Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Жол кырсыгына катышкан депутаттын уулунун иши токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) парламент депутаты Иса Өмүркуловдун уулу катышкан жол кырсыгын иликтөөнү токтотту. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсыктан жеңил жараат алган М.Ж. аттуу адам “эч кимге доом жок” деп арыз жазып берген. Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Айдоочуга 22 миң сом айып пул чегерилди.

Милиция 15-майда кечки саат 22:30 чамасында "Порше Пономера" машинесинин айдоочусу Бишкектин Масалиев көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө солго бурулуп жатканда жөө адамдар өтчү жерден 28 жаштагы кызды уруп кеткенин кабарлаган.

Текшерүүлөрдүн натыйжасында айдоочу спирт ичимдигин ичип алганы аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 297-берене ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен сотко чейинки териштирүүгө алынган.

Милиция айдоочу Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов экенин тастыктаган.

Азамат Өмүркулов 2011-жылы үч адамдын өлүмүн алган жол кырсыгына да себепкер болуп, эки жылга шарттуу кесилген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG