Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Эл башына келгендер калыс болсо


"Азаттык" радиосунун Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган онлайн сынагына Гүлзина Искендерова аттуу мекендешибизден келген блогду сунуштайбыз.

Кыргыз мамлекети эгемендик алгандан бери 30 жыл өтсө да, өнүгүүгө бет алып, алдыга умтулууда. Бирок илим менен техниканын гүлдөп өнүккөн заманында, мамлекет өз алдынча завод, фабрика кура албай, ошол себептүү көп жарандарыбыз башка жерден иштөөгө мажбур.

Чырпык бир күндө чынар болбогон сыяктуу эле элибиздин социалдык абалы дароо жакшырбайт жана аң-сезимдин өсүшүнө жылдар керек. Бирок элибизди бийиктикке багыттай турган кээ бир бийлик башындагылар өз көмөчүнө күл тартып, мансап, акчанын артынан түшүп карапайым элге жардамы тиймек турсун, жолтоо болуп келгени айтпаса да белгилүү. Байыгандары чет өлкөгө кетип, өз камын ойлойт.

Күчтүү, өнүккөн мамлекетти түптөө үчүн алгач адамдарды, өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенчилдик сезимге тарбиялообуз кажет.

Мугалим бардык күчүн жумшап окутканы менен ошол эле бийлик башындагылар өзүнүн кызматтык ордунда акылга сыйбаган иштерди жасашы балдарга үлгү болуп, психологиясын өзгөртүп, оңой жол менен акча табууну ойлонуп, жан дүйнө байлыгын унутта калтырышат.

Медалдын оң жана терс тарабы бар сыяктуу, кыргыз элибиздин эртеңин улай турган, бир укум жер үчүн кашык канын аябаган замандаштарыбыз да жок эмес.

Ошондуктан, көптөгөн кан төгүү менен келген эгемендигибизди жоготуп албаш үчүн бир муштумдай түйүлүп, өз ырыбызды ырдабай, биримдиктин ырын ырдоо менен байлыкка жана бийликке чектөө коюп, көзөмөлгө алышса, өзүбүздүү камсыз кылуу, жумуш ордун түзүү үчүн чоң же кичи ишканаларды курса ийгиликтүү болмок. Кандай ажо болсо да туура багытта иш алып барып, калыс болуусу кажет.

Мен агартуу тармагынын кызматкери болгондуктан эгемендигибиздин бекем болуусун ойлоп, бул дүйнө түбөлүктүү эмес экендигин сезген, мекенчил, дүйнө таанымы бийик, билимдүү мыкты жаштарды тарбиялоону максат кылып келем.

Искендерова Гүлзина Дайырбековна

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG