Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Москвада мигранттарды текшерүү күчөдү


Москва метросундагы текшерүүлөр, апрель 2020-жыл
Москва метросундагы текшерүүлөр, апрель 2020-жыл

Орусияда кыргыз жарандары тыкыр текшерүүгө алынып, миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнү аныкталса, айып төлөп же депортацияга кабылып жатышат.

Москвада иштеген Нурияны өткөн жумада эртең менен жумушка бараткан жеринен токтотуп, документтерин текшеришкен. Ал Орусияда миграциялык каттоосун узартпай жүргөн эле.

«Метродон кармашты. Күнөө менде эле. Каттоомдун мөөнөтү бүтүп калган, узарта элек болчумун. Ошол жерден бизди топтоп, анан полиция бөлүмүнө алып барып протокол толтурушту. Мага биринчи административдик мыйзам бузуу үчүн 5 миң рубль айып салышты. Эки же андан ашык мыйзам бузгандарды сотко алып кетишти. Көбү кыргыздар болуп чыкты. Полиция кызматкерлери өздөрү эле «кыргызстандыктарды текшерип жатабыз» деп айтышты».

Москвадагы кыргыз элчилиги январдан бери Орусиядагы кыргызстандыктарды 15-мартка чейин миграциялык документтерди иреттөөгө үндөп келген. Пандемияга байланыштуу былтыр мигранттарга берилген жеңилдиктер токтотулуп, текшерүүлөр кайра күчүнө кирери эскертилген.

Мырзапаяс Карагулов
Мырзапаяс Карагулов

«Жарандардан телефон чалуулар, кайрылуулар болуп атат. Көбү айып же эскертүү менен чыгарылып жатышат. Санын так айта албайбыз, бизде андай мүмкүнчүлүк жок», - дейт консулдуктун юристи Мырзапаяс Карагулов.

Бул кезде Москвадагы элчилик кыргыз өкмөтүнүн 9-марттагы буйругуна ылайык, мөөнөтү бүтүп бараткан паспортторду убактылуу 1-сентябрга чейин узартып берип жатат. Мындай чечим бир чети Кыргызстандагы «паспорт кризисинен» улам кабыл алынды.

«Иш күндөрү жарандарыбыз келишсе, ID картаны базадан текшерип, мөөнөтү узартылды деп маалымдама берилет. Ал эми чет өлкөлүк паспорт болсо, ага печать коюлат. Акысыз. Кезекке жараша 1-2 саатта жасалчу иш», - деп түшүндүрдү Карагулов.

Чет жерде жүргөн жарандарга паспортту алмаштырбай, мөөнөтүн убактылуу узартып туруу ыңгайлуураак.

Былтыр коронавирустан улам чектөөлөр киргизилип, мигранттар Орусиядан чыга албай, паспортторун чет жердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө алмаштырышкан.

Мындан улам миңдеген кыргызстандыктарда жаңы паспорт менен миграциялык каттоого туруу үчүн миграциялык картаны кошо жаңыртуу муктаждыгы пайда болгон.

Мигранттар аны Орусиянын ИИМ бөлүмдөрүндө алмаштыра албай, же чек арага чыгып келе албай, бир тобу арасат абалда турушат.

Эрланбек Токтосунов
Эрланбек Токтосунов

«Миграциялык картага паспорттун номуру жазылат да. Анан паспорт жоголсо же аны алмаштырса, аны жаңыдан алган жарандарыбыз кайрадан миграциялык карта ала албай кыйналып жатышат. Бул ИИМдеги миграция башкармалыгынын иши. Алар экинчи же жаңы паспорт менен миграциялык картаны алмаштырып берүүдөн баш тартып жатышат. Мекендештер чек арадан чыгып, кайра кириши керек болот. Авиабилет акылары азыр кымбат. 60-70 миңден 100 миң рублга чейин сатылып жатат. Бул туура эмес. Бул ИИМдин миграция башкармалыгы менен эле чечиле турган маселе да» деди Москвада юридикалык көмөк көрсөткөн адвокат Эрланбек Токтосунов.

Орусияда миграциялык эрежелерди сактабаган чет өлкөлүктөр административдик жоопко тартылат. 1-2 мыйзам бузууга айып пул же эскертүү берилип, андан ашса ал адам өлкөдөн чыгарылып, «кара тизмеге» киргизилет.

Токтосунов миграциялык текшерүүлөр кайрадан күч алган кезде 1-2 административдик мыйзам бузуу үчүн кыргыз жарандарынын Орусиядан депортацияланып жатканы курч көйгөйгө айланганын белгилейт.

«Биздин мекендештердин көбү миграциялык каттоого турган жеринде жашабайт. Ал эми участкалык полиция кызматкерлери кайсы жерде, кайсы батирде мигранттар жашарын жакшы билишет. Үймө-үй кыдырып, текшерип жатышат. Кээ бирине айып салып коё беришет. Ошол эле кезде Орусияга кирүүгө тыюу салып, соттун чечими менен өлкөдөн чыгарган учурлар көбөйдү. Бул Орусиянын Баш мыйзамына да туура келбей турган нерсе. Бир мыйзам бузуу үчүн бир жаза чегерилиши керек. Биздин жарандар болсо айып пул да төлөп, анан кийин да ал мыйзам бузуу катары эсепке алынып, депортацияга туш болуп жатышат. Бул ЕАЭБдин алкагында мамлекет башчылары сүйлөшө турган нерсе. Мен убагында бул маселе боюнча Кыргызстандын президентине кайрылып, бул маалымат Евразиялык комиссияга жөнөтүлгөн. Бирок, ал жактан жооп жок».

Орусияда кеминде 750 миңдей кыргызстандык миграцияда жүрөт. 57 миңден ашуун кыргыз жаранына өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Орусияда оор кырдаалга туш болгон, тезинен чара көрүүнү талап кылган бардык көйгөйлүү маселелер боюнча элчи Гульнара-Клара Саматтын түз байланыш номери +7 (925) 2855047, консулдуктун номери +7 (925) 1155047.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG