Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Ооганстанда экинчи район талибдердин карамагына өттү


Ооган жоокери. 2-май, 2021-жыл.
Ооган жоокери. 2-май, 2021-жыл.

"Талибан" куралдуу кыймылы Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен айыгышкан салгылашуудан кийин Майдан Вардак борбордук провинциясындагы Жалрез районун өз карамагына алды.

Талибдердин маалымат катчысы Забиулла Мужахид 21-майда билдиргендей, район толугу менен кыймылдын жоочуларына өттү.

Жергиликтүү бийлик үч күнгө созулган салгылашуудан кийин өкмөттүн 25 аскери жоочулардын колуна түшүп бергенин, жетөө мерт болуп, айрымдары дайынсыз жоголгонун "Азаттыкка" билдирди.

20-майда Лахман провинциясындагы Давлат Шах районун да талибдер басып алышкан. Орозо айтка байланыштуу Ооганстанда өкмөт менен талибдер үч күнгө ок атышууну токтотууну макулдашкан. Ал мөөнөт аяктары менен 18 провинцияда кагылышуулар уланганын Коргоо министрлиги кабарлады.

Кошмо Штаттардын бийлиги аскерлерин Ооганстандан 1-майдан тартып чыгара баштаган. Планга ылайык, АКШ менен НАТО аскер күчтөрүн быйыл 11-сентябрга чейин чыгарып бүтүшү керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG