Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:40

Дүйшөмбү менен Москва мигранттардын маселесин талкуулады


Тажик мигранттары.
Тажик мигранттары.

Дүйшөмбү шаарында миграциялык көйгөйлөр боюнча Тажикстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин жана миграция кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү болуп өттү.

Тажикстандын тышкы саясат мекемеси кабарлагандай, анда «тез арада чечүүнү талап кылган маселелер» каралды. Бирок эмне тууралуу сөз болгону кенен маалымдалган эмес.

Бир нече күн илгери Орусиянын ички иштер министринин орун басары КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө мыйзамсыз жүргөн мигранттардын маселесин тез арада чечүүнү талап кылган.

Орусия документ иштерин бүтүрбөгөн мигранттарга 15-июнга чейин чыгып кетүүнү же өлкөдө жүрүү тартибин мыйзамдаштырууну эскерткен.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 1 миллиондон ашуун мыйзамсыз мигранттар бар. Алардын көпчүлүгү Өзбекстанга, Тажикстанга, Украинага, Азербайжанга жана Кыргызстанга туура келет.

XS
SM
MD
LG