Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Беткап үчүн айыпка жыгылган мигранттар


Москвадагы кыргыз элчилиги

Москвада иштеген кыргызстандыктар соңку апталарда миграциялык текшерүү күч алып, мигранттарды административдик жазага тартуу күчөгөнүнө арызданып жатышат. Эң жөнөкөйү – беткап же колкап кийбеген мигранттарга 5 миң рублга чейин айып пул салынууда.

Москвада 13 жылдан бери үй-бүлөсү менен жашаган Дамира полицияга автобуста ишке бараткан жеринен кабылган.

Башка жүргүнчүлөрдүн ичинен аны сууруп чыгышып, автобуска билетин текшерип, андан кыйкым табылбаганда, «колуңда перчаткиң жок» деген жүйө менен административдик протокол түзүп, 5 миң рубль айып пул жазышкан.

«Билетимди текшеришти. Баары жайында болчу. Автобустан түшүп баратсам колумдан кармап алышты да «перчаткиң жок» дешти. Документтеримди талап кылып эле штраф жаза башташты. Мен беткап, перчатки кийип жүргөм. Колумда телефон болгону үчүн бирин чечип, кармап алгам. Алар менен талашкым келген жок. Анан тааныш юристке чалдым. «Кара тизмеге» кирип каламбы деп корктум. Юрист административдик протокол боюнча он күндүн ичинде сотко арыз менен кайрылып, жокко чыгарса болот деп кеңеш берди. Ошентип, почта аркылуу арыз жазып коюп, эми чечимди күтүп отурам».

Орусияда коронавирустун жайылышынан улам былтыр октябрдан тарта 50 кишиден көп адам чогулган коомдук жайларда, транспортто, таксиде жана лифт сыяктуу жабык чакан жайларда беткап менен колкап кийип жүрүү эскертилген. Бул эрежени сактабагандарга Орусиянын ар аймактарында 3-6 миң рубль өлчөмдө айып пул каралган.

Бир колунда колкабы жок болгону үчүн гана 5 миң рубль төлөмөр болгон Дамира полиция кызматкерлери коомдук жайларда көпчүлүктүн ичинен бир гана мигранттарды ылгап алып, жазага тартып жатканын белгиледи.

«Эртең менен эки-үч полиция метродо же аялдама жакта турушат. Жүдөө кийинген же көзүн алаңдаткан бирөө болсо, дароо жолун торошот. Мигранттарды кармап жатканын көп жолу эле көрдүм. Орустар чыкылдап эле колкап кийбей, кээде беткабы жок эле өтүп кетишет. Аларды эмнегедир токтотушпайт».

Орусияда бир чет өлкөлүк жаранга эки жолу административдик эреже бузса же айып пул катталса, ал ал адам өлкөдөн чыгарылып, «кара тизмеге» илинет. Ушу тапта 64 миңден ашуун кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Метродо колкабы жок баратып, полицияга кармалган кийинки маектешибиз Айжан азыр иши жакшы жүрүшпөй, айып пулду төлөй да албай жатканын айтты.

«Дароо эле токтотушту. 5 миң рубль айып пул жазышты. Мен эч нерсе айтканга үлгүрбөй калдым. Тааныштарыман сурасам, «биринчи штраф, эч нерсе болбойт» деп коюшту. Акчам жетиштүү болсо, төлөп коймокмун. Аны өз маалында төлөбөсөң, көбөйө берет экен. Бирок, азыр ишим жакшы болбой, айып төлөөгө дарманым жок».

Москвада мигранттарга укуктук жардам көрсөткөн Гулиза Акматсияева Орусияда коронавирус пандемиясы маалында киргизилген жалпы эреже бир гана мигранттарга каршы иштеп жатканын айтууда. Ал буга «дискриминация» деп баа берди.

«Мындай учурлар көп эле катталып жатат. Муну дискриминация деп да атасам болот. Мыйзамга таясак, бул административдик чараларды жокко чыгарсак деле болот. Беткап, колкап кийүү - сунуш иретинде киргизилген чара. Мигранттарды булар мажбурлап эле протокол түзүп, айып пул салып жатышат. Биздин жарандар документтерин берип коюп, айып пулду төлөп коет же төлөбөй деле жүрө беришет. Анан бир күнү «кара тизмеге» илинип калышат. Ошол айып пулду төлөгөндөн көрө адвокат же юристке кайрылып, административдик жазаны жокко чыгарууга аракет кылыш керек».

Дароо адвокат же юристтерге кайрылууну сунуштаган Акматсияева мындай 1-2 административдик протокол үчүн миңдеген жарандар Орусияга кире албай же Орусиянын аймагында жүрүп эле «мыйзамсыз мигрантка» айланып калганын белгиледи.

«Таксиде, транспортто жүргөндөр өтө көп кайрылышат. Аларды жолдон эле токтотуп, айып пул салышууда. Кыргызстандан Орусияга жүк ташып кыска мөөнөткө келгендер да айып пулга жыгылууда. Чет өлкөлүк жаранга эки административдик айып пул катталып калса, ал электрондук базадан дароо чыгып калат. Анан ошол компьютер эле дароо ага Орусияга кирүүгө үч жылга чектөө киргизип коёт. Ал эми өлкөдөн чыгаруу чечими бир гана сотто кабыл алынат».

16-апрелде Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын жыйынында Орусиянын аймагында 1 миллиондон ашуун мигрант мыйзамсыз жүргөнүн, алар 15-июнга чейин миграциялык документтерин иреттеп же болбосо Орусиянын аймагынан чыгып кетиши керектигин билдирген.

Горовойдун билдирүүсүнөн кийин тажик бийлиги орус тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн тажик жарандарына 30-июнга чейин укуктук макамын аныктап, документтерин мыйзамдаштырып алууга убакыт берилген.

Орусияда ушу тапта 600 миңден ашуун кыргызстандык жүрөт. Орус бийлигинин маалыматында алардын 115 миңден ашууну миграциялык эрежелерди сактабаганы үчүн өлкөдөн чыгарылып, «кара тизмеге» кабылуу коркунучунда.

21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурун Аманова Орусияда жүз миңден ашуун кыргызстандык мигрант депортация коркунучуна туш болгондуктан, Бишкек менен Москванын ортосунда ушул жаатта сүйлөшүү жүргүзүү сунушу менен өкмөткө протоколдук тапшырма берип, маселеге көңүл бурууга чакырган.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков миграцияга байланыштуу иш алып барган өкмөт өкүлдөрү менен 23-апрелде жыйын өткөрүп, мигранттар Орусиядан депортацияланбашы үчүн элчилик, консулдуктар менен мамлекеттик органдар чогуу иш алып барып, Орусиядагы кыргызстандыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG