Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Мамкаттоону жетектөө милдети Залкарбек Карыбековго жүктөлдү


Залкарбек Карыбеков
Залкарбек Карыбеков

Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруу бул мекеменин башчысынын орун басары Залкарбек Карыбековго жүктөлдү. Тиешелүү жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Буга чейин Мамкаттоону жетектеп келген Акын Мамбеталиев өз арызы менен кызматтан кеткени кабарланды. Ал бул кызматка ушул жылдын февраль айында дайындалган.

Март айында Кыргызстанда жалпы жарандык паспортту (чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт) даярдоодо кризис жаралып, ошол кездеги премьер-министр Улукбек Марипов Мамбеталиевге жана орун басары Тилек Батыркановго сөгүш жарыялаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG