Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Метродогу жардыруу: көмүскөдө калган жагдайлар


Орусия. Санкт-Петербургдагы метродогу жардырууга айыпталып, 20 жылга соттолгон өзбекстандык мигрант Шахиста Каримова сотто.
Орусия. Санкт-Петербургдагы метродогу жардырууга айыпталып, 20 жылга соттолгон өзбекстандык мигрант Шахиста Каримова сотто.

Орусиялык жаран Елена Бабинцева төрт жыл мурда Питердин метросунда болгон жардыруу тууралуу жаңылыш же атайын бурмаланган жагдайларды таап чыкканын жарыялады.

Мындан төрт жыл мурда Санкт-Петербург метросундагы жардырууга айыпталган борбор азиялык 11 мигранттын арасында 20 жылга кесилген 49 жаштагы намангандык аял Шахиста Каримова да бар.

Питерлик Елена Бабинцева ал аялдын бейкүнөө экенин айтып, аны террорчулукту уюштурууга айыптаган иштеги табышмактуу жагдайларды белгиледи.

Санкт-Петербургда метродогу жардырууга төрт жыл толду. Анда 15 киши набыт кетип, 67 адам жабыркаганы кабарланган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы «терактты орус жарандыгы бар, 22 жаштагы кыргызстандык жанкечти Акборжон Жалилов жасаган» деп жарыялаган. "Терактты уюштурду" деген айып менен кийин Акбор жана Аброр Азимовдор камакка алынган.

Бул иш боюнча жалпысынан 11 борбор азиялык мигрант 19 жылдан тарып өмүр бою абакка кесилген. Алар менен кошо өзбекстандык Шахиста Каримова "террорчуларга телефонун берип турган" деген айыптын негизинде 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал соттук териштирүүлөр учурунда күнөөсүн моюнга албай, бардык айыптоону карандай доомат деп четке каккан.

Өкүм чыкканда өзбек аялдын өзүн жоготкон абалын видеодон көргөн питерлик Елена Бабинцева анын тагдырына кызыга баштаган. Ал абактагы Шахиста Каримованын ишин изилдеп көрүп, анын айыпсыз жерден камакта отурганына ынанганын билдирди:

«Азыр мен Шахиста толук күнөөсүз экенине ишендим. Мен аны менен эки жылдан бери таанышмын. Анын толук психологиялык портретин түздүм. Кылмыш ишинин материалдарын окуп чыктым. Кайгылуу окуя тууралуу видео тасмаларды көрдүм. Иште абдан көп карама-каршылыктар бар экенин байкадым. Соттун өкүмүн окуп, толтура коошпогон каталарды көрдүм. 111 беттен турган сот өкүмүндө тергөө кетирген каталарга бир дагы жооп жок», - дейт Елена Бабинцева.

Ал ошондой эле кылмыш ишинде процессуалдык каталарды, так эместиктерди жана далилдерди жасалмалоо жагдайларын тапканын айтып жатат. Бабинцеванын пикиринде, тергөөдө айыпкерлер кыйноого алынганы сотто эске алынган эмес.

«Баарынан жаманы далил заттар жок кылынган. Адвокаттарга ал далилдерди кайрадан карап чыкканга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Метродогу жарылган вагон да жок кылынган. Биз Шахиста экөөбүз жүздөн ашуун кат алыштык. Ал адилеттикти каалайт. Ал акыры бул иш адилет чечилерине ишенет. Башында депрессияга түшүп, азыр калыбына келүүдө. Кыйла сынган менен аны азыр жүрөгүнүн тазалыгы сактап турат».

Шахиста Каримовага жардам берүү менен Елена айым аны Өзбекстанга которууну талап кылганы турат. Ошондой эле ал Шахистага мекендештеринин колдоосу керектигин белгиледи.

Адвокаттар соттолгондордун иши Страсбургдагы эл аралык сотко чейин жетип, кайрадан калыс каралат деген ишенимде.

Орусиянын Тергөө комитетинин тергөөчүсү Андрей Жигулин Каримованын жашаган жерин тинткенде граната, детонатор жана башка заттар табылганын айткан. Бирок адвокаттар анын баары жасалма айгак экенин айтып, далил заттары анын үйүнө ташталганын сотто аныктап чыгышкан.

Шахиста Каримова Питердеги ашканалардын биринде идиш жуугуч болуп иштеген. Ал тажикстандык ашпозчу Содик Артиков менен бирге террорчуларга көмөктөшкөн деген шек менен кармалган.

XS
SM
MD
LG