Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Полициянын токмогун жеген мигрант арызданды


Рейд учурунда, Орусия
Рейд учурунда, Орусия

Москвада иштеген кыргызстандык жаранды 9-мартта полиция кызматкерлери кармап, ур-токмокко алган.

24 жаштагы Арген Орозобаев бир жарым жылдан бери бир чоң ишканада жыгач уста болуп иштейт. Ал 9-марттын түнүндө теңтуштары менен жашаган үйүнө кайтып бараткан жолдо шам-шум этүүгө бир нерсе сатып алуу үчүн токтошкон. Мигранттар полиция кызматкерлеринин көзүнө ошондо илинген.

«Алар биз жакка басып келгенде эле видеого тарта баштагам. «Өзүңүздү тааныштырыңыз. Эмне себептен бизди токтотконуңузду түшүндүрүңүз» дедим. Желкемден сүйрөп барып эле машинасына отургузду. Мен аларга каршылык көрсөткөн жокмун. Бирок видеого тарта бердим. Жанымдагылардын документтерин текшерип, аларды коё беришти. Мени болсо полиция бөлүмүнө алып жөнөштү. Жолдо телефонумду жулуп алышты. Капюшонумду бетиме түшүрүп, баса калып, өпкө-жүрөккө, бөйрөккө соккулап, электрошокер менен бир нече жолу урдурушту. Бөлүмгө барганда эч кандай ишти каттабай, протокол түзбөй эле ичкери алып киришти. Мен жаткан камерага жакта видеокөзөмөл жок экен. Ошол жерден катуу сабады. Бирөөсү аябай агрессивдүү экен».

Социалдык түйүндөгү посттон коллаж
Социалдык түйүндөгү посттон коллаж

Полиция бөлүмүндө Аргенге ар кандай арыздарды алып келип, ага кол койдурууга аракет кылышкан.

«Камерага камап коюшканда, түнкү күзөттө турган аял кызматкер кагаздарды алып келди. Сурасам «коомдук жерде ичимдик ичкениң үчүн административдик протокол түзүлдү» деди. Мен теңтуштарым менен мончодон чыгып, үйгө кетип баратканыбызды, ачка болгондуктан шаурма сатып алуу үчүн гана токтогонубузду, эч кандай ичимдик ичпегенибизди түшүндүрдүм. Кагаздарынын бирөөнө да кол койбойм дедим. «Анда 48 саат камакта отурасың» деп кетип калды. Башка катуу сокку жегендиктен көңүлүм айнып, камерадан эс- учумду жоготуп жыгылдым. «"Тез жардам" чакырып бергилечи» деп сурандым. Суу да беришкен жок, дааратканага да чыгарышкан жок. "Кол кой" деп улам бир кагаз көтөрүп келишет. Анан аргасыз «майда бейбаштык» деген прокотолго кол коюп бердим».

Камакта үч сааттай отурган Арген бөлүмдөн чыкканда өзүн начар сезип, «Тез жардам» чакырган. Москвадагы №67 ооруканада ур-токмоктон кийинки так, шишиктерди тастыктаган справкасы бар.

Андан соң ал орус калаасында борбор азиялык мигранттарга укуктук көмөк көрсөткөн Валентина Чупикке кайрылган.

Валентина Чупик
Валентина Чупик

Чупик полиция кызматкерлери кыргыз жаранын мыйзамсыз камакка алуу менен Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелерин бузганын белгиледи.

«Москвада полициянын мигранттарга карата зулумдугу токтогон жок. Эч негизсиз камакка алып, убактылуу кармоочу жайларда кармап, күч колдонгон учурлар толтура. Мигранттардын баары эле полициянын аракетин видеого тартып, токмок жесе, ооруканага барып ден cоолугуна келтирилген залаканы каттатпайт. Мындай жагдайларга кыргызстандыктар көбүрөөк кабылат. Чынын айтыш керек, кыргыздардын арасында ичимдик ичип же кызуу абалда ушундай окуяга кабылгандар көп. Экинчиден, кыргызстандык мигрант аялдар да бар. Аларды уруп-сабап, күч колдонушпаса да, суу бербей, дааратканага чыгарбай, эч негизсиз бир нече саатка камап, кыйноого алат. Үчүнчүдөн, мигранттар мындай жагдайда өз укуктарын кантип коргошту билбейт. Аларды коргогон эч ким жок», - деди Чупик.

Чупик таяк жеген мигрант Орозобаевге юридикалык жана укуктук жардам көрсөтүп, полиция кызматкерлеринин аракеттери боюнча прокуратура, ИИМдин Жеке коопсуздук башкармалыгына арыз жазууга көмөктөшкөн. Биз ага байланышкан маалда Орозобаев иште экенин, арызды ташыруу үчүн жумуштан суранганы жатканын кошумчалады.

«Мындай арыздардан жыйынтык болот. Былтыр майда Кремлдин алдында полиция сабаган кыргыз бала арыз жазган. Апрелде соту башталат. Аны отуздай полиция кызматкери сабаган. Биздин арыздардын негизинде экөөнү таап, жоопко тартканы турушат. Алар кызмат абалын пайдаланышкан, зомбулук көрсөткөн. Бул беренелер боюнча 12 жылга чейин абакка кесүү жазасы каралган. Эми 12 жыл бербесе да, кылмыш иши козголуп, сотко өткөнү башка полиция кызматкерлерине сабак болот» деп белгиледи укук коргоочу.

2020-жылы майда 26 жаштагы кыргыз жараны Ысманалиев Нди Кремлге жакын жерде ондогон полиция кызматкерлери сабаган. Анын баш сөөгү менен эки буту жабыркаган.

Бул окуя боюнча Чупик Орусиянын ИИМнин Жеке коопсуздук башкармалыгына, Тергөө комитетине, прокуратурага арыз жөнөтүп, Москвадагы кыргыз элчилигине кабарлаган.

Анда кыргыз элчилиги «Азатыкка» Орусиянын ИИМне окуяны териштирүү тууралуу кайрылуу жөнөткөнүн билдирген.

Бул ирет дагы Москвадагы элчилик бул маселенин үстүндө иштеп жатканын билдирди. Бирок дипломатиялык өкүлчүлүктөн эч ким жабырлануучу Арген Орозобаев менен байланышкан эмес.

Чупик Орозобаевге юридикалык жана укуктук жардам көрсөтүп, полиция кызматкерлеринин аракеттери тууралуу прокуратура, ИИМдин Жеке коопсуздук башкармалыгына арыз жазууга көмөктөшкөн. Биз ага байланышкан маалда Орозобаев иште экенин, арызды ташыруу үчүн жумуштан суранганы жатканын кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG