Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Келечектин кесибин кантип тандоо керек?


Кесип тандоодо эмнени эске алуу керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:09 0:00

Талкуунун видео версиясын бул жерден көрсөңүз болот.

Кыргызстанда быйыл 60 миңден ашуун окуучу мектептин 11-классын аяктап жатат. Бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайды жана кесипти тандоодо эмнеге көңүл бурушу керек? Келечектин кесиптери кайсылар? Германиядан, Түркиядан жана Түштүк Кореядан кандай үлгү, сабак алсак болот?

Бул суроолорго Германиядагы Макс Планк институтутун изилдөөчүсү Махабат Садырбек, Түркиянын Анкара шаарындагы ТЕД университетинин Электротехника жана электроника кафедрасынын доценти Мирбек Турдуев жана Сеул шаарынан Кореядагы кыргыз диаспорасынын активисти, жеке ишкер Эмилбек Калилов менен чогуу жооп издедик.

- Сиз жашаган өлкөдө кесипти жана жогорку окуу жайды тандоо качан жана эмнеден башталат? Эмнелер эске алынат?

Махабат Садырбек: Германияда кесипти тандоо эрте эле башталат. Бул жерде мектеп программасы башкачарак түзүлгөн. Башкы төрт жылда окуучулар жалпы мектепте окушат. Андан кийин жөндөмүнө жараша үч башка мектепке бөлүнүп кетишет. 12-13 жылдык гимназиялардын бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайына кадимкидей даярданышат.

Махабат Садырбек

"Өспүрүмдөр соңку тенденцияларды эске алып, өз алдынча билим алышы керек. Эгер шарт болсо, онлайн билим алганга көп мүмкүнчүлүк бар. IT, медицина тармагындагы кесиптер менен адамдар ар кайсы жерде иштеп, өздөрүнө жакшы келечек куруп алышса болот. Тилди үйрөнүү керек".

Мектеп учурунда эле окуучуларга кесип тандоого багыт берген программалар бар. Ар кыл мекемелерге барып, экскурсия кылып, практикадан өтө алышат. “Келечекте кандай кесипти аркалагым келет? Мени эмне кызыктырат?” деген суроолорду ошондо эле талкуулап башташат. Бул нерсе системага салынган. Экинчи жагынан ата-энелер да балдары менен ушул нерсени эртерээк талкуулап башташат.

Эмилбек Калилов: Түштүк Кореяда окуучу кайсы бир кесипке кызыктыруу үчүн 5-6 класстан тартып сабактар өтүлө баштайт. Жаңы өзгөчөлүктөр киргизилип жатат. 11-12-класста окуп жаткан окуучулар өздөрү каалаган сабактарын тандап алышса болот. Мисалы инженерия болсо, ага байланыштуу сабактарды окуй башташат. Кесип тандоого байланыштуу сабактар да болот.

Мирбек Турдуев: Түркияда мектептеги билим берүү системасы Кыргызстанга жакыныраак. Математика, химия, тарых, тил деген сыяктуу кадимкидей эле фундаменталдуу сабактарды окушат. Бул жакта мамлекеттик, жеке менчик мектептер жана кесиптик лицейлер бар. Мындай лицейлерде техникалардан баштап, робот системаларын чогултууга чейин үйрөнүшөт. Булар кесипти тандоого канчалык даяр? Өзүмдүн практикамды айтсам, бизге келген мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 90 пайызы кайсы адистикти тандоону билишпейт.

- Дүйнөлүк экономикалык форум билдиргендей, 2025-жылы 97 миллион жаңы жумуш пайда болсо, ал иш орундарына технологияны билген гана адамдар алынышы мүмкүн экен. Алдыңкы он жылдыкты эске алганда кайсы кесиптердин мааниси артып бара жатат?

Махабат Садырбек: Германияда IT тармагынын арышы кеңейип баратат. Андан кийин медицина тармагы да өнүгүп жатат. Ушул эки тармакта эң көп жумуш оруну болушу мүмкүн. Жумушчулар да жетишпейт. Саламаттыкты сактоонун бардык тармактарында жумушчу күчүнө чоң муктаждык болот.

IT тармагында болсо программисттер, маалымат базасы менен иштеген илимпоздор, технологиянын коопсуздугун камсыздаган адистер жана инженер-техниктер абдан керектүү. Германияда автоунаа өндүрүшү абдан жакшы өнүккөн. Экономикасын да ушул тармак аныктап турат. Андыктан өнүгүү канчалык жакшы болсо, ошого жараша жумушчуларга, адистерге суроо талап бар.

Эмилбек Калилов

"Түштүк Кореяда сурамжылоого катышкан окуучулардын көбү мугалим болгусу келерин айтышкан. Бул эмнени билдирет? Бул жакта мугалим болуу абдан престиждүү. Бул билим берүү системасына каражат бөлүнөөрүн, мугалимдердин айлыгы жакшы экенин көрсөтүүдө".

Эмилбек Калилов: Албетте, дүйнөдөгү пандемиянын да таасири бар. Кореяда сурамжылоолорөткөрүлүп жатат. Ага катышкан бүтүрүүчүлөр эң көп медицина, биотехнология жана IT тармагына эң көп кызыгышкан. Азыр компьютердик технологиянын өнүгүшү менен төртүнчү өндүрүштүк революция болуп жатпайбы. Ошого жараша корей мамлекети 2025-жылга чейин 50 миллиард доллардай каражат салып, 1,5 миллион жумуш орунун түзөбүз деп жатат. Азыр окуганым боюнча, IT тармагына байланыштуу 500 миңдей жумушчу жетишпейт экен.

Ошондуктан биздин кыргыз студенттери Кореянын ушул жагына тапшырса болот. Бул жакта жаңы төрөлгөн ымыркайлардын саны төмөн болгондуктан көптөгөн университеттерге студенттер жетишпейт. Кыргызстандан көбүрөөк студенттер келип, көбүрөөк кызыкса, бул жактан жакшы мүмкүнчүлүктөр чыкмак.

Мирбек Турдуев: Жыл өткөн сайын технологиянын өнүгүшү менен жаңы кесиптер пайда болуп жатат. Социалдык тармактардын үстүнө курула турган системаларды, онлайн билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жаңы кесиптер жаралууда.

Акыркы жылдары Түркияда бир тенденция бар. Мисалы, биздин университетте программалоо боюнча өзүнчө факультет ачылды. Мурда программалоону компьютердик инженерия факультетинин алдында үйрөтүшчү. Эми аны өзүнчө бөлүп алып, “келечектин кесиби” деп жаңы бир факультет ачышты. Ошондой эле келечекте киберкоопсуздукка байланыштуу жаңы факультет түптөөнү көздөп турушат. Заманга ылайыкташуу иш-аракети болуп жатат.

Бул жерде бир жагдай бар. IT тармагында бир сертификатка ээ болуп, бир тиркеме жазып чыкса болот. Бирок эгер фундаменталдуу бир билимиң болбосо, инновация, ачылыш жасай албайсың. Ошондуктан фундаменталдуу билим сөзсүз болушу керек.

- Дүйнөдөгү жаңы тенденцияларды эске алганда Кыргызстандын жогорку окуу жайлары, билим берүү системасы замандын талабына төп келген, башкалар менен атаандаша алган адистерди даярдап чыгууга жөндөмдүүбү? Кыргызстандагы студенттер замандын талабына даярбы?

Махабат Садырбек: Тилекке каршы, жок. Биздеги билим берүү системасынын абалы абдан начар. Бул эң чоң көйгөйлөрдүн бири болсо керек. Ал жерде түп-тамырынан бери жакшы реформа жүргүзүлүшү зарыл. Ошого карабастан балдар, өспүрүмдөр соңку тенденцияларды эске алып, өз алдынча билим алышы керек.

Эгер жашоо-шарт мүмкүнчүлүк берсе, онлайн билим алганга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Андыктан биздеги инфраструктурага көз каранды болбой, ар ким өз алдынча билим алса болот. Маалымат технологияларындагы (IT), медицинадагы кесиптер менен адамдар ар кайсы жерде иштеп, өздөрүнө жакшы келечек куруп алышса болот. Тилди үйрөнүү керек.

Мирбек Турдуев

"IT тармагында бир сертификатка ээ болуп, бир тиркеме жазып чыкса болот. Бирок эгер фундаменталдуу бир билимиң болбосо, инновация, ачылыш жасай албайсың. Ошондуктан фундаменталдуу билим сөзсүз болушу керек".

Мирбек Турдуев: Кыргызстандагы эң чоң көйгөй – бул билим берүүнүн түп-тамырынан бери бузулушу. Мектептердеги, университеттердеги мугалимдерибиз ачка отурат. Ачка отурган адам өз ишин эч качан жакшы кыла албайт.

Кыргызстандагы кээ бир, саналуу мектептердин билим берүү системасы абдан жакшы. Себеби ошол мектептерди бүтүрүп келген окуучулар менен сүйлөштүм. Алардын фундаменталдуу билими, математикасы, физикасы абдан күчтүү. Келечекке үмүт бар.

Бирок билим берүү системабызды келечектеги кесиптерге ылайык келгендей кылып өзгөртүшүбүз керек. Мунун баары бир күндө болбойт. Ал үчүн чоң каражат керек. Жаңы өзгөрүүлөрдү алып кете турган мугалимдер, менеджерлер керек.

Эмилбек Калилов: Түштүк Кореяда сурамжылоого катышкан окуучулардын көбү мугалим болгусу келерин айтышкан. Бул эмнени билдирет? Бул жакта мугалим болуу абдан престиждүү. Бул билим берүү системасына каражат бөлүнөөрүн, мугалимдердин айлыгы жакшы экенин көрсөтүүдө. Ошондуктан билим берүү тармагына бөлүнгөн каражатты көбөйтүү керек деп ойлойм.

Кореяда ар бир чоң шаарда билим берүү министри бар. Аларды түз шайлашат. Бул жетекчилер шаардагы мектептерди, жаңы сабактарды киргизүү маселесин көзөмөлдөп турат. Кыргызстанда ошондой жакшы тажрыйбаларды колдонсок жакшы болмок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG