Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Кодекстер: эски системаны эске салган өзгөртүүлөр


Иллюстрациялык сүрөт.

Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстеринин жаңы долбоору жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Жарандык коом жаңы кодекстерди сындап, мурдагы катаал калыбына кайтарылганын айтууда.

Талаш жараткан өзгөртүүлөр

Өзгөртүлгөн долбоордо мурдагы беш кодекстин ордуна төртөө гана калтырылган. Ага ылайык, Жоруктар кодекси жокко чыгарылып, андагы 123 берене башка кодекстерге киргизилген.

Бул тууралуу Кодекстерди өзгөртүү боюнча эксперттик топтун мүчөсү, Башкы прокуратуранын өкүлү Азизбек Шүкүрбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, кылмыш ишин козгоо жана козгоодон баш тартуу ыкмасы кайрадан киргизилди.

"Жарандардан "арыздарды милиция карабай жатат" деген даттануулар көп келүүдө. Аны чечүү үчүн биз кылмыш ишин козгоо же андан баш тартуу институттарын кайра киргиздик. Эми 24 саат ичинде тергөөчү кылмыш белгилери болсо, сөзсүз түрдө ишти козгоп, бир-эки ай ичинде бир чечим кабыл алышы керек. Кылмыш белгилери болбосо, 24 саат ичинде аны козгоодон баш тартуу тууралуу чечим чыгат. Ага нааразы жарандар прокуратурага кайрыла алат".

Шүкүрбеков кошумчалагандай, жаңы кодекстерде экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга байланыштуу кылмыш иштеринин беренелери өзгөртүүсүз калтырылган. Ошол эле учурда сөз болуп жаткан беренелер боюнча тергөө менен кызматташтык алынды.

Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу беренелер күчөтүлүп, айыптуу деп табылган адам беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

2019-жылдан бери колдонулуп келе жаткан кодекстерди өзгөртүүнү жактагандардын бири - Ички иштер министрлиги.

Мекеме мөөнөтү чектелбегени үчүн тергөө иштеринин создугуп жатканын билдирип келген.

Султан Макилов
Султан Макилов

ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов өзгөртүүлөрдү кубаттап, жаңы кодекстердин ишке кириши менен тергөө иштери тартипке түшөт деп эсептейт.

"Азыркы долбоор менен эки айлык мөөнөт кайра киргизилип жатат. Бул тергөөнүн ишин кыйла жеңилдетет. Кылмыш иш козгоодон баш тартуунун себептери да жазылган. Издөө жарыяланган учурда ишти тергөө убактылуу токтоп турат, бирок кыскартылбайт. Атайын тергөө аракеттерин, оперативдүү кызматкерлердин иштөөсү боюнча жеңилдиктерди, коомго пайдалуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатабыз".

Кылмыш-жаза кодекстерин өзгөртүү демилгеси Башкы прокуратурага таандык. Баш прокурор Курманкул Зулушев эки ай мурда 2019-жылкы кодекстер жараксыз болуп жатканын айтып, аларды өзгөртүү зарыл экенин парламентте билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун "Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү" боюнча жарлыгынын негизинде, кодекстерди өзгөртүү боюнча эксперттик топ түзүлгөн. Анткен менен жарандык коом топтун ишин сындап, мыйзам-кодекстерди иштеп чыгуу процесси жабык болгонун, бул жаатта коомчулукка кеңири маалымат берилбегенин белгилешкен.

Айрым юристтер, укук коргоочулар жаңы кодекстерде жазаларды гумандаштыруу азайып, мурдагы катаалдык калыбына кайтарын айтышууда.

"Стратегиялык чечимдер" коомдук фондунун жетекчиси Гүлмира Маматкеримованын баамында, өзгөртүү сунушталган кодекстерде адам укугуна эмес, күч органдарына артыкчылык берилген.

Гулмира Маматкеримова
Гулмира Маматкеримова

"Өзгөртүүлөрдөгү көпчүлүк беренелер 97-жылкы кодекстен алынган. Анда күч органдарына артыкчылык берилип, адам укугу арткы планга жылган. Башкача болушу да мүмкүн эмес эле, анткени, кодекстерди өзгөртүп жаткан эксперттик топтун курамы 80% күч кызматкерлеринен турат. Прокуратура, милиция, Жаза аткаруу кызматынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү. Көз карандысыз эксперттер, эл аралык экспертиза жок. Эл аралык стандарттар да арткы планда. Биз тоталитардык режимге карай жол алдык".

Жаңы кодекстердеги мүчүлүштүктөр эң ириде адам укуктарын коргоого каршы келерин эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да белгилешүүдө.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы программаларынын жетекчиси Никола Скарамуццо Кыргызстандын жазык-укук багытындагы кодекстерди өзгөртүү аракети өлкөдө адам укуктарынын бузулушуна алып келиши ыктымал экенин 2-июнда сунуш кылынган өзгөртүүлөр талкууланган жыйында билдирди.

Ал жаңы кодекстер тийиштүү анализ жүргүзүлбөстөн, концепциясы же стратегиясы жок бойдон, жакшы талкууланбай, жарандык коом жана эксперттер кошулбай эле шашылыш кабыл алынып жатканын белгиледи:

“Бул соңку жети жылдан бери соттук-укуктук реформа алкагында киргизилип келе жаткан бардык прогрессивдүү жетишкендиктерге коркунуч жаратып, адам укуктарынын бузулушуна алып келиши ыктымал. Биз донор катары сиздердин аракет укук үстөмдүүлүгүн, адам укуктарын бекемдөөгө багытталышын колдойбуз”.

Медиа сыртта калды

Кодекстерди өзгөртүү боюнча эксперттик топтун жумушчу жараянына катышууга жана чагылдырууга башынан уруксат берилген эмес. 2-июндагы талкууда баш прокурор Курманкул Зулушев ага мындай түшүндүрмө берди:

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

"Эксперттик топтун жыйындарын чагылдырууга чектөө киргизилген. Анткени, иштөө жыйынтыгына жараша коомчулукка маалымдоо чечимин мен да колдогом. Топтун иши жумушчу жараян болгондуктан, ал жерде көптөгөн сунуштар киргизилип, улам алмаштырылып турат. Ошондуктан, биз маалымат каражаттарын жыйынтыгын коомчулукка жеткирүү үчүн гана аягында чакырууну туура көрдүк".

Курманкул Зулушев 2019-жылы ишке кирген кодекстерде олуттуу жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер да болгонун кошумчалады. Ал кодекстерди иш жүзүндө колдонуп жаткан сот, юрист, адвокат, прокурор жана башка укук тартибин коргоо органдарынын гана эмес, эксперттер, бизнес өкүлдөрү, укук коргоочулар, карапайым калк да сындап чыгышканын белгиледи.

Жаңы кодекстер талкууланган жыйынды айрым журналисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү "көздөн өтүп коюу" таризинде гана уюштурулган деп сындашты.

Жыйын учурунда айрым жарандык активисттер каршылык иретинде андан чыгып кетишти. Журналист Авланбек Жумабаевдин пикирин угалы:

Авланбек Жумабаев.
Авланбек Жумабаев.

"Журналисттерге эч кандай маалымат таратылган жок. Буга чейин да жакындатышкан эмес. Журналисттердин ишмердүүлүгүнө, сөз эркиндигине байланыштуу мыйзамдар да өзгөртүлүп жатат, бирок эксперттик топтун ичинде бир да журналист, басылма өкүлү же медиа юрист жок. Ошондуктан, бул иш-чараны мен формалдуу түрдө гана жүргүзүлүп жаткан иш деп эсептейм".

"Адилет": Кемчиликтер экөөндө тең бар

Жаңы кодекстерди иштеп чыккан эксперттик топто "Адилет" укуктук клиникасынын эки юристи иштеген. Алардын бири Эмил Жандаев жаңы сунушталып жаткан долбоордогу кодекстердин адам укугун коргоо жаатында артыкчылыктуу жактары да бар экенин айтууда.

"Биз эксперттик топтун ишине катыштык. Сунуштарыбызды бердик, айрымдары өттү. Мисалы, мөөнөтү өтүп кеткен кылмыштар боюнча шектүү адамдарга бөгөт чарасы каралбайт, аларга жаза белгиленбейт. Бул бир. Экинчиден, кайсы бир кылмыш ишине шек саналып кармалган адам адвокаттан баш тарта албайт. Анын каалоосунан көз карандысыз түрдө адвокат сөзсүз берилет. Азыркы кодексте адвокаттан баш тарта алат деп турат, мындан адатта күч кызматкерлери пайдаланып келет. Ошондой эле кайсы бир жаранга кылмыш иши козголсо, ага ошол замат маалымат берилет. Кылмыш ишин козгоо түшүнүгү калыбына келтирилгени да жакшы. Кылмыш тууралуу арыз бирдиктүү реестрге катталган соң, үч күн ичинде кылмыш ишин козгойт же андан баш тартат. Учурунда азыр иштеп жаткан кодекстерди иштеп чыккан топко да сунуштарыбызды бергенбиз, бирок өткөн эмес".


Жаңы кодекстерди иштеп чыккан эксперттик топ долбоорду жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке жиберет. Парламент жайкы каникулга тараганча аны талкуулап, үч окуудан кабыл алып берсе, 1-сентябрдан тарта бир нече баскыч менен ишке киргизилмекчи.

Кыргызстанда укуктук-соттук реформа 2012-жылы башталган. Жаңы кодекстер жана мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылы иштей баштаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG