Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:38

Кодекстердеги өзгөртүүлөр сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Башкы прокуратура бир катар мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Айрым юристтер, укук коргоочулар анда жазаларды гумандаштыруу азайып, мурдагы катаал калыбына кайтарын айтып чыгышты.

Кыргызстанда Баш мыйзамдын жаңыланышы менен башка мыйзамдарды ага шайкеш келтирүү, өзгөртүү зарылчылыгы жаралды.

Кодекстердеги өзгөртүүлөр, талаш-талкуу

Башкы прокуратура бир катар мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун 7-майда коомдук талкууга койду. Анда Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекс, Жазык процесстик кодекси, Кылмыш-жаза кодекси жана Жазык аткаруу кодексинин жаңыланган долбоорлору жарыяланды.

Башкы көзөмөлдөөчү орган маалымдагандай, бул документтерди даярдаган эксперттик жумушчу топ кодекстердеги инсандын, юридикалык жактардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоонун натыйжалуулугун иликтеген. Мындан тышкары органдардын милдеттерин эффективдүү аткаруудагы тоскоолдуктарды талдаган.

Жумушчу топ жогоруда аталган ар бир кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү азыркы вариантындагы өзү кемчиликтер деп атаган жагдай менен салыштырып көрсөтүп берген. Мисалы жумушчу топ "Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстин" азыркы вариантында камакка алуу, жактарды атайын укуктарынан ажыратуу, кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартып, аларды ээлеген кызматынан четтетүү өңдүү жаза чаралары көпчүлүк учурларда жокко чыгарылганын белгилөөдө. Ага ылайык, бардык учурларда эскертүү жана айып пул салуу жазасы гана колдонулуп жатканы жазылган.

Мыйзамдарды талдаган эксперттик жумушчу топ Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү кеңешинин алдында түзүлгөн.

Кыргызстандын жазык-укуктук мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулаган укук коргоочулар, юристтер жана башка эксперттер болсо, жумушчу топ сунуштаган долбоорду сынга алышууда.

14-майда Жарандык коом Бишкекте буга байланыштуу атайын жыйын өткөргөн. Анда катышуучулар мыйзам-кодекстерди иштеп чыгуу процесси жабык болгонун сындап, бул жаатта коомчулуктун кеңири маалыматы жоктугун белгилешкен.

Юрист Лейла Сыдыкова өзгөртүлгөн кодекстер репрессиялык системага алып барат деп эсептейт:

"Бул 1997-жылкы кодекске толук кайтуу. Ал кодекстер советтик система менен жазылганы баарыбызга белгилүү. Репрессияга багытталган эски институттарды камтычу. Экинчиден, кылмыш-укук саясатынын так максаты жок. Үчүнчүдөн, криминалдык социалдык негиздемелер жок. Кылмыш менен башка бузууларды айырмалаган так критерийлер жок. Кантип бөлүнөт, алар азыр деле аябай аралашып кеткен. Гуманизация көйгөй боюнча кала берүүдө. Адатта, жаңы сунушталган долбоор-редакциялар мурункусуна караганда жогору болчу эле, бирок бул жолу кыйла тескерисинче болуп калыптыр. Прокуратуранын саясатына караганда, 1997-жылкы редакцияга кайтып келүү зарыл болгон"

Лейла Сыдыкова жаңы кодекстер адам укуктарын коргоого коркунуч жаратат деп кошумчалады. Анын пикиринде, майда кылмыш кылган адамдардын жазасы оорлоп, ал эми коррупция боюнча айып коюлгандардын жазасы жеңилдеп калган:

"Азыркы "Жоруктар кодексинде" кызмат абалынан пайдаланып, журналисттин ишмердигине тоскоолдук кылганы үчүн 200-300 көрсөткүчтөгү айып пулга жыгылат жана тиешелүү кызматта отуруу же ишмердүүлүк кылуу укугунан ажыратылат. Ал эми жаңы сунушталып жаткан кодексте 200 көрсөткүчтөгү айып пул төлөйт, бирок ишмердигин уланта берет" деп жазылып турат. Муну кандай түшүнсө болот? Гумандуулукпу? Мага мындай коррупциялык иштерде гумандуулуктун кереги жок".

"Кодекстер коррупцияга жол берет"

Адам укуктарына, гуманизацияга каршы келген алешемдиктер дээрлик ар бир кодексте бар экенин укук коргоочулар да белгилешүүдө. "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова жаңы кодекстерде адам укугу корголбой, тергөө жана көзөмөл органдарына артыкчылык берилип калган деп эсептейт:

"Мисалы Административдик бузуулар жөнүндөгү кодексте бийлик адамына баш ийбегени үчүн камоо каралган. Демек, пикет-митингге чыккан адамдар милиция келип "тарагыла" деп талап кылса, тароого милдеттүү болуп калат. Тарабаса, бир нече суткага камайт. Мурунку убакта ушундай болчу, эсиңиздеби? Кылмыш кодексинде болсо кылмыш ишин козгоо стадиясы кайтарылган. Бул коррупцияга жол берүүчү ыкма. Анткени кылмыш ишин козгоо же козгобоо тергөөчүнүн өз эркинде болот да, ал кааласа козгоп, кааласа жокко чыгара алат. Бул дагы мурдагы система. Азыркы кодекс боюнча бирдиктүү реестрге катталган иш сөзсүз каралууга тийиш. Аны тергөөчү жаап кое албайт".

Мыйзамдар жарым жылда өзгөрөт

Баш мыйзамдын 8-беренесине ылайык, Конституция жаңыланган соң, башка бардык мыйзам-кодекстер ага ылайыкташтырылып өзгөртүлүүгө тийиш. Буга жарым жыл мөөнөт берилген. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевдин ырасташынча, жарым жыл жетиштүү болот:

"8-беренеде так жазылган - бардык мыйзамдар алты айдын ичинде Баш мыйзамга ылайыкташтырылуусу керек. Жарым жыл жетиштүү, мөөнөт ушундай. Мыйзамдарды Жогорку Кеңеш аркылуу өткөрүү керек. Конституцияда бар".

Конституцияга ылайык өзгөрө турган мыйзамдардын ичинде Шайлоо мыйзамдары да бар. Былтыр октябрда жокко чыккан парламенттик шайлоо быйыл күзүндө өткөрүлөрү кабарланган. Учурда атайын жумушчу топ Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдирди:

"Ооба, Кыргызстандын президентин, Жогорку Кеңешти жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамдар Баш мыйзамга шайкеш кылынып, өзгөртүлөт. Учурда атайын жумушчу топ иштеп жатат. Буйруса, күзгү шайлоону жаңы мыйзам менен өткөрүү планыбызда бар".

Кыргызстандык жазык-укуктук мыйзамдарын өзгөртүү жараяны негизинен жабык жүрүүдө. Бул жарандык активисттердин жана журналисттердин нааразычылыгын жараткан. Юристтер менен укук коргоочулар бардык мыйзам-кодекстерди Баш мыйзамга шайкеш келтирип, өзгөртүү үчүн жарым жылдык убакыт азды кыларын айтышат. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова буларды айтты:

"Азыр коомчулук кандай мыйзамдар кайсы жагына өзгөртүлүп жатканынан кабарсыз. Жарым жыл ичинде 600дөн ашуун мыйзам каралып, өзгөртүлөт деп жатышат. Бул бизди укуктук башаламандыкка алып келиши мүмкүн. Акырындык менен ар бир блок өзүнчө каралып, өзгөртүлүшү керек эле. Жарым жыл деген өтө аз".

Азырынча жарандык коомдун сын-дооматына Эксперттик жумушчу топ жооп бере элек. Башкы прокуратура учурда топ ишин улантып жатканын айтуу менен гана чектелди.

Кыргызстанда жарандык коом, эл аралык уюмдардын көмөгү менен 2019-жылы соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы жазык мыйзамдары күчүнө кирген. "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык тутуму, пробация институту иштей баштаган. Юристтер бирдиктүү реестр менен пробация институтунун тагдыры так чечиле электигин белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG