Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

Медиа полиси: Баш мыйзамдагы сөз эркиндиги тууралуу жоболор сакталып калышы керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азыр иштеп жаткан Конституциядагы 31, 33, 20-беренелер сакталып калышы керек. Мындай көз карашын 11-декабрда Бишкекте өткөн «Сөз эркиндиги - Баш мыйзамда» аттуу онлайн дискуссияда Медиа полиси институтунун юристтери билдиришти.

«Бул жоболорсуз Кыргызстанда демократия болбойт, демократия жок жерде сөз эркиндиги болбойт», - деди институттун директору Бегаим Усенова.

Дискуссия учурунда юристтер Баш мыйзамдагы адам укуктарынын сөз эркиндигине байланышкан жогорудагы үч берененин маанисин чечмелеп беришти. Бул беренелер жалпысынан маалымат алуу, таратуу, оюн эркин билдирүү укуктарына кепилдик берет. Юрист Акмат Алагушев айрыкча 33-беренинин төрт жобосу толук сакталып, бешинчи жобосу түзөтүүлөр менен калтырылышы керек дейт. Ал Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн кепилдиктер тууралуу убадаларын көз жазгыруу аракети деп эсептей турганын айтты:

«Бизге цензура болбой турганын айтып жатышат. Бирок эгер 31-берене калтырылбаса, цензура жок деп айтуу туура эмес болуп калат».

Жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы өз эркиндигине байланышкан жоболор буга чейин юристтер менен укук коргоочуларда кооптонуу жаратып, алар цензура кирип жатканын эскертишкен. Соңунан Конституциялык кеңешмеде жоболорго өзгөртүү кирип жатканы кабарланган.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов менен Муратбек Укушев долбоордун 27, 33 жана 51-беренелерине өзгөртүү киргенин, бул сөз эркиндигине кынтыксыз кепилдик берерин айтып жатышат. Алар бул өзгөртүүлөрдү кийинки келген парламент да, президент да алмаштыра албай тургандыгы менен негиздөөгө аракет кылышууда.

Жогорку Кеңеш быйыл 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган. Парламенттеги айрым депутаттар жана жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигин жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сындап, катуу каршылык көрсөткөн. Демилгенин автору, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева сунушталган долбоор Интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан фейктерге каршы багытталганын айткан. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамга вето коюп, Жогорку Кеңешке кайтарган.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG