Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

Бозымчак кенинин жумушчулары ишке кайтууну талап кылып Бишкекте митингге чыгышты


«KAZ mineralz Bozymchak» алтын кен компаниясынын жумушчулары Бишкектеги митингде. 11-декабрь, 2020-жыл.
«KAZ mineralz Bozymchak» алтын кен компаниясынын жумушчулары Бишкектеги митингде. 11-декабрь, 2020-жыл.

Ала-Букадагы Бозымчак алтын кенин иштетип жаткан казакстандык «KAZ mineralz Bozymchak» ишканасынын эмгек жамааты өндүрүштү жандандырып, ишке кайтууну талап кылып Бишкекте митингге чыкты. Акциянын катышуучулары Жогорку кеңештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдына топтолуп, бийликтин так жооп беришин өтүнүштү.

Жүздөгөн кызматкелер колунда түрдүү транспаранттарды кармап чыгышты.

Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев акцияга чыккандар менен чыгып жолугуп, ушул дем алыш күндөрү жумушчулар менен жеринде кездешерин айтты. Ал аталган ишкана быйыл жыл аягына чейин ишин кайрадан жандантарына убада берди.

5-6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Eti bakir» компаниясы, Жамгыр алтын кенин иштеткен «Вертекс Голд Компани» ишканасы, Чаарат алтын кенин иштеткен «Chaarat Gold» компаниясы да жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган.

Бозымчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жана ушул эле райондогу Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» компаниясы да өндүрүшүн токтоткон. Алар ишин кайра качан жандантары айтылбай келген.

Тоо-кен металлургия кесиптик бирлиги 4-декабрда билдирүү таратып, Кыргызстанда дээрлик эки айдан бери ишсиз отурган 5 миңге жакын тоо-кенчи жана металлург өкмөттөн ишти улантууга кепилдик күтүп жатканын кабарлаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG