Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:44

Эгемендикти иш билги кадрлар бекемдейт


Сары-Челек көлү. Кыргызстан.

"Эгемендикти эмне бекемдейт?" сынагына Арсланбек Кенжетегиндин жиберген блогун сунуштайбыз.

Кыргызстан быйыл эгемендиктин, көз карандысыздыктын 30 жылдыгын белгилеп олтурат. Бирок ар бирибизде «биз канчалык деңгээлде эгемен, көз карандысыз өлкө боло алдык?» деген жөндүү бир суроо туулат. Дегеним, саясий жана экономикалык жагынан алып караганда тышкы өлкөлөргө көз каранды экенибиз анык да.

Албетте, дүйнөдө бир дагы толук түрдө көз карандысыз өлкө болбогон чыгар. Кайсы бир деңгээлде сөзсүз көз карандылык байкалат. Бирок алардын үчүнчү бир өлкөгө, жада калса бүтүндөй бир дүйнөгө айта турган сөзү, өндүрө турчу оокаты, бербей-албай койчу саясий-экономикалык эрки жана кубаты бар эмеспи. Ал эми бизде айта турган куру сөздөн башка эмнебиз бар? Мунун эң так жана жандуу мисалын ар түрдүү экономикалык кризистерде, коронавирус пандемиясында, чек ара окуяларында мамлекетибиздин чыныгы анык жүзүн көрдүк го.


Потенциал жана приоритет

Мен да куру сөздү айтып, наалый бербей дароо эле өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жана саясий-экономикалык абалын жакшыртууга болгон кыскача жеке талдоо жана сунуштарымды берүүнү эп көрүп турам.

Биринчи кезекте Кыргызстан өзүнүн реалдуу потенциалын жана өнүгүүдөгү негизги приоритеттүү багыттарын аныкташы абзел. Бул эмне дегенди билдирет? Өлкөбүздүн көпчүлүк жараны эмне менен алектенет, кантип, каякка, кимге сатат жана товардын чыныгы баасын аныктап, мамлекет системдүү түрдө иш алып барышы кажет. Белгилүү болгондой өлкөбүздүн көпчүлүк жараны айыл жергесинде болуп, дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен оокат кылып келишкени агрардык өлкө экенбизди айгинелейт.

Ар бир аймактын дыйканчылык жана мал чарбасына ылайыкташкан кыртыштык жана климаттык өзгөчөлүгү болуп, ошого жараша иш башташат. Алсак, түшүм мол бере турган аймактар түрүнө жараша мөмө жана жер-жемиш эгишип, бодо малдын жана кой-эчкинин тукумдуулугуна, чыдамдуулугуна басым жасашат эмеспи. Агрардык өлкө болгон соң бул тармакка өз ишин мыкты өздөштүргөн жана эл аралык тажрыйбасы бар адистердин келиши маселени чечүүгө өбөлгө түзмөкчү. Айрыкча дыйкандарга жеңилдетилген насыя, заманбап агрардык техникалык колдоо жана агартуучулук иштердин болушу максатка ылайык иш болмокчу.

Экинчиден, өлкөбүздөгү жер астындагы жана үстүндөгү кен байлыктарын рационалдуу пайдалана билүү керек. Бул - суу байлыктарыбыз, кен байлыктарыбыз жана табият байлыктарыбыз. Булардын ар бири өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү негизги потенциал жана приоритеттерибиз болуп саналат. Суу – жашоо, жашылдандыруу, электр энергия жана өндүрүшкө карай өктөм жол. Кен байлыктарыбыз да экономиканын негизги бөлүгү, инвестиция тарта турган олуттуу тармак.

Ал эми табиятыбыздын кооздугу Орто Азиядагы туризмдин башаты боло тургандай потенциалга ээ. Мисалга, чакан ГЭСтерди куруу менен элибизди электр энергия менен толук камсыз кылуу жана экспорттоо, кен байлыктарыбызды иштетүү менен инфраструктураны жакшыртуу, завод-фабрика куруу, элди иш менен камсыздап ички-тышкы миграцияны азайтуу жана туризмди өнүктүрүү менен чет элдик туристтерди өлкөгө тартуу маселеси биздин потенциалыбыз жана негизги приоритеттерибиздин бири экенин так, даана аңдоого тийишпиз. Булардын баардыгы экономикалык күч-кубаттуулукту, чыныгы эгемендикти алып келе турган тармактар.

Үчүнчүдөн, билим берүү жана маданият тармагыбызга өзгөчө маани берүү, инсандык ресурсубуздун негизги потенциалы болуп саналат. Билим (IT, так жана табийгый илимдер, техникалык, медициналык, гуманитардык) жана адеп-ахлак (адеп-ахлактагы негизги маани; мекенди сүйүү, мамлекетке зыян келтирбөө, чыныгы патриот болуу, улуттук кызыкчылыкты алдыга коюу) өнүгүүгө карай өрнөктүү жол экени тарыхый чындык.

Себеби, мамлекетибиздин өнүгүшү билимдүү кадрларга көз каранды экени баарыбызга маалым. Бирок бир гана билимдүү болуу маселени кээде чечпей турганын тарыхыбыздан көрүүгө болот. Билим менен кошо адеп-ахлактын болушу кажет жана ал экөө эриш-аркак жүрүшү зарыл. Болбосо биздин мамлекетти талап-тоногон билимдүү жемкорлор, уруулар, алдамчылар, чыккынчылар да жок эмес, абдан көп.

Жандуу өрнөк

Өлкөнүн өнүгүшүнө маанилүү болгон кээ бир факторлорду да эске албай коюуга болбойт. Мисалга өнүгүп келе жаткан Африка өлкөсү Руанданы бергим алалы.

Руанда биз сыяктуу агрардык өлкө болуп саналат жана 12 миллион калкы бар. Өз убагында биздикинен начар абалда болуп, 1990-2000-жылдар арасындагы жарандык согушта миллиондон ашык киши набыт болуп, бир тобу качкынга айланган. Бирок алар кыска убакытта өз жолун таап, өлкөдөгү негизги өнүгүү багыттарын аныктай алышты. Бүгүнкү күндө Руанда тездик менен өнүгүп, эгемендигин бекемдеп жаткан Африка өлкөлөрнүн бири. Руанданын өнүгүшүнө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө 2000-жылдары өлкө башчысы болуп келген Поль Кагаменин салымы зор болгон. Учурда Руандага инвестиция салган белгилүү дүйнөлүк компаниялар, ири мамлекеттерди кездештирүүгө болот.

Албетте, өрнөк катары мындан башка Сингапур, Түштүк Корея же Батыш Европа өлкөлөрүнөн деле берсек болот эле. Бирок бизге ал мамлекеттерге караганда Африка өлкөсү болгон Руанданы өрнөк көргөзүү аң-сезим жана маданий түшүнүк жагынан алып караганда дагы да реалдуу жана жакын деп ойлойм. Болбосо, Европа өлкөлөрү же Американы деле өрнөк көргөзүүгө эмнеге болбосун?

Ал эми Руанданын өнүгүшү боюнча интернеттеги ачык булактардан бир топ маалыматтарды тапса болот (эскертүү: Руанда укмуш өнүгүп кеткен жери жок, дагы деле жумушсуздук, жакырлык жана башка социалдык маселелер абдан көп экенин белгилеп коюш керек. Бирок социалдык, экономикалык, интеллектуалдык жигердүү реформа жүргүзүп, тездик менен өнүгүп келе жатканы да чындык).

Өлкөнүн өнүгүшүнө ички жана тышкы факторлор таасир эткени белгилүү. Ошентсе да бир өлкөгө карата төмөндөгү кээ бир факторлорду белгилөөгө болот:
1. Географиялык жайгашуусу,
2. Саясий туруктуулук,
3. Иш баштоо жана жүргүзүү жеңилдиги, эркиндиги,
4. Мыйзам үстөмдүгү.

Жогорудагы факторлордун бардыгын биздин өлкөнүн терезесинен кароо керек. Азырынча бири да талапка жооп бербейт. Бирок муну иш билги кадрлар чечсе болот жана биздеги реалдуу мүмкүнчүлүктү колдонууга толук шарт бар.

Географиялык жайгашуубуз деле жаман эмес, Кытай өлкөсү жана Орусия өлкөсүнө бир топ товарларыбызды экспорттой алабыз. Кошуна өлкөлөр менен да соода алакабызды жакшыртып, бажыдагы аткезчиликти жана жемкорлукту жойсок, казынага бир топ эле киреше болот эле. Мындайча айтканда, географиялык жайгашуубуздун артыкчылыктарын алдыга чыгарып, алгылыктуу иш кылсак, дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн, компаниялардын Борбор Азиядагы бизнес, финансы, туризм ордосуна айлантуучу мүмкүнчүлүк колубузда экени жомок эмес.

Тилекке каршы, калган үч фактор бүгүнкү күндө терс таасирин тийгизип жатат. Акыркы 15 жылдан бери саясий туруктуулук орнобогону, инвесторлор үчүн ишти баштоо жана жүргүзүүгө Кыргызстан кооптуу өлкө катары таанылып (коңшу өлкөлөргө ооп жатканы да жашыруун эмес), башаламандыктар инвестициялык климатка терс таасирин тийгизүүдө. Ал менен кошо мыйзамдардын да тез-тез толуктоо жана өзгөртүүлөргө дуушар болушу ишкерлерди чоочулатып жатат. Саясий жана укуктук туруксуздук, инвестор үчүн ыңгайсыздык жана кооптонууну жаратып, мындай өлкөгө инвестиция салуу акылсыздык болуп саналат.

Мамлекеттик институттардын алсыздыгы, кадрдык кризис жана мыйзам эмес, түшүнүк менен жашаган элибиз да өлкөбүздү тушап, өлкө мүмкүнчүлүктөрдү толук колдоно албай жатканы да ачык көрүнүш.

Эң негизгиси, элибиздин саясий, маданий, экономикалык, интеллектуалдык жана атуулдук аң-сезиминин өнүгүүсү менен кубаттуу, эркин, эгемен Кыргызстанды куруубузга эч бир күч тоскоол боло албаганы шексиз.

Арсланбек Кенжетегин

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG