Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 15:07

Швецияда кармалган кыргызстандыктын таржымалы


Кыргызстандык Атабек Абдуллаев (ортодо) жана аны менен чогуу кармалган Өзбекстандын жарандары Бахтиер Умаров (солдо), Фархад Ташмухаммедов (оңдо).

Швецияда теракт жасоону пландаган деп шектелип жаткан кыргызстандык Атабек Абдуллаевдин жана Өзбекстандын беш жаранынын соту 7-январга белгиленди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Абдуллаевдин экстремисттик топторго тиешеси бар-жогун териштирүүдө.

“Азаттык” шектүү Ош облусунун Араван районунун тургуну экенин аныктап, анын ата-энеси менен байланышты. Алар уулунун террордук актыларды уюштурууга тиешеси жок экенин айтышууда.

Абдуллаевдин ата-энесинин төгүндөмөсү

Атабек Абдуллаевге байланыштуу чуулуу кабар узаган жылдын акыркы күндөрү ачыкка чыкты.

Атабек Абдуллаев. Швед прокуратурасынын сүрөтү.
Атабек Абдуллаев. Швед прокуратурасынын сүрөтү.

Швециянын прокуратурасы 27-декабрда билдирүү таратып, теракт жасоону пландаган деп шек саналып жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн үч жаранына айыбын угузганын жарыялады. Алар Өзбекстандын жарандары Фархад Ташмухаммедов, Бахтиер Умаров жана Кыргызстандын жараны Атабек Абдуллаев экени айтылды. Булар менен бирге дагы үч киши “Ислам мамлекети” тобун каржылоо боюнча айыпталып жатканы кабарланды.

Кыргызстандын күч түзүмдөрү азырынча 39 жаштагы Атабек Абдуллаевге байланыштуу маалыматтарга кененирээк комментарий бере элек. ИИМ гана бул жарандын тек-жайы жана анын экстремисттик топторго тиешеси бар-жогу такталып жатканын билдирди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев мындай дейт:

- Бул жаран бизде диний экстремисттик уюмдун мүчөсү катары каттоодо турбаган жаран болуп чыгып жатат. Башкача айтканда буга чейин каттоодо турбаганы белгилүү. Ал эми калган маалыматтар азыр такталууда. Ал бул жакта эмне иштерди кылып жүргөн, ал жакка кайдан барып калды - бул боюнча тааныштарын, туугандарын сурамжылап жатабыз. Толук маалыматтар иликтөө иштери аяктагандан кийин берилет.

Ал эми “Азаттыктын” Интернеттеги ачык булактарга жана Атабек Абдуллаевдин өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларындагы сүрөттөргө жана маалыматтарга таянган иликтөөлөрү Швецияда террорчулук боюнча шек саналып жаткан кыргызстандык жаран Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынан экенин көрсөттү.

Атабек Абдуллаевдин баракчасындагы сүрөт.
Атабек Абдуллаевдин баракчасындагы сүрөт.

Биз анын ата-энеси Тургунбай Абдуллаев менен Азиза Абдуллаеваларга да байланышка чыгып, маалымат алганга аракет кылдык. Алар сүрөттөгү жигит уулу экенин ырастап, бирок анын диний экстремисттик топторго кирип кеткенине ишенбей турганын айтышты.

Азиза Абдуллаева уулун “башка бирөөлөр адаштырып, курмандык кылып коюшту” деп эсептейт.

- Мен телефон чалып, уулумдун адвокаты менен сүйлөштүм, - деди ал. - Ал “шектүү катары кармашты, азырынча эч нерсе далилдене элек” деди. Адвокат мага уулум акталып чыгып кетерин айтты. Анан мен өзүм деле уулум андай ишке тиешеси бар экенине таптакыр ишенбейм. Ал Кыргызстанда үй-бүлөсүн араң багып, анан ал жакта эптеп акча таап үй-бүлөсүнө акча салып атса, кайдан террористтик кылмак эле? Менин беш кыз, бир уулум бар, уулум ошол Атабек. Абдан боорукер, бирөөгө жамандык кылбаган, тескерисинче кары-картаңдарга жардам берип жүргөн бала болчу. Анан ошондой бала кантип ушундай жолго барат? Менин оюмча аны бирөөлөр “муну алып келип бер, тигини алып келип бер” дешсе жардам берип коюп, алданып, анан тиешеси бар болуп кармалып калган окшойт. Эч кандай экстремисттик же башка туура эмес агымдарга кошулган эмес. Алгач Орусияда, Казакстанда иштеп, ал жакта “кара тизмеге” кирип калып, анан Европага иш издеп кеткен болчу. Аялы бул жакта ооруп, катар-катар операция болуп жатканда ошого “жардам берем” деп, мени “ажыга алып барам” деп, акча таап келгени ошол жакка кеткен эле.

Атабек Абдуллаевдин “Одноклассники” жана “ВКонтакте” түйүндөрүндөгү баракчалары үй-бүлөсүнүн, ата-энесинин сүрөттөрүн былтыр жыл башында жайгаштырган боюнча көп жаңыланган эмес. Анын ичинде өзүнүн Бишкекте, Орусияда жана Европанын шаарларында түшкөн сүрөттөрү да бар.

Атабек Абдуллаевдин Бишкектеги сүрөтү.
Атабек Абдуллаевдин Бишкектеги сүрөтү.

Абдуллаев ошондой эле социалдык тармактарда бир канча диний тайпаларга жазылганы да көрүнүп турат. Баракчасында ал өзү Ош мамлекеттик университетинде билим алганын да көрсөткөн.

Төө-Моюн айыл аймагынын башчысы Санжарбек Абдуллаев Атабекти сыртынан тааныганын айтты:

- Азыр бизге анын кармалганы тууралуу расмий кабар түшө элек. Бирок мен Атабек менен теңтуш болгонум үчүн билем, ал жакшы эле бала болчу. Ошто окуп, кийин өзүнүн тиричилигин өзү тың эле жүргүзчү. Кайсы бир агымга кирип кеттиби-жокпу, аны билбейм, бирок намаз окуп жүргөн. Орусияга барып-келип турчу. Ошентип жүрүп башка мамлекетке кеткенин укканбыз. Башка нерсеси жөнүндө бизде маалымат жок.

Швед прокуратурасынын жүйөсү

Деген менен Швециянын прокуратурасы Абдуллаев сүрөттөрүн жарыялаган Европанын кооз жерлери жана туристтик жайлары теракт жасала турган жерлер болгон деп эсептөөдө.

Швед прокуратурасы билдирген маалыматка ылайык, Атабек Абдуллаев алгачкы жолу Швецияга 2017-жылы барган. Ага чейин Европа Биримдигинде калыш үчүн Польшада иштөөгө уруксат сурап жүргөн.

“Шектүүлөр адамдарды өлтүрүү максатында ири өлчөмдөгү химиялык жана башка заттарды сактап жүрүшкөн. Эгер алар пландаган теракт ишке ашып калса, көптөгөн жоготууларга алып келмек” деп жазылган Швеция прокуратурасынын билдирүүсүнө таянып медиа каражаттары тараткан маалыматта.

Атабек Абдуллаевдин "ВКонтакте" баракчасы.
Атабек Абдуллаевдин "ВКонтакте" баракчасы.

Бул кылмыш иши тууралуу документалдык тасма даярдап жаткан “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы Сирожиддин Толибов колго тийген маалыматтары менен бөлүштү:

- Швеция прокуратурасы эки шектүүнүн телефондору мурдагы жылдан бери тыңшалып келгенин билдирип жатат. Өзбекстандын Ташкент шаарынын жашоочусу, диний жүйөлөргө байланыштуу Швецияда башпаанек алган Фархад Ташмухаммедов 2017-жылдын июль айында “Ислам мамлекети” тобунун көзөмөлүндө турган Сириядагы таанышы менен мессенжер аркылуу жазышкан. Жазышууда көрүнүп тургандай, ал таанышынан машине оңдош үчүн Швецияда механик таап берүүнү суранат. Экинчи киши болсо ага: “Мыкты механиктер силер жакта, же сага үйлөнүү тою үчүн машинени кооздогон механик керекпи?” деп жооп берет. Прокуратуранын көз карашында, бул жердеги өз ара жазышууда алар коддук сөздөрдү пайдаланышкан. Прокурорлор белгилегендей, соңку сүйлөшүүдө “үйлөнүү тою” деген сөздөр терактты, ал эми “унааны кооздоо” деген сөздор мина коюуну билдирген, - дейт кабарчы.

Сирожиддин Толибов билдиргендей, алты шектүү тең өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагышууда.

Айыпталуучулардын биринин адвокаты Томас Олсон швед радиосуна берген интервьюсунда ал жактоого алган адам банкрот болгон фирмадан ири өлчөмдө химикаттарды сатып алып, кийин аларды кайра сатууга аракет кылып жүргөнүн билдирди.

Радикалдашуунун дагы бир сигналы

Кантсе да соңку окуя кыргызстандыктар чет өлкөдө террордук актыларды уюштурууга айыпталып кармалган биринчи учур эмес.

Жохар Царнаев.
Жохар Царнаев.

Буга чейин Кыргызстанда туулган Жохар Царнаев АКШнын Бостон шаарында болгон жардыруу үчүн айыпталып, өлүм жазасына кесилген. 2013-жылы 15-апрелде Бостондогу марафон маалындагы жардыруудан үч киши өлүп, 260тай адам жарадар болгон.

Кийин 2017-жылы Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы 16 кишинин өмүрүн алганы кабарланган метродогу жардырууга байланыштуу Кыргызстанда төрөлгөн Акбаржон Жалилов, бир туугандар Акрам жана Аброр Азимовдор аны уюштурууга катышы бар кишилер катары камакка алынган. Бирок Азимовдордун атасы Ахрал Азимов айыптоону четке каккан жүйөлөрдү келтирген.

Акбор жана Акрам Азимовдор.
Акбор жана Акрам Азимовдор.

​​Андан көп узабай Орусиянын Тергөө комитети “ушул эле жардырууну уюштуруунун башында турган” деп "Катиба Таухид валь-Жихад" диний уюмунун лидери, башка бир кыргызстандык Сирожиддин Мухтаровго сыртынан айып тагып, издөө жарыялаган.​

Эми минтип Абдуллаевдин Швецияда теракт уюштуруу үчүн шек саналгандардын арасында аты аталып жатканы кыргыз коомчулугун кайрадан дүрбөткөндөй болду. Айрым адамдар бул кайра эле Кыргызстандын аброюна доо кетирген окуялардын бири болгонун белгилешсе, башкалары бул окуялардын төркүнүн издөөгө аракет кылышууда.

Дин жана коопсуздук маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиев соңку окуяны “кыргызстандык жаштардын экстремисттик топторго көп тартылганынын” далили катары баалады:

- Борбор Азиядан чыккандар Европага эмес, Сириядагы согуштарга деле барып катышып атпайбы. Мына акыркы эле статистиканы алсак, 700-800дөй кыргызстандык Сирияга кеткени ачыкка чыккан. Алардын эң көбү ошол эле Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондорунан экени да белгилүү. Бул жерде бир нерсе десе “жакырчылык, жумушсуздук” дешет. Алардын деле таасири бар, бирок жакырчылык эле таасир этсе анда кыргызстандыктардын баары эле кетип калбайт беле? Демек, бул жерде биринчи орунда экстремисттик уюмдардын, анын ичинде өзгөчө “Хизб-ут Тахрир” уюмунун идеологиясы турат. Алар биринчи кезекте биздин жаштарды Жакынкы Чыгышка барууга үндөп, кийин вербовка кылып, рекруттарды даярдап Европага же башка өлкөлөргө жөнөтүп турушкан. Же Европага барып, аралашып кете албай, өзү чоочун сезип, жүдөп жүргөн борбор азиялыктарды кармап алып, таасир этиши да мүмкүн. Ошону күчөтүп, “мына, демократия ушундай туура эмес жолго салат, бизге кандай мамиле кылып жатышат, биз халифат курмайынча дүйнөдө тынчтык болбойт” деп аларды азгырышы мүмкүн. Биздин жаштар өтө тездик менен радикалдашып жатканынын биринчи белгиси Сирияга кеткендердин көптүгү менен өлчөнсө, эми чет жакта теракт уюштурууга аракет кылганы менен билинип жатат. Ошондуктан эми Кыргызстанда радикалдашуунун алдын алууну кескин күчөтүш керек. Тилекке каршы аны алдын алуу чаралары токтоп калды.

Кеп болуп жаткан Кыргызстандын жараны Атабек Абдуллаев, аны менен кошо кармалган Өзбекстандын жарандары Фархад Ташмухаммедов, Бахтиер Умаров жана башкалар былтыр апрель айынан бери Стремсунд шаарында камакта олтурушат. Алардын соту 7-январда болушу күтүлүүдө.

Теракт даярдоо боюнча айыпталып жаткандар төрт жылдан өмүр бою эркинен ажыратууга чейин жазага тартылышы мүмкүн. Олуттуу кылмыштарды каржылоо үчүн швед мыйзамдарында эки жылдык абак мөөнөтү каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG