Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Пакистанда жардырууда алты киши набыт кетти


 Чамандагы жардыруу болгон жер. 21-май, 2021-жыл.
Чамандагы жардыруу болгон жер. 21-май, 2021-жыл.

Пакистанда жолдун боюна коюлган бомба жарылып, алты киши набыт болду. Бир нече киши жараат алды.

Өлкөнүн түштүк-батышындагы Балужистан провинциясындагы Чаман шаарында болгон кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти мойнуна алган жок.

Окуя "Жамиат Улема-и-Ислам" партиясынын жергиликтүү лидеринин автоунаасы өтүп бараткан маалда болгон. Абдул Кадир палестиндиктерди коргоо акциясына бараткан.

Белужистандагы коопсуздук күчтөрү он жылдан ашуун козголоңчулар менен күрөшүп келет. Ал жактагы сепаратистер толук автономия же жергиликтүү эл үчүн газ менен минералдык ресурстардын көбүрөөк бөлүнүшүн талап кылып келишет. Аймакта пакистандык талибдер жана башка жоочулар да бар.

21-майда Пакистандын башка аймактарында да миңдеген адамдар палестиндиктерди колдогон акцияга чыкты. Баш калаа Исламбадда депутаттар парламент алдына жүрүшкө чыгышты. Аларга бийликтеги "Техрик-и-Инсааф" партиясынын өкүлдөрү да кошулду. Пакистандын Израил менен дипломатиялык байланышы жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG