Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Жерүй кениндеги кемчиликтер текшерилет


Жерүй алтын кени.
Жерүй алтын кени.

Таластагы Жерүй алтын кениндеги экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик комиссия түзүлмөй болду. Комиссия кендеги кемчиликтерди жана жаратылышка тийгизген таасирди иликтеп чыгат. Буга чейин таластыктар аталган кендеги калдык сактоочу жайдын курулушу талапка ылайык болбой жатканын айтып чыгышкан.

5-февралда Талас шаарында Жерүй кенин иштетүү маселесин иликтөө боюнча элдик комиссиянын кеңешмеси болду. Жыйынга 500дөн ашуун киши катышып, кенди иштетүүдө экологиялык маселелерге көңүл бурууну талап кылышты.

Жерүй алтын кени боюнча түзүлгөн элдик комиссиянын мүчөсү, журналист Күнболот Момоконов кенди иштетүү укугун алган «Альянс-Алтын» ишканасы калдык сактоочу жайды туура эмес куруп жатканын айтууда. Анын баамында, ишкана техникалык нормаларды сактабай жатат.

Күнболот Момоконов.
Күнболот Момоконов.

“Элдик комиссия былтыр ноябрда кендин калдык сактоочу жайынын долбоорун жараксыз деп тапканбыз. Себеби геомембрана майда таштар менен төшөлүшү керек. Бирок ал жерде чоң таштар бар. Ал жерге 15 млн. тонна цианид төгүлөт. Геомембранада чоң таштар болсо калдыктар жерге сиңип кетет. Бул жерден суу алып ичкен айылдыктардын ден соолугу үчүн өтө кооптуу”.

Жыйынга келген биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жерүйгө байланыштуу экологиялык коопсуздук боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлө тургандыгын билдирди. Анын билдиришинче, комиссиянын курамына тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар, көз карандысыз адистер жана экологдор кирет.

Артем Новиков көтөрүлгөн маселелер көз жаздымда калбайт деп ишендирүүдө.

«6-январда мен фабрикага барып, калдык сактоочу жайдын абалы менен тааныштым. Биз мембрананын абалын жана калдык сактоочу жайдын абалын иликтөө максатында ишканага эл аралык көз карандысыз компанияны чакыруу тапшырмасын бергенбиз. 20-январда «Sensor Group» компаниясынын адистери келип, аталган маселелерди иликтеп, анча чоң эмес кемчиликтерди аныктаган. Аталган кемчиликтер оңдолгон. Ишкана калдык сактоочу жайга мембрананын кошумча катмарын орнотот. Мен калдык сактоочу жайдын коопсуздугу камсыздаларын баса белгилейм. Бирок орнотуу үчүн кошумча убакыт талап кылынат».

Жерүй алтын кенине байланыштуу түзүлгөн элдик комиссия буга чейин да жыйын өткөрүшкөн. Алар кен иштеткен «Альянс-Алтын» ишканасынын ишине нааразычылыктарын билдирип келишет. 21-январда «Альянс-Алтындын» жетекчилиги жана Талас облусунун бийлиги элдик комиссиянын өкүлдөрүн чогултуп жыйын өткөргөн. Мындай жыйын 29-январда да уланган эле.

«Альянс-Алтын» ишканасынын өкүлү Кубат Болотканов эл айткан кемчиликтер жоюлат деп билдирди.

“Бир жылдан бери алар кемчиликтерди айтып келе жатышат. Биз аны эске алып, жойгонго аракет кылып жатабыз. Туура эмес жасалып калган иштер болсо оңдоп жатабыз”.

Өкмөттүн Таластагы өкүлү Айбек Бусурманкулов кезинде Жерүй алтын кенинде мамлекеттин үлүшү болушу керек деген талап менен маселе көтөрүп жүргөн жарандык активисттердин бири болчу. Ал октябрь окуяларынан кийин келген жаңы өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп дайындалды. Бусурманкулов таластыктар көтөргөн айрым жагдайларга токтолду.

Айбек Бусурманкулов.
Айбек Бусурманкулов.

“Элдик комиссия Жерүйгө байланыштуу бир топ маселени айтып жүрүшөт. Кенде мамлекеттин үлүшү жоктугун жана калдык сактоочу жайдагы күмөндүү жагдайлардын орун алышын көтөрүшкөн. Эми мамлекеттик комиссия карап чыгат”.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан кен иштетүүчү ишкана учурда 900 миллион сом салык төлөөдө. Фабрика ишке киргизилсе, бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин жогорулайт. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орду түзүлөт.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков январь айынын башында Жерүй алтын кенине барган. Ал иш сапарында ушул кыштын аягына чейин ишканадан алтындын биринчи куймасы алынат деп айткан жайы бар.

2020-жылдын октябрь айындагы тополоңдо аталган кенге белгисиз адамдар бастырып киришип, имаратын өрттөп кеткени маалымдалган. Ишкананын жетекчилиги кеминде 10-15 млн. доллар зыян тартканын билдирген. Ишкананын өкүлү Кубат Болотканов “талкаланган жабдыктарды оңдоп-түзөө иштери аяктап, ишкананын жумушу бир калыпка түштү” деп айтууда.

“Азыр иш жүрүп жатат. Негизи техникалар, сервердин жабдыктары талкаланган. Бардыгын ишкананын каражаты менен ордуна келтирдик”.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева аталган факт боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, ишке байланыштуу 100гө жакын киши күбө катары суралган.

Жерүй алтын кенин «Альянс-Алтын» ишканасы 2015-жылдан бери иштетет. Ишкананын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Жерүй алтын кенинде 80 тоннадан ашуун алтын бар экени маалымдалган.

Президент Садыр Жапаров жакында тоо-кен тармагын реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өкмөт 1-июлга чейин Тоо кодексинин долбоорун иштеп чыгат. Анда мамлекеттик маанидеги кендердин тилкесин иштетип жаткан жана лицензияга ээ болгон ишканалардан тышкары, жалпы мамлекеттик маанидеги кендерди мамлекет тарабынан иштетүү каралмакчы. Ошондой эле баалуу металлдарды иштетүү боюнча бардык жаңы долбоорлордо мамлекеттин үлүшү каралат.

XS
SM
MD
LG