Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:19

Түркияда Кыргызстандын ардактуу консулу коронавирустан көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.

22-майда Кыргызстандын Түркиядагы Кайсери шаарындагы ардактуу консулу Мустафа Курт каза болгону кабарланды. Бул тууралуу маалыматты консулга караштуу «Башкент» платформасы жазды.

Маркум Мустафа Курт 2007-жылы ардактуу консул макамын алган. Ал Түркияда жеке ишкердик менен алектенип, эки өлкөнүн ортосунда инвестиция боюнча иш-чараларды уюштуруп келген.

Мустафа Курт жазуучу жана журналист болчу. Курт маданий иш-чараларды жетектеп, кыргызстандык студенттерге колдоо көрсөтүп келген.

Мустафа Курт коронавирус илдетине чалдыгып, бир канча жумадан бери ооруканада дарыланып жаткан. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG