Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:09

Мамлекет кендердеги үлүштү тескейт


Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы алтын кенинен чыккан таш.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы жаңы казыла турган кендердин 100% үлүшүн мамлекетке өткөрүүгө шарт түзгөн мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген токтомду дароо үч окууда кабыл алды. Ага ылайык, кендерди мамлекеттик ишканалар иштетип, инвесторлор менен соодалашууга мүмкүнчүлүк алат.

“Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизген Министрлер кабинетинин токтомунда жер казынасын пайдалануу укугу өкмөттүн чечими менен мамлекеттик ишканаларга берилип, алар 100% үлүшкө ээ болору жазылган. Бул мекемелер инвесторлор менен түз иштейт. Кен иштетүүгө байланыштуу лицензияларды тескейт.

Бирок токтомдун буга чейин берилип кеткен кендерге тиешеси жок. Алар азыр кандай иштесе, ошондой эле ишин уланта берет. Ал эми мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин казыла турган жер байлыктары мамлекеттик мекемелердин карамагында болот.

Учурда кенге байланыштуу "Кыргызалтын" жана "Кыргызкөмүр" аттуу эки мамлекеттик ишкана бар. Айрым маалыматтарга ылайык бул жаатта дагы бир мекеме түзүлүшү мүмкүн.


Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Мелис Сатыбеков документти парламентте мындайча негиздеди.

“Бул мыйзамды Энергетика жана өнөр жай министрлиги демилге кылды. Буга байланыштуу президенттин да жарлыгы бар. Долбоор мамлекеттик ишканаларды колдоп, алардын ишин жандандыруу максатында иштелип чыкты”, - деди Сатыбеков.

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген мыйзамга ылайык, Кыргызстанда иштөө ниети бар инвестордун кендеги үлүшүн мамлекеттик мекеме аныктайт.

Мисалы, мындай практика “Кыргызалтын” менен Чаткал районундагы "Эти Бакыр Терек-Сай" компаниясынын ортосунда колдонулган. Биргелешкен ишкананын капиталынын 75% "Эти Бакырга" 25% "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна таандык.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев кендерди 100% мамлекеттик ишканага берүүдө "коррупциялык схемалар түзүлүп кетпейби?” деп күмөн санаганын жашырган жок.

Аалы Карашев
Аалы Карашев

“Кыргызалтын” менен “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканалары бардык майда-барат кендердин лицензиясына ээ болуп инвесторго же ишкерлерлерге “келгиле бизден сатып алгыла” дешпейби деген кооптонуу бар. Ошондуктан коррупциялык иштерге жол бербеген чектөөлөр болушу керек. Ал мыйзамда каралышы шарт”.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2500дөй лицензия берилген. Анын 500гө жакыны алтынга 300дөн ашыгы көмүр казууга байланыштуу.

Кенге тийиштүү лицензиялар алтын менен көмүрдөн тышкары башка баалуу металлдарга, уранга жана курулуш материалдары үчүн сырье катары колдонулуучу кендерге берилген.

Маалыматка ылайык, лизенциялар эң көп берилген учур азыр камакта жаткан мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин Геология боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган жылдарга туш келет.

Тоо-кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков буга чейин берилип кеткен лицензиялардын оош-кыйышына токтолду.

Дүйшөнбек Камчыбеков
Дүйшөнбек Камчыбеков

“Мамлекеттик ишканалар лицензия ала албай келген. Конкурс, аукцион болгон учурда атаандаштар менен тирешүүгө акчасы жетпей калган учурлары болгон. Азыр болсо мамлекеттик ишканалардын мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат. Бул жерде элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн иш болуп жатат. Мисалы Баткендеги Бел-Алма, Жалал-Абаддагы Бочумчак кендеринин лицензиялары туура эмес жолдор менен берилген. Эгер ушуга окшогон ири кендердин лицензиясын мамлекеттик компаниялар берсе инвестор тартып, өзүнүн үлүшүн аныктайт эле да. Учурда Ысык-Көлдө Тоголок деген аймакта 19 тонна алтын иштетиле элек. Мындан башка да казыла элек кендер бар”.

Деген менен, кыргыз өкмөтү былтыр ноябрда алтын, күмүш жана жезди казууга жана чалгындоого мораторий киргизген. Ага ылайык, аталган кендерди издөөгө лицензия берилбейт. Ал эми кендердин башка түрлөрүнө лицензиялар мыйзамга ылайык берилет.

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден кийинки алгачкы беш жарлыгынын бири кен казууга байланыштуу болгон.

Жарлык пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүүнү, анын ичинде лицензиялык тескөөнү, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну, өнөр жай багытында жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууну да камтыйт.

Жапаров 5-майда жаңы Баш мыйзамга кол коюп жатып, бул маселеге дагы бир жолу токтолгон.

“Экономиканын дагы бир стратегиялык сектору кен байлыктарды иштетүү өнөр жайы. Бул тармакты өнүктүрүү улуттук мыйзамдарды жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык стандарттарды сактоонун, кен чыккан жерлерди рационалдуу иштетүүнүн негизинде жүзөгө ашат. Мындан ары кен чыккан жерлерди иштетүүдө мамлекеттик үлүш каралышы керек”, - деген эле.

Учурда өлкөдө 100дөн ашык кенде казуу жана долборлоо иштери жүрүп жатат. Кыргызстандагы ири кендердин бири Кумтөргө жакында эле сырттан башкаруу кирди. Кыргыз бийлиги Кумтөрдү иштеткен "Центерра" менен соттошууну көздөп жатат. Бул кенде кыргыз тараптын учурдагы үлүшү 26% түзөт.

Мындан тышкары Жерүй, Талды-Булак Сол жээк, Макмал, Бозумчак, Иштамберди, Үңкүр-Таш кендери да бар.

94 тонна алтыны бар деп эсептелген Таластагы Жерүй алтын кенинде Кыргызстандын бир да пайыз үлүшүнүн жоктугу жергиликтүүлөрдү нааразы кылып келет. Көп жылдан бери колдон-колго өтүп, чырдан башы арылбаган бул кенди азыр орусиялык «Альянс алтын» компаниясы иштетет.

Быйыл, 17-мартта бул кендин комбинатынын ачылышына Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин катышып, батасын беришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG