Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:55

Кыргызстан «Кумтөрдү» иштете алабы?


Кумтөр алтын кени. 2013-жыл.

Министрлер кабинети Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тыштан башкаруучу кылып дайындап, алтын кендеги өндүрүштү көзөмөлүнө алды.

Ал тапта «Центерра Голд» (Centerra Gold Inc) компаниясы «Кумтөр Голддун» айланасындагы акыркы окуяларга жооп катары Кыргызстандын ишканадагы акцияларын башкаруу укугун чектеди. Канаданын эки министри да камтамачылыгын билдирип, кыргыз бийлигинин кенди убактылуу башкарууга алышы инвестициялык климатка доо кетирерин эскертти. Миңдеген жумушчу иштеп өлкөнүн экономикасына эң көп салык төлөгөн ишкананы Кыргызстан иштете алабы?

Тараптардын тиреши

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун 17-майдагы буйругу менен "Центерра Голд" (Centerra Gold Inc) компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалды. Муну менен аткаруу бийлиги Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү ири алтын кендердин бири болгон Кумтөрдү убактылуу башкарып калды.

«Центерра Голд» буга байланыштуу билдирүү таратып, «Кыргызалтынга» Кумтөрдөгү 26% акциясын башка тараптарга өткөрүп берүүгө жана алмашууга тыюу салып, акцияларды башкаруу укугунан ажыратканын билдирди. Ошондой эле акцияга байланышкан добуш берүү укугун чектеди. «Центерра Голд» мындай чара «Кыргызалтын» менен «Центерра Голддун» 2009-жылдагы келишиминде каралганын жүйө кылды.

Мунун алдында Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно менен чакан бизнес, экспортту өнүктүрүү жана эл аралык соода министри Мэри Нг 17-майда биргелешкен билдирүү таратты. Анда канада өкмөтү «Кумтөр Голдго» убактылуу тышкы башкаруу киргизүү тууралуу чечимге нааразылыгын билдирип, бул Кыргызстанга чет жактан инвестиция тартуунун келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экени эскертилген.

«Канада бул талаш-тартыш биргелешип ачык чечилбегенине нааразы. COVID-19дан кийин экономиканы толук калыбына келтирүү ишкердик чөйрөнүн ачык жана адилет болушун талап кылат. Мындай чаралар эл аралык сооданын жана чет элдик инвестициялардын көлөмүн азайтып, кыргыз элинин экономикалык жашоосуна да доо кетирет» деп жазылды министрлердин билдирүүсүндө.

Кыргызстан кенди кантип иштетет?

Кандай болгон күндө да Министрлер кабинети «Кумтөр Голд» ишканасынын өндүрүшүн убактылуу көзөмөлдөй баштады. Деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан ишкананы Кыргызстан башкара алабы?

«Кумтөр Голд» компаниясы жөнөкөй ишкана эмес. Анда оор техникалар иштетилип, алтынды өндүрүүдө химиялык заттар колдонулат.

Акылбек Жапаров анын үстүнө кендин айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу өткөн аптада мөңгүлөрдүн коопсуздугун жана алардын жылып туруу абалын көзөмөлдөөчү система өчүрүлгөнүн айткан. Бул ошол зонада иштеген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет.

«Центерра Голд» бул маалыматты четке кагып, кыргыз өкмөтү кенди өз көзөмөлүнө алгыча андагы баардык коопсуздук, мониторинг жана эксплуатациялык тутумдар кадимки режимде иштеп турганын билдирди.

«Өкмөттүн болуп көрбөгөндөй иш-аракеттеринен улам, «Центерра Голд» компаниясы «Кумтөр Голддун» Кыргызстандагы баардык жергиликтүү кызматкерлерин «Центерранын» глобалдык IT тутумдарына кирүүсүнө чектөө коюп, ошол тутумдарга уруксатсыз кийлигишүүсүн алдын алды. Кендин коопсуз иштеши үчүн бул тутумдардын эч бири талап кылынбайт», деп айтылат маалыматта.

«Центерра Голд» кыргыз бийлиги Кумтөр алтын кенине 15-16-май күндөрү эле өз көзөмөлүн орнотконун, мындан ары кендеги кызматкерлердин же андагы операциялардын коопсуздугун камсыз кыла албай турганын жарыялады. Иш жүзүндө бардык жоопкерчиликти өзүнөн алып койду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков министрлер кабинети «Кумтөр Голддун» ишин жөндөп кетерине ишенбей турат.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

«Жакында эле биздин президент «мамлекеттик ишканалардын көбү банкрот болду. Иштете албай жаткандыктан сатабыз» деп айтты. Экинчиден, 2010-жылдан кийин Бакиевдердин улутташтырылган мүлктөрү да банкрот болуп калды. Мисалы, Артем Новиков жакында эле Ысык-Көлдөгү «Витязь» пансионаты мурда 10 миллион сом пайда берсе, азыр чыгым тартып жатканын айтты. Биздин мамлекет «Витязды» башкара албай жатат. Мамлекетибиз 2012-жылы Нариман Түлеевден тартып алган «Караван» соода борборун башкара албай койду. Анан ушундай оор технологиясы бар, айына өтө көп операциялык чыгашаларды талап кылып, бир катар эл аралык банктар менен кызматташкан өндүрүштү иштете алабы - бул чоң маселе. Себеби, коррупцияланышкан, технологиясы начар жана эл аралык деңгээлде тажрыйбасы жок мамлекеттин кенди иштетип кетиши өтө оор».

«Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргызстан компанияны иштетип кетет» деп убада берди. Ал экономикалык маселе да чечилип, Финансы министрлиги 25 миллион доллар насыя берүүгө даяр экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, кендеги ишмердүүлүк ансыз деле эки айдан бери башкаруусуз турган жана Кыргызстандын адистеринин аны иштетүүгө тажрыйбасы жетет.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Кен тынбай иштеп турат. Биз буга чейин барганда да үч айга чейинки запасы бар экенин айтканбыз. Балыкчыда 12 күндүк запас бар. Компанияга убактылуу тыштан башкаруучу киргенден кийин түзүлгөн контракттын баарын карап чыгат. Келишимдин көбү Орусия, Казакстан, анча-мынчасы Кытай менен түзүлүптүр. Ресурстарды, чийки затты кимдер алып келет, эгерде алар алып келбей койсо каяктан сатып алабыз - баары иштелип чыкты».

«Kумтөр Голд» азык-түлүктөн баштап күйүүчү май, «Caterpillar» оор техниканын тетиктери, амиактык селитра, жардыруучу заттар болуп отуруп күнүмдүк керектелүүчү 11 миң аталыштагы ар кандай товарларды сатып алып турат. Алардын ичинен Кыргызстан ишкананы азык-түлүк менен гана 100% камсыздабаса, көбү чет жактан сатылып келет. Компания товарлардын 30% Европа өлкөлөрүнөн, 25% Кыргызстандан, 21% Казакстандан, 11% Орусиядан, Кытай, Канада, АКШ сыяктуу дүйнөнүн 35 мамлекетинен товар алат.

«Алтынды Улуттук банк сатып алат»

«Kумтөр Голддо» баш-аягы 4 миңден ашык киши иштейт. Алардын 99% кыргызстандыктар. Ал эми ишкананын чет өлкөлүк жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткени жакында эле белгилүү болгон. «Kумтөрдүн» убактылуу тыштан башкаруучусу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк 17-майда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Кыргызстан өзү алтын өндүрүп сата баштарын билдирди.

Тенгиз Бөлтүрүк
Тенгиз Бөлтүрүк

«Беш-алты күн мурун болгон келишимдерди токтотуп салышыптыр. Азыр эки-үч айга жете турган сырье бар. Эгерде биз алдын албасак, кен казуу ишканасы ишин токтотот. Азыр мындай окуяга жол бербөө боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын сатып алат. Жакында биринчи партия чыгат. Бул акча биздин бардык салыктык доонун ордун толтурууга жумшалат жана тышкы башкаруунун эсебине түшөт. Ал каражатка жабдуу боюнча келишимдер калыбына келтирилет. Биз азыр «Центерра Голддон» коркпойбуз».

Расмий маалыматтарга ылайык, «Кумтөр Голд» ишканасы жылына кеминде 9 тонна, болбосо 20 тоннадан ашык алтын өндүргөн учурлары болгон. Орточо эсепте компания жыл сайын 16-17 тонна алтын казат. Быйыл 14,62 же 15,86 тонна алтын өндүрүүнү пландаган. Канадалык «Центерра Голд» ишканасы 24 жылдан бери Кумтөрдөн 400 тонна алтын чыгарып кетти.

«Кумтөр Голд» ишканасынан Доре уютмасы өндүрүлөт. Анын курамында 70%дан жогору алтын, 10дон 29%га чейин күмүш, 10% темир, цинк, жез, никель жана башка элементтер бар. Алтын «Кыргызалтын» ишканасынын Кара-Балта шаарындагы заводунда аффинаждалат.

Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасынын орун басары, профессор Дүйшөнбек Камчыбеков Кумтөр кенинин айланасындагы окуялар тууралуу ой бөлүштү.

Дүйшөнбек Камчыбеков.
Дүйшөнбек Камчыбеков.

«Биз алтынды фабрикадан өндүрүп Кара-Балта аффинаждык заводдо тазалап Улуттук банкка сатсак ала берет. Бирок ал убактылуу да. Эгерде биз «Центерра Голдду» эл аралык арбитраждык сотто утуп алсак бул туура иш болот. Мүмкүн аркы тарап утуп кетсе биз өндүргөн алтынды «Центерра Голдго» беришибиз керек. Мындай учурда Улуттук банктын чыгымын ким төлөйт? Ошондуктан бул маселеге олуттуу караш керек».

Аткаруу бийлиги Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларга байланыштуу «Кумтөр Голд» ишканасынан быйылкыга пландалган акчаны ала албай калса донорлорго кайрылганы турат. Негизи быйыл ишканадан 10 миллиард сомго жакын акча түшүүсү пландалган.

«Мамлекет социалдык оор маселелерди чечиш үчүн пайда алып келип жаткан компаниялардын ишине кийлигише берет. Мисалы, «Мегакомго», аэропортко ар кандай социалдык жүктөрдү иле берет. Мындай окуя «Кумтөрдө» да болот. Мунун айынан ишкана иштин ыргагын, майнаптуулугун жоготот. Коррупциялык иштер болуп ал сөзсүз экономикага терс таасирин тийгизет. Бул «Кумтөрдө» иштегендердин нааразылыгын жаратат. Бир аздан кийин жалпы элдин нааразылыгын пайда кылышы мүмкүн» - деди Равшан Жээнбеков.

«Кумтөр» долбоору - өлкөдөгү эң ири ишкана. Ал Кыргызстандын 2020-жылга карата ички дүң өнүмүнүн 10% ашыгын жана өнөр жайынын 20% көп бөлүгүн түздү.

Компаниянын маалыматы боюнча, долбоор иштей баштагандан бери 2020-жылга чейин Кыргызстан Кумтөрдөн 4 миллиард 485 миң доллар пайда тапкан.

«Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамлекеттик комиссия болсо Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми кенди иштетип жаткан канадалык «Центерра» компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда көргөнүн билдирди.

Кумтөр чыры кантип ырбады?

«Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам парламентте быйыл 6-майда кабыл алынып, 14-майда күчүнө кирген.

Мыйзамда жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды бузган, адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген ишканаларга тышкы башкаруу киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдер камтылган. Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган берене менен толукталган.

Ушул мыйзамдын негизинде «Кумтөр Голдго» убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилди, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары айтылды.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор «таптакыр негизсиз» экенин, ал эми парламентте кабыл убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, «Кумтөр Голд» мыйзамдарды эч убакта бузбаганын кабарлаган.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапапов «Кумтөр Голд» ишканасы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4,2 миллиард доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

16-майда кенди иштеткен канадалык компания «Центерра Голд» кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG