Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:56

Улуттук банктын эсептик чени жана экономика


Кыргызстандын улуттук валютасы.

Улуттук банк Кыргызстандын экономикасында алгачкы позитивдүү белгилер байкала баштаганын кабарлады. Буга ички дүң продукциянын өсүшү жана сырттан келген акчанын арбышы мисал келтирилди.

Ушуга байланыштуу мекеме коммерциялык банктарга берчү насыясынын үстөгүн жогору калтырды. Бирок төрт айдын жыйынтыгында экономика салыштырмалуу төмөн чыгууда.

Эсептик чендин баяны

Өлкөнүн башкы каржы көзөмөл мекемеси экономикалык жагдайга байланыштуу баасын эсептик чен жөнүндө жасаган билдирмесинде маалымдады.

Мекеме акыркы жолу койгон 6,5% эсептик ченди 1-июнга карата да бекитти.

Улуттук банктын Экономикалык башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Азат Козубеков муну мындайча чечмелеп берди.

Азат Козубеков
Азат Козубеков

“Март айынын аягынан жана апрель айынын башынан баштап экономика ишенимдүү түрдө калыбына келип жатат. Муну ички дүң продукциянын статистикасы жана башка экономикалык көрсөткүчтөр ырастап турат. Өлкөдөгү экономиканын калыбына келиши биринчи кезекте транс чек аралык сооданын жанданышынын жана экономиканын ирегелеш тармактарындагы өсүштүн эсебинен болууда. Биздин баамыбызда экономиканын калыбына келиши туруктуу мүнөздө болот. Соода өнөктөш өлкөлөр тараптан чектөөлөрдүн алынышы муну дагы тездетет. Ушул жагдайларды эске алуу менен Улуттук банктын башкармалыгы эсептик ченди ушул абалда кармоо чечимин кабыл алды”.

Экономиканын абалына киришерден мурда биз алгач эсептик чендин өзүн талдап алалы.

Демек, англисче “discount rate” же орусча “учётная ставка” түшүнүгү кыргыз тилине “эсептик чен” деген аталыш менен кирген. Бул насыялоо тармагында колдонулуучу финансылык термин.

Биздин шартта Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдөгү коммерциялык банктарга берген насыянын же карыздын үстөк пайызы кеп болуп жатат. Бул башкы банктын эсептик чени канчалык жогору болсо, менчик банктардын калкка берген насыясынын үстөк пайызы да ошончолук жогору болот деген сөз.

Улуттук банк 2020-жылы Кыргызстандын экономикасы төмөндөгөн кезде эсептик ченди 4,25-5% чейин түшүргөн. Быйыл февралда 5,50% көтөрүп, апрелде 6,5% чыгарган.

Улуттук банк өз каражаттарын коммерциялык банктарга так мына ушул пайыз менен берет да, анын үстүнө 11-12% кошууга уруксат берет. Натыйжада банктардын насыясынын үстөгү 17,5-18,5% болуп калат.

Ошентип Улуттук банк койгон эсептик чен соңунда калктын насыялардын көбүрөөк же азыраак алышына таасир этип турат. Ал эми элдин колундагы акча бул – экономиканы кыймылдатып турган негизги инструмент.

Мына ошол себептүү абстракттуу сезилген “эсептик чендин” жалпы экономикада орду чоң жана ошону үчүн өзүнчө сөз болду.

Экономист Нургүл Акимова бул жагдайга мындайча баа берди.

Нургүл Акимова
Нургүл Акимова

“Улуттук банк эсептик ченди түшүрсө болмок. Алардын регулятору алсыз, ошондуктан эсептик ченди көтөрүп коюу алар үчүн оңоюраак. Азыр ошол жол менен баратат. 6,5% негизи көп. Анткени бизде азыр кымбатчылык болуп жатат, инфляция болуп жатат. Биздеги инфляция товардык инфляция эмес, монетардык инфляция. Башкача айтканда, товар көбөйүп кеткенден эмес, акча массасы көбөйүп кеткенден жаралды. Элде жакырчылык күчөдү, миллиондон ашык калк кедей деп эсептелет. Миллиондон ашык адам банктарга карыз. Ошондуктан биздин учурда эсептик чен 2% ашпаш керек эле. Эсептик ченди көбөйтүп коюу чакан топтун кызыкчылыгы үчүн ишке ашып жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө фондулук биржалар жетиштүү иштегени үчүн эсептик чен экономикага көп таасир этпейт, кыйыр гана мааниге ээ. Бизде бизде фондулук рынок өнүкпөгөндөн улам эсептик чен, насыялардын үстөк пайызы экономикада чоң роль ойнойт. Банктардан карызга алып жашаган калктын жашоосуна бул түздөн-түз таасир этет”.

Албетте, кээ бир банктар жана микрокредиттик компаниялар насыяларынын үстөгүн кыйла эле көтөрүп алышары белгилүү. Үстөк айрымдарында 20%, кээлеринде 30% чейин жетип кетет. Бул шартта алар каражаттарды чет элдик инвесторлордон же жергиликтүү башка булактардан алган деп түшүнсөк болот.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда акчанын жалпы массасы майдын башына карата 284 млрд. сомдон ашкан. Мунун 167 млрд. сому банктарда, 117 млрд. сому элдин колунда.

Экономикалык темптин жагдайы

Эми Улуттук банк келтирип жаткан экономикалык көрсөткүчтөргө келели. Мекеме бул боюнча өз аргументтеринде ички дүң продукциянын бир бөлүгүнүн гана темпин мисал тартууда.

Улуттук банктын Экономикалык башкармалыгынын Акча-кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Айнура Мамбеткул кызынын сөзүн угалы.

Айнура Мамбеткул кызы
Айнура Мамбеткул кызы

“Экономиканын жигердүүлүгүнүн акырындап калыбына келишинин алкагында алгачкы алгылыктуу белгилер байкалууда. Анын ичинде 2021-жылдын январь-апрель айларында “Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, реалдуу ички дүң продукциянын өсүшү 1,1 пайызды түзгөн. Ички керектөө бир калыпта катталууда жана ал өлкөгө акча которуулардын эсебинен колдоого алынууда. 2021-жылдын январь-март айлары ичинде жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кириши 420,0 млн. АКШ долларын түзүү менен 22,4 пайызга жогорулаган”, - деди ал.

Арийне, Улуттук статистика комитети өзүнүн баштапкы эсебинде “Кумтөр” кенинен сырткаркы ички дүң продукция алгачкы төрт айда 149 млрд. сомду түзүп, 1,1% өскөнүн маалымдаган. Бирок ушул эле мекеме “Кумтөрдү” эске алгандагы ички дүң продукциянын көлөмү 166 млрд. сом болуп, 3,8% төмөндөгөнүн да билдирген.

ИДП январда 7,6%, январь-февралда 8,9%, январь-апрелде 9,4% артка кеткен. Январь-апрелдин 3,8% төмөндөө көрсөткүчү бул сандарга караганда түзүгүрөөк деңизчи, бирок али өсүүгө чыга элек.

Анүстүнө бул көрсөткүчтөр былтыркы жылдын эсептерине салыштырылып жатат. Өткөн жылы коронавирус пандемиясы башталып, карантиндик чектөөлөрдөн улам экономика ансыз да ылдыйлаган.

Маселен, кыргыз экономикасы 2019-жылдын алгачкы төрт айына салыштырмалуу 2020-жылдын төрт айында 3,8% төмөндөгөн. Азыр төрт айда так ошол төмөндөгөн көрсөткүчкө салыштырмалуу 3,8% төмөндөп жатат.

Мына ушул жагдайлардан улам мурдараак Жогорку Кеңештин депутат Осмон Турдумамбетов быйылкы көрсөткүчтөр былтыркы сандар менен салыштырылып жатканын сынга алган.

Осмон Турдумамбетов
Осмон Турдумамбетов

“Экинчи кварталдан баштап “былтыркы жылга салыштырмалуу” дегенди токтотсок. Ооба, экономикада базалык жыл деген түшүнүк бар. Бирок эгер салыштыргыбыз келсе, былтыркы жылдан башка жылга салыштырып айталы. Пандемияда токтоп калган нерсени, былтыркыга караганда көп чогулттук деген уят. Анткени былтыр өндүрүш, бизнес, чакан ишкерликтин баары жабык болчу, кийин эле иштей баштаган”, - деген ал парламенттин комитет жыйынында.

Эл аралык финансылык институттар, анын ичинде Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикасы быйыл жыл жыйынтыгында 3,8% чейин жогорулайт деген болжол берген. Жергиликтүү эксперттер болсо жалпы дүң жыйым 5-10% минус менен чыгарын эскертишкен.

Кантсе да мунун баары коронавирус пандемиясынан, чек араларда каттамдын жанданышынан жана эл аралык сооданын артышынан көз каранды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG