Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

«IV түрк фильмдери жумалыгы – Бишкек» саамалыгы өтөт


4- түрк фильмдеринин жумалыгы.
4- түрк фильмдеринин жумалыгы.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы киноматография департаментинин колдоосу менен «Йерли Дүшүнже» ассоциациясы уюштуруп жаткан «IV түрк фильмдери жумалыгы – Бишкек» саамалыгы 2020 жылдын 18-22-декабрь күндөрү дүйнөнү каптаган COVID-19 себебине байланыштуу Интернет аркылуу онлайн көрсөтүлөт. Бул тууралуу түрк режиссёру Өнер Кылыч кабарлады.

Жумалыкта «Тилсиз», «Кызымдай жыттанып жатасың», «Энем», «Кумурска», «Рафадан Тайфа» (анимациялык) аттуу түрк фильмдери көрсөтүлөт.

2020-жылдын 18-декабрында «IV түрк фильмдери жумалыгы – Бишкек» саамалыгынын гала ачылышы http://www.turkfilmlerihafatsi.com дареги аркылуу кино сүйүүчүлөргө тартууланат.

Эскерте кетсек, аты аталган жумалык Кыргызстандын Бишкек, Ош шаарларында 2017-жылдан баштап өткөрүлүп келет. (MSd)

XS
SM
MD
LG