Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Бостондогу терактты уюштурган Царнаевдер жардыруучу куралдарды өздөрү жасаган


Жохар Царнаев.
Жохар Царнаев.

2013-жылкы Бостондогу терактты уюштургандардын бири Жохар Царнаев агасы Тамерлан экөө жардыруучу затты үйдө өздөрү колго даярдап, чабуулга күн мурунтан камынганын ФБР агенттерине айтып берген. Бул тууралуу 23-октябрда сот процессинин документтери биринчи жолу ачыкка чыгарылганда дайын болду. Тамерлан Царнаев чабуулдан көп өтпөй полиция кызматкерлери менен атышууда окко учкан. Ал эми Жохар алган жарааттарынан сүйлөй албай, алгач колго түшкөндө ФБР агенттеринин суроолоруна кат аркылуу жооп берүүгө аргасыз болгон. Ошондой каттардын биринде агасы экөө бомбаларды даярдаган соң "Жардырууну каякта уюштурабыз?" деп көпкө ойлонушканын жазат.

2013-жылы 15-апрелинде Бостондогу марафон маалындагы жардыруудан үч киши өлүп, 260дай адам жарадар болгон. Бул окуя боюнча 2015-жылы Жохар Царнаев өмүр бою эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG