Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Кедейчилик кендирин кескен балалык


"Дордой" базарында. Бишкек. 1-июнь, 2021-жыл.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 340 миң бала жакырчылыкта жашайт. Алардын көпчүлүгүн жалгыз бой энелер багат.

Базардагы балалык

Үч жаштагы Аделя күн жылыгандан бери эртеден кечке "Дордой" базарын апасы менен чогуу кыдырат. Күнүн суусундук салынган чакан арабанын бир четинде өткөрөт. Анда-санда "суу алгыла, муздак суу" деп кыйкырган апасы менен иши жок, телефон менен ойноп баратты.

Аделянын төрт жана жети жаштагы эки агасы бар. Аларды апасы Аида базарга иштегени кеткенде үйүнө камап кеткенге аргасыз:

"Тамак-ашын даярдап, столго дайындап коюп кетем. Мен барганча ойноп отуруп турушат. Коңшу эже бар, ошол анда-санда тыкылдатып, кабар алып турат. Улуу балам жетиге чыкты. Ал баш-көз болуп турат. Бала караганга жарап калды. Кээде суук күндөрү кичинекей кызымды да калтырып келем".

"Дордой" базарынын жанындагы батирлер.
"Дордой" базарынын жанындагы батирлер.

Аида бала чагында өзүн дагы апасы сүт сатканы кеткенде кичүү бөбөктөрү менен үйгө камап коерун эстеди.

"Кичинекей кезимде апам шаарда кабат үйлөрдү кыдырып, сүт-айран сатчу. Бизди да үйгө камап кетчү эле. Азыр эми мен да ошентип камап кетем... Тагдырыма ушундай жашоо буйруган экен, мектепке толук бара албай жүрүп бүттүм. Классташтарым жогорку окуу жайларына тапшырууну кыялданып жаткан кезде мен таң эрте дүңүнөн сатып алган сүт "Акыркы коңгуроо" аяктап, мен базарга барганча ирип калбаса экен деп тилеп отургам. Апама айран-сүт сатууга жардам берип иштеп жүрүп, апам оорудан көз жумду. Атам мен бала кезимде кайтыш болду. Ал да ооручу. Москвага иштегени барып, өзүмө окшогон жарым-жартылай жетим бир жигитке баш коштум. Жолдошум Москвада жөн жүрбөй, ээнбаштык кылып, депортация болду. Аны ээрчип келип, бул жакта тун уулумду төрөдүм. "Дордойдо" күнүмдүк оокатыбызды өткөрүп жүргөндө, жолдошум уурулукка шектелип камалды. Эптеп бар тапканыбызды берип, кайра чыкты. Экинчи балалуу болдук. Кичүү уулум бир жашка толбой кайра кош бойлуу болуп калдым. Жолдошум "боюңдан алдыр" деп чыкты. Мен ага макул болбой койсом, кетип калды. Ошондон бери дайынсыз. Ал кеткенде курсагымда төрт айлык калган кызым үчкө чыкты. Эмгиче кабарсыз. Айла жок, өзүм эптеп күн кечирип жатам. Күнүгө ушинтип суу алып, сатып, 500 сом, жакшы болгондо 1000 сом табам. Тамак-ашка, батирге төлөгөнгө жеткирем эптеп. Кайрымдуу адамдар бар, тамак-аш, кээде кийим-кече жагынан каралашып турушат".

Улуттук статистика комитетинин 1-июндагы маалыматына караганда, Кыргызстанда оор шартта жашаган 106 миң үй-бүлө катталган. Анда жалпысынан 340 миңдей бала бар.

Бишкектеги "Дордой" жана "Ош" базарларынын жака-белинде өзгөчө оор шартта, бир бөлмөлүү батирлерде эптеп күн көргөн үй-бүлөлөр, эки жана андан көп балалуу жалгыз бой энелер көп. Алардын басымдуу бөлүгү балдары менен чогуу базарда кагаз терип, чай-суу сатып, күнүмдүк акчага иштейт.

"Дордой" базарында коробка жана желим баштык чогултуп иштеген балдар.
"Дордой" базарында коробка жана желим баштык чогултуп иштеген балдар.

Мындай энелердин жыл өткөн сайын көбөйүп жатканын "Балдарды коргоо борбору" бейөкмөт уюмунун социалдык кызматкери Анархан Султанова "Азаттыкка" айтып берди.

"Биздин борбор "Дордой" жана "Ош" базарында иштеген, оор шартта жашаган балдарды колдоо иштерин 1998-жылдан бери жүргүзүп келе жатат. Тилекке каршы, мындан жыйырма жылга салыштырмалуу азыр кыйналып жашаган үй-бүлөлөр көбөйүп жатат. Учурда биздин борбордо катталып турган 80 үй-бүлөнүн баары батирде жашайт. Батир деп айтууга деле болбосо керек, кенедей бөлмөдө күн көрүшөт. Ошол 80 үй-бүлөнүн 65и жалгыз бой энелер".

Султанованын айтуусунда, мындан 15-20 жыл мурун жакыр үй-бүлөнүн балдары катары борборго келип, бир маал ысык тамак ичип кетип жүргөн кыздар-балдардын айрымдары учурда үй-бүлө күтүп калышкан. Эми борборго кээ бирлеринин балдары да келе баштады.

"Бала кезинде жашоосу оор болгондуктан, биздин борборго катталып, ысык тамак ичип, жардам алып жүргөн кыз бар эле. Атасы жок, энеси иччү. Кыз 16га толгондо эле турмушка чыгып алып, төрөгөн. Азыр эми биздин борбордон анын балдары жардам алып жатышат. Тилекке каршы, биздин борбордо жүрүп, оор шартта чоңойгон балдардын көпчүлүгүнүн азыр деле турмушу оор. Жогорку окуу жайынан окуп же өз алдынча ирденип кеткендери өтө аз. Көпчүлүгү дагы деле базарда, же Орусияга иштегени кетишет".

"Мээрим" фонду баштаган "мээримдүү" программалар

Кыргызстанда балдарды коргоо жана колдоо жаатында өлкө эгемендик алган жылдардан тартып бир катар программалар кабыл алынып, "Мээрим" фонду өңдүү кайрымдуулук фонддор иштеген.

Мурдагы биринчи айым Майрам Акаеванын "Мээрим" фонду ишин жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөтүү менен баштаса да, коомчулуктун эсинде коррупцияланышкан фондго айланганы менен калды. Ушундан уламбы, 2005-жылдан кийинки мамлекеттин башына келген президенттердин жубайлары андай кайрымдуулук менен алектенүүдөн алыс болушту.

Мурдагы президент Аскар Акаев кызы жана жубайы Майрам Акаева менен. Майрам Акаева эл аралык "Мээрим" кайрымдуулук фондун он жылдан ашуун убакыт башкарган.
Мурдагы президент Аскар Акаев кызы жана жубайы Майрам Акаева менен. Майрам Акаева эл аралык "Мээрим" кайрымдуулук фондун он жылдан ашуун убакыт башкарган.

Бул жааттагы серепчилер экс-президент Роза Отунбаеванын балдарга багытталган алгылыктуу иштерин белгилешет. Маселен, элеттик балдар үчүн "Жайлоодогу бала бакча" программасы кыйла эл оозуна алынган. "Отунбаеванын демилгелер фонду" ушул тапта Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын Ысык-Көлгө алып барып, реабилитациядан өткөрүп жатат.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 2020-жыл "Балдарды коргоо жана коргоо жылы" деп жарыяланган. Бирок статистикалык маалыматтар былтыр балдарга байланыштуу кейиштүү окуялар көп болгонун көрсөттү.

Жыл башталбай жатып, зомбулукка кабылган балдардын саны өссө, жалпы 2020-жылы 98 жашы жете элек бала өз жанын кыйган.

"Жайлоодогу бала бакча" долбоору менен иштеген бала бакча. Ак-Сай жайлоосу. 2018-жыл.
"Жайлоодогу бала бакча" долбоору менен иштеген бала бакча. Ак-Сай жайлоосу. 2018-жыл.

"Үмүт булагы"

Былтыр октбярь окуяларынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова "Үмүт булагы" аттуу кайрымдуулук фондун иштетип жатканы кабарланган. Фонддун сайтында:

"Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарованын демилгеси менен түзүлгөн "Үмүт булагы" коомдук фонду бүткүл өлкө боюнча иш жүргүзөт. Биз бүткүл Кыргызстан боюнча жалгыз бой энелерге, жетим балдарга жана башка калктын аярлуу катмарына жардам беребиз",деп жазылган.

Сайттагы маалыматка караганда, фонд билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, экология, илим жана укуктук коргоо багыттарына артыкчылык берет.

Садыр Жапаров 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосун жолдоп, оор шартта жашаган, "Дордой" жана "Ош" базарында иштеген балдарды кабыл алды.

Анда президент балдарга өзүнүн иш бөлмөсүн көрсөтүп, жумуш күнү кантип өткөрөрүн айтып, балдардын окуусу тууралуу сурап, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Президент балдарды кабыл алды. Бишкек. 1-июнь, 2021-жыл.
Президент балдарды кабыл алды. Бишкек. 1-июнь, 2021-жыл.

"Жаш муундун бактылуу балалыкта чоңоюп, бекем ден-соолукта болушун жана ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу биз үчүн маанилүү. Силердин куракта эң негизгиси жакшы окуп, билим алуу зарыл. Өз кесибиңердин билимдүү адиси болуп чыксаңар, алдыңарда бардык эшиктер ачылат, анткени билимдүү адамдын колунан бардык нерсе келет. Биз болсо силердин бактылуу балалыкта чоңоюп, жашооңордун ийгиликтүү болушу үчүн колдон келген бардык нерсени жасайбыз", -деди Жапаров.

800 сом жөлөк пул, кайдыгер мамиле

Ал арада Дордойдо суусундук саткан жалгыз бой келин Аида балдарына ай сайын 800 сомдон 2400 сом жөлөк пул алат. Бул акча жетпесин айткан маектешибиз мамлекет балдардын жөлөк пулун көбөйтүп берсе деп тилеп келет.

"Азыр мен үч балама жалгыз бой эне катары 2400 сом алам. Өзүм күндө минтип суу сатып тапканымды кошкондо балдардын тамак-ашы менен батир акчасынан артпай калат. Кийим-кечеден кыйналам. Эркек балдар өзгөчө тез жыртат экен кийимди, бат эле жылаңаяк калышат. Батирге 2000 сом төлөйм. Кышында электр энергиясына көп акча кетет, анткени жылыткыч сайып отурабыз".

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашы жете элек балдарына ай сайын 800 сомдон жөлөк пул берилет. 2017-жылга чейин жөлөк пул 500 сом болчу. 2017-жылы азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы дээрлик эки эсе арзан болгонун эксперттер айтып жүрүшөт.

"Кыргызстан балдарын начар баккан өлкө"

Балдар маселелери боюнча эксперт Кумар Эргешова оор шартта жашаган үй-бүлөлөр, балдардын маселесине мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл бурулбай келе жатат деп эсептейт.

Кумар Эргешова.
Кумар Эргешова.

"Биринчи кезекте, отуз жылдан бери балдар менен үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча көп, кооз программалар кабыл алынды. Бир нече жолу балдарды коргоо жана колдоо жылдарын өткөрдүк. Бирок мамлекеттик деңгээлде балдар үчүн эмне жасалды? Жөлөк пул балдардын курсагы тойгудай өлчөмдө болушу керек.

Жаңы конуштарда балдар үчүн акысыз спорттук секциялар же кружоктор жок. Мындай айылдарда балдардын балалыгы көбүнчө базарда өтүп жатат. Айрым адистердин пикиринде, баланын жетилип келе жаткан психологиясы базар аркылуу тарбияланып, ошону сиңирип жатканы өкүнүчтүү маселеге айланды.

Ички миграциянын айынан мамлекет кепилдеген көптөгөн кызматтарды ата-энелер ала албай келе жатышат. Балдар ата-энесинин дайыма жанында болуусун, туруктуу камкордукту көрүп, бактылуу балалыкта чоңоюуну каалайт. Бирок тилекке каршы, биздин көпчүлүк балдар мына ушундай мээримден куру жалак калууда. Мындай ата-энесинин камкордукгунан куру жалак калган балдар өздөрү жетилип, өздөрүнүн балдарына да ошол мээримди, ошол камкордукту бере албай жатышат. Бул дагы өтө өкүнүчтүү",-деди Эргешова.

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, акыркы эки жылда жашы жете электер арасындагы суицид көбөйгөн. 2020-жылы 98 бала өз жанын кыйса, быйылкы үч айда 25 бала суицид кылган. Буга пандемия шартындагы чектөөлөр жана карантин, ошол эле учурда турмуштук оор шарттар себеп экени айтылып келет.

БУУнун аныктамасынан: "Балдардын жакырчылыгы алардын керектүү тамак-аш менен жетишерлик нормада тамактанбагандыгы, сабатсыздыгы, медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, ошондой эле мектепке барууга окуу куралдарына, кийим-кечелерине каражаттын жоктугу менен шартталат. Мындай балдардын көпчүлүгү көп балалуу үй-бүлөлөлөрдөн, ата-энеси жумушсуз, оорукчан же болбосо тапкан акчасы үй-бүлөсүн бакканга жетпеген социалдык топту түзөт".

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG