Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Кармышаков: Кумтөрдөн акча түшпөй калса донорлорго кайрылабыз


Улукбек Кармышаков.
Улукбек Кармышаков.

Эгер кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларга байланыштуу быйылкыга пландалган акчаны ала албай калса донорлорго кайрылат.

Бул тууралуу 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында маалымат берип жатып экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, быйыл "Кумтөр Голд" компаниясынан 10 миллиард сомго жакын акча түшүүсү пландалган, донорлорго кайрылуудан тышкары башка да жолдор каралган:

"Эгер биз утулуп калган вариант боло турган болсо жетпей калган ошол 10 миллиардга жакын акчаны башка иш-чаралардын негизинде толукташыбыз керек. Биринчи кезекте донорлор менен иштемей. Экинчи вариант - мурунку карыздарды пролонгациялоо жолу. Үчүнчү жолу – чыгымдарды оптималдаштыруу".

Кармышаков билдиргендей, 1993-жылдан бери Кумтөрдөн мамлекеттик бюджетке салык түрүндө 80,5 млрд. сомдой акча түштү.

16-майда кенди иштеткен канадалык компания “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4,2 миллиард доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

8-майда "Центерра Голд" билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG