Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:37

Кумтөрдүн төлөмүнүн көлөмү


Кумтөрдүн алтыны.

Кыргызстан Кумтөр кенин убактылуу колуна алды. Бирок кендин айланасындагы азыркы талаш Кумтөрдү кыргыз өкмөтүнүн колунда биротоло калтырышы да мүмкүн болуп турат. Мында эл аралык соттошуу өзүнчө коркунуч, андан башка экономикалык тобокелдиктер да бар. Анткени кендин үлүшү өлкөнүн ички дүң продукциясынын 10-12% түзүп, жылына 10 млрд. сомдой түз салык түшүп турчу. Эгер кен жетиштүү иштебей калса же чала иштесе, экономика менен казына ушундан куржалак калчудай.

Салыктык төлөмдөрдүн баяны

Биз башта кенден түшкөн салык жөнүндө өзүнчө кеп кылып алалы. Бул үчүн Экономика жана финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын маалыматынан баштайлы.

Мекеме 1995-жылдан 2020-жылга чейин сандарды берди. Бул аралыкта кенди “Камеко”, “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кумтөр Голд Компани” компаниялары иштетип турду. Компаниялар төлөгөн салык алгачкы жылдары аз эле сумманы түзсө, жылдан-жылга көбөйө баштаган.

Салык кызматынын басма сөз кызматкери Атай Бегалиев буларды билдирди.

“Кумтөр кени ишке кирген жылдары, маселен 1995-жылы 6,5 млн. сом, 1996-жылы 10 млн. сом салык түшкөн. 2000-жылы жылдык төлөмдөр 100 млн. сомго жакындаса, 2008-жылы 1 млрд. сомдон ашкан. Соңку, 2020-жылдын маалыматын алсак, кенден 9 млрд. 985,1 млн. сом салык түшкөн. Ошондо 1995-жылдан 2020-жылга чейин Кумтөрдөн жалпы 78 млрд. 216,4 млн. сом салык алынган”, - деди ал.

1995-жылдан 2020-жылга чейин Кумтөр кенинен түшкөн салыктардын көлөмү. Салык кызматынын маалыматы.
1995-жылдан 2020-жылга чейин Кумтөр кенинен түшкөн салыктардын көлөмү. Салык кызматынын маалыматы.

Салык кызматынын өкүлү түшүндүргөндөй, мунун ичине сатуудан түшкөн салык, пайдадан түшкөн салык, кошумча нарк салыгы, роялти, бонус жана башка бардык түз салыктар кирет. Бажы алымдары жана башка милдеттүү төлөмдөр буга кошулган жок.

Мурдараак Кумтөрдү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голд” ишканасы иштей баштагандан бери 1 млрд. 166 млн. долларлык салыкты төлөбөй койгону аныкталганын маалымдаган.

20-майда Жогорку Кеңеште маалымат жыйынын өткөрүп жатып ал сөз болуп жаткан сумма “Кумтөр Голд Компани” “Центеррага” которгон дивиденддерден алынбай калган салык экенин түшүндүрүп берген.

“Кыргызстанда чет мамлекеттен келген жаран же компания иштеп киреше тапса, кирешени чыгарып баратканда 10% салык төлөйт. Муну салык инспектору 2017-2018-жылы текшерип жатканда эле байкаптыр. Бирок “Кумтөр Голд Компани” дивиденддерди “Центеррага” жиберип жатканда салык төлөбөйт. Келишимге “ички акча жүгүртүүлөр”, “үчүнчү жак” деп жазып койгон экен, ошого таянып төлөбөй келген. Биздикилер “макул” дей берген экен. Канададан “Центерра” компаниясы “Кыргызалтындын” 26 пайыз акциясы үчүн 84 млн. доллар дивиденд төлөгөндө 5% салык кармап калыптыр. Салык инспектору “Кыргызстандагы “Кумтөр Голд Компани” силерге дивиденд которгондо салык кармабайбыз, силер кожоюнуңар “Кыргызалтынга” дивиденд берсе салык кармайсыңар” деп 10% салык боюнча акт жазыптыр. “Кумтөр Голд Компани” 1 млрд. 328 млн. доллар дивидендди Торонтого “Центеррага” которгон экен. Ошого 10% салыкты салдык. Ал 138 млн. доллар болот, ага үстөк жана айып пулдарды кошкондо 1 млрд. 166 млн. доллар. Салык инспекциясынын текшерүүсү бүттү. 17-майда актыны “Кумтөр Голд Компаниге” бердик. Макул болсоңор төлөп бергиле, болбосо сотко кайрылгыла дедик”, - деген Акылбек Жапаров.

Комиссиянын төрагасы келтирип жаткан 1 млрд. 166 млн. долларды азыркы курс менен которгондо 140 млрд. сомдой каражат болот.

Салык кызматы Кумтөр кенинен 25 жылда 78 млрд. сом түшкөн деген маалыматы туура болсо, анда бул аралыкта мындан эки эсе келген салык алынбай калган деген бүтүм чыгат.

Кумтөрдүн жүйөсү, каршы пикирлер

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы ээлик кылган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы өз отчётунда Кыргызстандагы төлөмдөрүнүн бардыгын кошуп чыгарчу. Анын ичинде салык, бажы, социалдык фондго төлөмдөр, лицензия жана уруксат кагаздарына кеткен каражаттар, экология жана аффинаж үчүн берилген каражаттар, дивиденд, электр энергиясы жана башка коммуналдык төлөмдөр, кызматкерлердин маяналары да бар эле.

Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна, Жаратылышты өнүктүрүү фондуна жана башка социалдык долбоорлорго бөлүнгөн каражаттар да ушу топко бириктирилген.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын отчётундагы “Кыргызстандын аймагындагы төлөмдөр” деп аталган сумма соңку жылдары 300-350 млн. доллардын тегерегинде болуп келген.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын президенти Деон Баденхорст былтыр 24.kg сайтына берген маегинде бул жөнүндө мындай маалымат айткан.

Деон Баденхорст
Деон Баденхорст

“Өтүп кеткен 2019-жыл компания үчүн да, биздин төлөмдөрүбүздөн пайда тапкан Кыргызстандын экономикасы үчүн да ийгиликтүү жыл болду. 2019-жылы биз 18,7 тонна алтын казып алдык. Кыргызстандагы төлөмдөрүбүз, милдеттүү салыктарды жана төлөмдөрдү кошо эсептегенде 366 млн. доллардан ашты”, - деген ал.

2020-жылы 17,7 тонна алтын өндүргөн компания отчётунда былтыр Кыргызстандагы жалпы төлөмдөрү 344 млн. 680 миң доллар болгонун кабарлады.

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 2020-жыл үчүн Кыргызстандын экономикасына салымы. Компаниянын расмий инфографикасы.
"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 2020-жыл үчүн Кыргызстандын экономикасына салымы. Компаниянын расмий инфографикасы.

Эгер ушунун ичинен салык төлөмдөрүн, бажы алымдарын жана башка милдеттүү төлөмдөрдү өзүнчө алсак, анын көлөмү 2020-жылга 132 млн. 986 миң доллар деп көрсөтүлгөн.

Мунун болжолдуу эквиваленти улуттук валютада 11 млрд. сомдой болуп калат. Демек, Салык кызматы берген (9 млрд. 985,1 млн. сом) суммадан калганы бажы жана башка төлөмдөр деп түшүнсөк болот экен.

Башкача айтканда, “Кумтөр Голд Компани” ишканасы кыргыз экономикасына жылына ушунча пайда келтирип жатканын билдирет. Компаниянын маалыматына караганда, долбоор иштей баштагандан бери 2020-жылга чейин Кыргызстан Кумтөрдөн 4 миллиард 485 млн. доллар пайда тапкан.

Бирок ошол эле убакта 25-30 жыл үчүн бул каражат анча көп эмес экенин, керек болсо муну “себелеп коюу” деп атагандар көп болгон. Ушундай жүйө кармаган талдоочулардын бири Айданбек Акмат уулу мурдарак муну конкреттүү мисалдар менен айтып берген эле.

Айданбек Акмат уулу
Айданбек Акмат уулу

“Жылына 20 тоннага чейин казган алтындан "Кумтөр Голд Компани" бир жылда миллиард доллардай киреше табат. Кыргызстандын бюджетине жылына 80-90 млн. доллардай гана акча берет. Айлык акыга, соцфондго, башка фонддорго акча бердик, тигиге-буга кетти деп айтышат. Кечирип коёсуңар, маяна жана башка чыгымдарды бардык эле тармактагы компаниялар төлөйт. Ошонусун эске алганда деле, маянасы, Соцфонду, өндүрүшкө кеткен чыгымы баары бириккенде, булар 1 унций алтынды казып алууга 550 доллардай чыгым кетиришет. Бирок алар кайра эле ошол бир унцийди 2000 долларга сатып, 1500 доллар таза пайда көрүп жатпайбы. Муну менен булар Кыргызстанды көз көрүнөө, ири суммада алдап келишкени түшүнүктүү да. Ошондуктан биз ошол 1 миллиард долларлык кирешенин жарымын алышыбыз керек эле”, - деген ал.

Аз күн алдын “Кумтөрдүн” ишин иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенден Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми кенди иштетип жаткан канадалык “Центерра” компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда көргөнүн жарыялаган.

“Эми өндүрүш азаят”

Жогорку Кеңеш 17-майдагы чечими менен Министрлер кабинетине “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырган. Мындай башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары айтылган.

16-майда кенди иштеткен канадалык компания “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Ошентип тараптардын талашы качан бүтөрү белгисиз бойдон калууда. Ага чейин кыргыз өкмөтүнүн атынан компанияга башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк алдыңкы жылдарга планын жарыялады. Бул кен көпкө чейин кыргыз тараптын колунда калат дегенден кабар берет.

Бул жагдайда өндүрүш жана салыктын көлөмү кандай болот деген суроо жаралды.

Бөлтүрүк 21-майдагы басма сөз жыйынында быйылкыга 14,62-15,86 тонна (470-510 миң унций) алтын өндүрүү планы коюлганын белгилеп, келишпестиктерден улам ал кыскарарын моюнга алды.

Тенгиз Бөлтүрүк
Тенгиз Бөлтүрүк

“Бул жылы башка флангдарда даярдык иштери жүрүп жаткандыктан өндүрүмдүүлүк түшүп кетти. Ошондуктан быйыл алтын өндүрүү болжол менен 15% чейин азаят. Алтын азыраак болот. 2022-жылы биз өндүрүштү дагы көбөйтүп, 2020-жылкы деңгээлге жетсек болот”,-деди ал.

“Кумтөр Голд” компаниясынын ишин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров мөңгүлөрдүн коопсуздугунун жана алардын жылып туруусунун абалын көзөмөлдөөчү системаны “Центерра Голд” компаниясы 14-майда өчүрүп койгонун 17-майда маалымдаган.

Ошол эле күнү кечинде “Центерра Голд” билдирүү таратып, 15-16-майдан тартып кенди көзөмөлдөбөй калганын, аны кыргыз өкмөтү тартып алганын маалымдаган. “Өкмөт көзөмөлдү колго алардан бир аз мурда бардык негизги коопсуздук, мониторинг жана операциялык системалары кынтыксыз иштеп жаткан”,-деп айтылган компаниянын билдирүүсүндө.

Азыр Кыргызстан тараптан бекилген топ анын ордун алмаштырып, компанияда ишти туруктуу улантууга аракет кылып жатканын билдирүүдө.

2021-жылдын март айына карата "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын кызматкерлеринин саны. Компаниянын расмий инфографикасы.
2021-жылдын март айына карата "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын кызматкерлеринин саны. Компаниянын расмий инфографикасы.

Тенгиз Бөлтүрүк компанияны иштетүүгө айына 35-36 млн. доллар керектелерин маалымдап, аны алтынды Улуттук банкка сатуудан табышарын ортого салды.

“Башкаруучу аппараттын иши токтоп калган. Иште компьютерлерде да, кагаздарда да маалыматтар жок. Маянаны бүгүн кантип төлөйбүз деп баш ооруп жатат. Ал жактагы программаларды калыбына келтирүү минимум 3-4 аптаны талап кылат. Ушундай абалда колдон келген чараларды көрүп жатабыз. IT-компанияларды жалдадык, алар үч сменде иштеп, программаларды калыбына келтирип берет. Бирок кырдаал көзөмөлдө, алтын өндүрүү токтогон жок. Биз айына 21 млн. долларлык сатып алуу кылышыбыз керек, 4 млн. доллардай маяна беришибиз керек, 11 млн. долларлык салык төгүшүбүз керек. Ошондуктан чукул чараларды көрүп жатабыз”.

Kaktus.Media басылмасы “Кумтөр Голд Компани” ишканасын “Центерра Голд” иштетип жаткан кезде, анын Кыргызстандагы жалпы төлөмдөрү 344 млн. 680 миң доллар болгонун эске салып, бул айына 28 млн. долларлык чыгым экенин белгилейт. Сайттын изилдөөсүндө кен кыргыз өкмөтүнө өткөндөн кийин компания айына мындан 7,3 млн. долларга көп акча жумшалып жатканы айтылат.

Экономист Кайрат Итибаев кепке кошулду.

Кайрат Итибаев
Кайрат Итибаев

“Мен компания өкмөттүн колуна тийгенден кийин жакшы иштеп кетерине 50-50 деп баа берет элем. Жемиштүү болуп калышы мүмкүн, жакшы болбой калышы да мүмкүн. Себеби, мурда ийгиликтүү иштеген компаниялар улутташтырылгандан кийинки тагдырын жакшы билебиз да. Кадимки эле “Мегаком” бренди менен менен таанымал “Альфа-Телеком” эмне болду? Азыр деле иштеп жатат. Бирок ошол эле маалда “Маймак” деген сыяктуу компаниялар жакшы иштей албай койду. “Кыргызалтындын” карамагындагы башка ишканалар да начар иштеп жатат. Эми Кумтөрдү жакшы иштетип кетүү үчүн ага жакшы кадрларды алып келишибиз керек”.

Кендин бюджет менен экономикадагы орду

Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык, быйыл Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 172 млрд. 891 млн. сом, ал эми чыгашасы 181 млрд. 354 млн. сом болот деп бекитилген. Тартыштык 8 миллиард 463 миллион сомдун чегинде болот деп мерчемделген.

Эгер Кумтөрдө өндүрүш азайса, быйыл ал жылдагыдай салык бере албай калышы мүмкүн болуп турат. Бул бюджет дагы да кыскарат деген сөз.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жамаатына убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырып жатат. 2021-жыл, 17-май.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жамаатына убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырып жатат. 2021-жыл, 17-май.

Эксперт Кайрат Итибаев ошол себептүү өкмөт түшпөй калган салыктын ордун башка жактан жабууга аракет кылышы керек деп эсептейт.

“Азыр Кумтөрдө мурдагыдай эле 4 миңдей киши иштеп жатат деп маалымдашпадыбы. Демек, алардын киреше салыгы, алтындан түшкөн жана башка салыктар менен жылдан чыгышат. Бирок ошондо быйыл базалык көрсөткүч 9-10 млрд. сом болсо, 5-6 млрд. сомдой гана салык бериши мүмкүн. Демек, тең жарымына чейин азаят десек болот. Калганын көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруудан жана башка тармактардан таап чыгыш керек. Маселен “Кока-Кола” сыяктуу чет элдик өндүрүштөгү суусундуктарга акциздик салык киргизсе болот. Мына ушуга окшогон кеминде эки-үч булак табыш керек”.

Ушул эле маселе мурдарак парламентте да козголгон эле. Анда өкмөттүн өкүлдөрү Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларга байланыштуу быйылкыга пландалган акчаны ала албай калса донорлорго кайрыларын айтышкан.

17-майда парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында маалымат берип жатып экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков мына буларга токтолгон.

Улукбек Кармышаков
Улукбек Кармышаков

"Эгер биз утулуп калган вариант боло турган болсо жетпей калган ошол 10 миллиардга жакын акчаны башка иш-чаралардын негизинде толукташыбыз керек. Биринчи кезекте донорлор менен иштемей. Экинчи вариант - мурунку карыздарды пролонгациялоо жолу. Үчүнчү жолу – чыгымдарды оптималдаштыруу".

Кыргызстандын экономикасы тоо-кен тармагына, анын ичинде Кумтөр кенине байланганы мурдатан эле белгилүү. Анын өндүрүшү Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 10-12% түзчү.

Маселен, 2020-жылы ички дүң продукция 598 млрд. сом болсо, мунун 68-70 млрд. сому ушул кенге туура келген. 2021-жылдын январь-апрелинде ички дүң продукция 166 млрд. ашык сомдун, 17 млрд. сому Кумтөрдүн өндүрүшү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG