Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Мигранттардын "кара тизме" көйгөйүн Орусия менен сүйлөшүү сунушталды


Москва шаары. 2018-жылы тартылган сүрөт.
Москва шаары. 2018-жылы тартылган сүрөт.

Орусияда жүз миңден ашуун кыргызстандык мигрант депортация коркунучуна туш болгондуктан, Бишкек менен Москванын ортосунда ушул жаатта сүйлөшүү жүргүзүү сунушталды.

Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында депутат Бурун Аманова мигранттар маселесин көтөрдү.

"Орусия тарап мыйзамсыз жүргөн мигранттарга өлкөдөн чыгып кетүүгө мөөнөт койду. Бизге мигранттар кайрылып, "өкмөт сүйлөшүү жүргүзүп, мунапыс киргизип беришсе" деп жардам сурап жатышат", деди Аманова.

Парламент өкмөткө протоколдук тапшырма берип, маселеге көңүл бурууга чакырды.

Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой 16-апрелде КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын жыйынында сүйлөп жатып, мигранттарга байланыштуу айрым өлкөлөргө эскертүү берген.

Орусияда жүз миңден ашуун кыргызстандык миграциялык эрежелерди сактабай жүргөндүктөн, 15-июнга чейин өлкөдөн чыгарылары айтылган.

Орус бийлигинин ырасташынча, ушул тушта Кыргызстандын 115 миңден ашуун жараны миграциялык эрежелерди бузуп, мыйзамсыз жүрөт. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG