткен ашканаларга, дүкөндөргө, коомдук жайларга баруудан кармануу сунушталган. Кыргыз диаспора өкүлдөрү тажик диаспорасынын өкүлдөрү менен да жолугушуу өткөрүп, Орусия иштеп жүргөн мекендештерин ынтымакка үндөшкөн.

Ошол эле кезде социалдык тармактарда Москвада көчөдө же метродо тажикстандыктар менен бирге жүргөн кыргыз кыз-келиндерге белгисиз бирөөлөр ыдык көрсөтүп, кодулаган бир нече видео таркаган.

Москвадагы «Нарын» коомунун жетекчиси Азамат Адылгазиев мындай окуялар Орусияда иштеген жүз миңдеген кыргызстандыктарга залакасын тийгизерин эскертип, чет жерде жүргөн мекендештерди тартипке үндөдү.

«Мушташка Москвада үй-бүлөсү, балдары менен жүргөн мигранттар катышкан экен. Эми алар депортацияланат деп жатышат. Балдары эмне болот? Ижарага алган унаасын эмне кылат? Ипотекасын кантип төлөйт? Бул окуянын айынан эми кыргыздар жашаган, иштеген, топтолгон жайларда текшерүү болуп, депортациялоо күч алат деп жатышат».

Соңку маалыматтар боюнча Орусияда 750 миңдей кыргызстандык миграцияда жүрөт. Ал эми Орусияда иштеген тажикстандыктардын саны бир миллионго жетет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG