Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Орусия: Метродогу жардырууну кыргызстандык жетектеген сириялык топ уюштурган


Санкт-Петербургдагы жардыруу. 3-апрель, 2017-жыл.
Санкт-Петербургдагы жардыруу. 3-апрель, 2017-жыл.

Орусиянын Тергөө комитети Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруу үчүн сириялык "Катиба Таухид валь-Жихад" тобун айыптады.

ВВС жазып чыккандай, мындай маалыматты Тергөө комитети 3-июлда жардырууну уюштурууга шектүүлөрдүн бөгөт чарасын узартуу боюнча Москва шаардык сотундагы жараян учурунда билдирди. Окуяда 112 киши жабырлануучу деп табылган.

Тергөө комитетинин маалыматына караганда, Орусияда тыюу салынган "Катиба Таухид валь-Жихад" тобу 2014-жылы түзүлүп, Сириянын президенти Башар Асадга жана аны колдогон орусиялык күчтөргө каршы согушуп келген. Анын лидери Кыргызстанда төрөлгөн "Абу Салах" деген каймана аты бар адам. Чыныгы ысымы Сирожиддин Мухтаров. 1990-жылы Ош облусунун Кашкар-Кыштак айылында туулган деген маалымат бар. 2000-жылдарда Мухтаров Сирияда теологиялык билим алып, Кыргызстанга келгенден кийин Оштогу мечиттердин биринде имамдын жардамчысы болуп иштегени, 2012-жылы Сирияда "Катибат Имам аль-Бухари" уюмуна кирип, анын жактоочулары менен бирге "Катиба Таухид валь-Жихадды" түзгөнү кабарланды.

Былтыр 3-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болгон метро жардыруусунан жанкечти менен кошо 16 киши өлгөнү маалымдалган.

Жардырууну Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов ишке ашырганын Орусиянын укук коргоо органдары билдирип, Борбор Азиядан барган он чакты кишини кармаган.

XS
SM
MD
LG