Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

АКШнын мамлекеттик катчысынын Европага сапары башталды


АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен.
АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 17-майда Даниянын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Копенгаген - Арктика кеңешинин алкагында Блинкендин дипломатиялык турнесинин биринчи аялдамасы. Энтони Блинкен Исландияда өтө турган бул кеңеште биринчи жолу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Ал эми ага чейин Блинкен Копенгагенде трансатлантикалык мамилелерди чыңдоо багытында Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жана тышкы иштер министри Йеппе Кофод менен жолугушат.

Ал 17-майда Исландияга барып, Арктика кеңешинин 19-майда өтө турган жыйынынын алдында бул өлкөнүн жетекчилиги менен жолугат.

Арктика кеңешине Канада, Финляндия, Дания, Исландия, Норвегия, Орусия, Швеция жана АКШ кирет.

Рейкьявикте өтчү Арктика кеңешинин жыйынынын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG