Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

ЖАМКка коронавируска каршы жабдуулар берилди

Түрмөлөрдүн биринде. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Түрмөлөрдүн биринде. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалпы суммасы 5 млн. 492 миң сомдук медициналык жабдууларды, дезинфекциялоочу жана коргоочу каражаттарды Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка (ЖАМК) «Сорос-Кыргызстан» фонду берди.

Октябрь айында Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор, Акыйкатчы институту жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму чогуу жүргүзгөн иликтөө Кыргызстандагы жабык жайларда пневмониянын симптомдору миңден ашык адамдан байкалганын көрсөткөн. Алар жүргүзгөн иликтөөдө №47 колонияда миңге жакын адам пневмония менен кайрылганы жана алты адам каза болгону жазылган. 22 адам ПЧР тестин тапшырган.

ЖАМК өз дарегине дооматтарды четке кагып, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдеттин алдын алуу боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүп келе жатканын, быйыл жабык мекемелерде өпкөсү кагынып төрт адам, коронавирус инфекциясынан улам эки адам каза болгонун билдирген. (ZKo)

​
XS
SM
MD
LG