Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Кашкар-Кыштак: Петербургдагы жардыруунун изи


Сирожиддин Мухтаров. Ош ОИИБ басма сөз кызматы сунуштаган сүрөт.
Сирожиддин Мухтаров. Ош ОИИБ басма сөз кызматы сунуштаган сүрөт.

Орусиянын Тергөө комитети "Санкт-Петербургдун метросундагы жардырууну уюштурган" деп айыпталган "Катиба Таухид валь-Жихад" диний уюмунун лидери кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров экенин маалымдады.

Кыргызстандын күч органдары Мухтаров Оштун Кашкар-Кыштак айылында туулуп-өскөнүн, учурда Сирияда бул топтун кол башчыларынын бири экенин тастыктады.

"Санкт-Петербургдагы метродо жардырууну уюштурган" деп "Катиба Таухид валь-Жихад" диний уюму айыпталганын, анын лидери Кыргызстанда төрөлгөн 28 жаштагы Сирожиддин Мухтаров экенин Орусиянын Тергөө комитетине таянып, 3-июлда BBC жана башка чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

2017-жылдын 3-апрелинде метродогу жардырууда 16 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөн ашуун адам жарадар болгон. Бул жардырууга ушул күнгө чейин бир да террордук топ жоопкерчилик алган жок.

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Айрым адистердин баамында, Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" деген террордук уюмдун тарабында согушуп жүргөндөр Кыргызстанга кайтып келүүдөн, жоопко тартылуудан чочулашууда.

Аталган диний уюм көп булактарда "Жамаат Таухид валь-Жихад" деп аталат. Кыргызча "Жалгыз кудай жана жихад тобу" деген маанини берет. Кыргызстанда анын ишмердигине тыюу салынып, экстремисттик деп табылган. Мындай чечимди Ош шаардык соту 2016-жылдын 17-мартында чыгарган.

Уюмдун таасирдүү мүчөсү катары айтылып жаткан Сирожиддин Мухтаров Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында туулуп-өскөн. Диний чөйрөдө "Абу Салах" деген каймана аты бар.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев бул маалыматты "Азаттыкка" тастыктап, ал 2013-жылы Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди:

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

- Согуш тутанган аймактарга барган түрк тилдүү жарандардын лидери болуп таанылган. Диний көз карашынан улам Кыргызстанда атайын кызматтын көзөмөлүндө болчу. Мечиттерде жума намазда ар кандай чакырыктарды жасаганы белгилүү. Кыргызстандын мыйзамдарына, диний эрежелерге каршы чакырыктары үчүн жарандар өздөрү да каршы чыгып, бул жерден кетишин талап кылышкан. Ошондон кийин ал чыгып кеткен.

"Уулум Сирияда болушу мүмкүн"

"Уулум Сирияда болушу мүмкүн"

Расмий маалыматтар боюнча, быйылкы жылы Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны кыйла азайды.

Жеңиш Аширбаев кошумчалагандай, 2015-жылы Кашкар-Кыштакта "Ахмадий" диний агымынын бир мүчөсүн өлтүрүүгө буйрук берген киши катары Сирожиддин Мухтаров айыпталган. Бул окуяга байланыштуу жана тыюу салынган диний агымдын идеясын жайылтканы үчүн кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган.

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Матазим Абдылдаев Сирожиддин дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойгонун айтып, анын жоочуларга кошулуп кеткени бир туугандарын жана ата-энесин эл арасында ыңгайсыз абалга калтырганын билдирди:

- Дыйкан адамдардын баласы. Ата-энеси башкаларга эч нерсе билгизбегенге аракет кылган менен, баары бир адамдардын арасында өздөрүн жаман сезип жүрүшөт. Ал чоңойгон көчөдө, айылында түшүндүрүү иштерин такай жүргүзөбүз. "Бир туугандарын басмырлабагыла" деп айтып турабыз. Диний абал бизде азыр жакшы. Сирия дегенди уккусу да келбей калышты. Айылдагылар жүрөкзаада болуп калышканы да чын, "жаманатты болуп бүттүк" деп капалангандар да бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комититет (УКМК) "Мухтаров Кыргызстандагы Кытай элчилигинде 2016-жылдын 30-августундагы жардырууга буйрук берген" деп маалымдаган. Анда жанкечти өзү набыт болуп, дипломатиялык өкүлчүлүктүн үч кызматкери жабыркаган эле.

Ошондой эле анын буйругу менен 2017-жылдын сентябрында Кыргызстанда теракт уюштурууну көздөгөн адам кармалганы тууралуу да атайын кызмат расмий билдирүү тараткан.

"Азаттык" азырынча Сирожиддин Мухтаровдун бир туугандарынан же ата-энесинен комментарий ала алган жок. Аны жакшы билген, бирок атын атагысы келбеген тааныштары "Сирожиддин радикал топтордун тузагына илинип калганы болушу мүмкүн, күч органдары толук иликтебей туруп анын атын жаманатты кылып жаткан болушу да ыктымал" дешти.

Интернеттеги маалыматтарга ылайык, Сирожиддин Мухтаров кол башчы экени айтылган "Жамаат Таухид валь Жихад" тобу 1999-жылы түзүлгөн, салафий агымынын радикал багытын карманат. Чоң лидери Абу Мусаб аз-Заркави экени, Ирактын Фаллужа шаарында иш жүргүзөөрү "Википедияда" жазылган. Бул топ Сириянын президенти Башар Асадга жана аны колдогон орусиялык күчтөргө каршы согушуп келген. Бир катар террордук актыларды уюштурган.

Дин таануучу Тимур Козукуловдун айтымында, бул уюм тууралуу Кыргызстандагы дин изилдөөчүлөрүндө көп деле маалымат жок:

Тимур Козукулов.
Тимур Козукулов.

- Изилдеш үчүн бизде жетиштүү маалыматтар жок. Күч органдарында гана бар. Уюм тууралуу толук изилдеп, талдоо жүргүзүү бизге азыркы учурда бир кыйыныраак. Соттун чечими менен "экстремисттик" деп табылганын гана билем.

Санкт-Петербургдагы жардырууга кайтсак, аны "Жамаат Таухид валь-Жихад" тобунун буйругу менен Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов ишке ашырганын Орусиянын укук коргоо органдары билдирип, Борбор Азиядан барган он чакты кишини кармаган. Бирок анын атасы жана жакындары муну куру доомат катары көрүп, күч органдарынын атайын уюштурган "оюну" катары мүнөздөп келатышат. Кармалгандар азыр Орусияда камакта отурушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG