Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2023-жылдар аралыгында жогорку окуу жайлардагы билим берүүнүн "Университет 4.0" аттуу программасын иштеп чыкты.
Программанын максаты – түрдүү изилдөөлөр жана чыгармачыл долбоорлор менен экосистеманы түзүү. Ошондой эле мезгил талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү башкаруунун рационалдуу системасын иштеп чыгуу максаты коюлган.
Жаңы формат профессордук-окутуучулар курамы жана окумуштуулар үчүн таланттарды тандап алуунун, өнүктүрүүнүн жана шыктандыруунун эффективдүү системасын камтыйт.
"Программа таланттуу жаштарды, анын ичинде чет өлкөлүк абитуриенттерди тартууга жана илимий кызматкерлердин жөндөмүн арттырууга багытталган", - деди билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.
Кыргызстанда 50 жогорку окуу жайы бар. Алардын 31и мамлекеттик, 19у жеке менчик. (MiK)