Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

COVID-19: Бир адам каза болду, 327 бейтап жаңы катталды


Кыргызстандагы лабораториялардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы лабораториялардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 327 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен бир адам каза болду. Бул тууралуу 11-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Каза болгон адам Жалал-Абад облусунда катталды.

Илдет жаңы катталгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына (113) жана Ысык-Көл облусуна (69) туура келет. Чүй облусунда 45, Жалал-Абад облусунда 33 адам. Ош шаарында жана калган облустарда 10-20дан бейтап катталды.

11-декабрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 447 болду.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 76 718 кишиге жукту. Анын 69 341 айыкканы айтылды. Вирустан 1307 адам кайтыш болду.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG